Редакцияот 17.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Миң-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXIX  чакырылышынын IV кезектүү сессиясы

 

2025-жылдын 17-ноябры  №13/79      

 

Миӊ-Булак айыл аймагынын Лахол айылындагы К. Исраиловдун жеке менчик жерине трансформатор орнотууга макулдук берүү жөнүндө

 

Күн тартибиндеги маселе боюнча, Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн 03.11.2025-жылдагы №02.2.4/429 каты боюнча Лахол айылынын тургуну Исраилов Кален Эдилкановичтин макулдугу менен там короосунун жанынан 16 чарчы метр жерге трансформатор орнотууга макулдук берүүгө,Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXIХ чакырылышынын IV  кезектүү сессиясы токтом кылат:

1.    Миӊ-Булак айыл аймагынын Лахол айылынын тургуну Исраилов Кален Эдилбековичтин там короо жайынын жанынан 16 чарчы метр жерге көмөкчү чордон (трансформатор) орнотууга макулдук берилсин.

 

2.    Бул токтомдун аткарылышын  Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдетендирилсин.

 

3.    Ушул  токтом, каттоодон  ɵткɵрүлүп, min-bulak.gov.kg  веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн

 

 

 

  Төрага

К. Усупов