Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXXV сессиясы
2024-жылдын 26-июну № 35/4
Өзгөн шаарындагы А.Темур мектебинин базасында курулган “Айла” бала бакчасынын имаратына кошумча акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Өзгөн шаардык мэриясынын 2024-жылдын 9-апрелиндеги №01-9/355 сандуу катынын жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларынын 2024-жылдын 15-апрелиндеги биргелешкен отурумунун №2 протоколунун негизинде Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Өзгөн шаарындагы А.Темур мектебинин базасында курулган “Айла” бала бакчасынын имаратын курууда сарпталган акча каражатынын айырмасын төлөөнүн каржы булактарын тактоо жагы Өзгөн шаар мэри З.Каримовго милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларынына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Хасанов |