Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXXV сессиясы
2024-жылдын 26-июну № 35/3
Өзгөн жашылдандыруу чарбасы муниципалдык ишканасынын
жүргүзүп жаткан иштери
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына жана Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылга карата бекитилген иш-планына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин “Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын маалыматынын негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн жашылдандыруу чарбасы муниципалдык ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери кетирилген кемчиликтерди эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Өзгөн жашылдандыруу чарбасы муниципалдык ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери боюнча депутаттар тарабынан айтылган сын-пикир, сунуштарды эске алуу жана жол коюлган кемчилдиктерди жоюу боюнча тиешелүү чараларды көрүү Өзгөн шаарынын мэри З.Каримовго тапшырылсын.
3. «Өзгөн жашылдандыруу чарбасы» муниципалдык ишканасынын директору Н.Акматбек уулуна:
- Өзгөн шаарынын социалдык–экономикалык жактан өнүгүү программасындагы иштерди толук жана өз убагында аткаруу;
- көчө тазалоочулардын дислокациясын кайрадан тактап чыгуу;
- шаардын санитардык-гигиеналык абалын жакшыртуу боюнча иш-чара иштеп чыгуу;
- ишкананын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүү;
- көчө тазалоочулардын функционалдык милдеттерин аткарылышын дайыма көзөмөлдөө;
- жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүдө жаңы технологияларды колдонууну жолго коюу;
- ишкананын Уставына ылайык алардын функционалдык милдеттерине кирген иштерди толук аткарууга жетишүү милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Хасанов |