Редакцияот 30.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXIX- чакырылыштын 5- (кезектүү) сессиясы

 

2025-жылдын 30-майы № 5/4

 

Жердин багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө

З. Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси К.С. Намазалиевдин Панфилов айылынын Линейная көчөсүндө №5а дарегинде жайгашкан жердин багытын өзгөртүп берүү боюнча маалыматын угуп жана талкулап, Макулова Зулайка Суюнбековнанын арызын негиз кылып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин №12,18-беренелерине ылайык З. Кайназарова атындагы айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Панфилов айылынын Линейная көчөсү №5а дарегинде жайгашкан магазиндин багытын турак-үй багытына өзгөртүлсүн.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө З. Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. К. Жумашалиевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Э.Б. Ибраимов