Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭКОНОМИКА ЖАНА КОММЕРЦИЯ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2026-жылдын 12-январындагы № 1
Коррупциянын келип чыгуу тобокелдигин төмөндөтүү максатында, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 4-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31- майындагы № 293 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар тууралуу” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун жетекчиликке алуу менен, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин (мындан ары – Министрлик) тутумунда коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеси (мындан ары - Тизме) ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, ведомстволук бөлүмдөрүнүн, жана аймактар аралык башкармалыгынын жетекчилери:
1) Тизмеге ылайык коррупциялык тобокелдиктерди жоюу/ минимизациялоо максатында тобокелдиктерди эффективдуу башкаруу боюнча иштерди төмөнкүлөр аркылуу туруктуу негизде жүргүзсүн:
– административдик жол-жоболорду так регламенттөө;
– автоматташтырууну максималдуу түрдө камсыз кылуу жана кызмат адамдарынын жарандар жана уюмдар менен жеке өз ара аракеттенүүсүнүн зарылдыгын жоюу;
– коррупциялык тобокелдикке дуушар болгон бөлүмдөрдүн ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү;
– кызматкерлердин коррупцияга каршы укуктук аң-сезимин жогорулатуу.
2) Министрликтин тутумундагы кызмат адамдарынын коррупциялык укук бузууларды жасоосуна жол бербөө максатында, ички контролду уюштуруу боюнча чараларды төмөнкүлөр аркылуу туруктуу негизде жүргүзсүн:
– киреше, мүлк жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелер жөнүндө маалыматтардын аныктыгын жана толуктугун текшерүү;
– жарандардан жана уюмдардан келип түшкөн даттануулардын жана кайрылуулардын, жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жарыялоолордун талдоосу;
– коррупциялык жүрүм-турум мүмкүнчүлүктөрүн азайтуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
3. Кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо жана коррупциянын келип чыгуу тобокелдигин төмөндөтүү максатында персонал менен иштөө боюнча бөлүму эки жылда бирден кем эмес жолу мамлекеттик кызматчыларды ротациялоонун планын түзсүн.
4. Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ушул буйруктун көчүрмөсүн төмөнкүлөргө жиберсин:
– расмий жарыяланган күндөн тартып үч иш күндүн ичинде эки нускадагы көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн;
– расмий жарыяланган күндөн тартып үч иш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн.
5. Иш кагаздарын жүргүзүү жана аткарылышын контролдоо бөлүмү бул буйрукту министрдин биринчи орун басарына, министрдин орун басарларына, борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, ведомстволук бөлүмдөрүнүн, аймактар аралык башкармалыгынын жетекчилерине жеткирсин.
6. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 01 “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмесин бекитүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
8. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр |
| Б.Т. Сыдыков |