Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXXV сессиясы
2024-жылдын 26-июну № 35/6
Өзгөн шаарында “Темир бетон чыгаруучу (ЖБИ)” муниципалдык ишканасын ачуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 65-беренесине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 21-июнундагы отурумунун №5 протоколунун, Өзгөн шаардык мэриясынын 2024-жылдын 20-июнундагы №01-9/697 катынын негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык мэриясынын алдында Өзгөн “Темир бетон чыгаруучу (ЖБИ)” муниципалдык ишканасын мыйзам чегинде ачууга макулдук берилсин.
2. “Өзгөн “Темир бетон чыгаруучу (ЖБИ)” муниципалдык ишканасын ачуу боюнча керектүү иш кагаздарын даярдоо Өзгөн шаардык мэриясына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Хасанов |