Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXXV сессиясы
2024-жылдын 26-июну № 35/8
Ош облусунун өнүктүрүү фондунун эсебинен акча каражатын алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 24-июнундагы №4 отурумунун протоколунун жана Өзгөн шаардык мэриясынын 2024-жылдын 21-июнундагы № 01-9/703 катынын, 2024-жылдын 24-июнундагы № 01-9/714 катынын негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан “Достук” эс алуу паркын реконструкциялоого Ош облусунун өнүктүрүү фондунун эсебинен 10 000,0 миң сом кча каражатын алууга макулдук берилсин.
2. Алынган акча каражатын мыйзамдуу пайдалануу жагы Өзгөн шаардык мэриясына тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Хасанов |