Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXXV сессиясы
2024-жылдын 26-июну № 35/9
Өзгөн шаардык кеңешине бир ТТП кызматкер алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтомуна ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) “Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча” туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 27-майындагы отурумунун №2 протоколунун негизинде Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтомуна ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин аппаратына катчы-иш кагаздарын жүргүзүүчүнүн бир штаттык бирдигин техникалык тейлөө кызматкери катары киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Өзгөн шаардык кеңешинин катчы-иш кагаздарын жүргүзүүчүнүн эмгек акысына жергиликтүү бюджеттин эсебинен ай сайын бир кызматтык маяна өлчөмүндө үстөк кошуп берүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Хасанов |