Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXXV сессиясы
2024-жылдын 26-июну № 35/2
Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын инфраструктурасын жакшыртууда жүргүзүлүп жаткан иштер
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына жана Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылга карата бекитилген иш-планына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын маалыматынын негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын инфраструктурасын жакшыртууда жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндөгү комиссиянын маалыматы эске алынсын.
2. Комиссиянын сунушунун негизинде аткарылган иштер боюнча шаардык кеңешке маалымат берүү Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын директору Х.Курбановго милдеттендирилсин.
3. Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын жалпы инфраструктурасын жакшыртуу боюнча атайын иш-чара иштеп чыгып, аткарылган иштер боюнча шаардык кеңешке маалымат берүү жагы Өзгөн шаарынын мэри З.Каримовго тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Хасанов |