Редакцияот 17.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Миң-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXIX  чакырылышынын IV кезектүү сессиясы

 

2025-жылдын 17-ноябры  №13/76      

 

Миң-Булак айыл аймагында көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондо  жөнүндө

      Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы «Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүнө» №502 токтому жана Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн 13-ноябрь 2025-жылдагы №02.2-4/462 каты боюнча талкулап,  Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXIХ чакырылышынын IV  кезектүү сессиясы токтом кылат:

1.    Миӊ-Булак айыл аймагындагы көрүстөндөргө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө жобосу №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.    Көрүстөндөргө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө келишимдин формасы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

3.    Бул токтомдун аткарылышы  Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдетендирилсин.

 

4.    Ушул  токтом, каттоодон  ɵткɵрүлүп, min-bulak.gov.kg  веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн

 

 

 

 

  Төрага

К. Усупов