Редакцияот 17.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Миң-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXIX  чакырылышынын IV кезектүү сессиясы

 

2025-жылдын 17-ноябры  №13/82      

 

 

Абдылда ата бала бакчасынын кошумча корпусун көмүр отуну менен камсыздоо жɵнүндɵ

 

 

Миӊ-Булак  айыл аймагына караштуу Эчки-Башы айылындагы Абдылда ата бала бакчасындагы кошумча корпусун көмүр отуну менен камсыздоо үчүн үнөмдөлгөн акча каражатынан жылдырып берүү боюнча Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXIХ чакырылышынын IV  кезектүү сессиясы токтом кылат:

 

1.    Миӊ-Булак  айыл аймагына караштуу Эчки-Башы айылындагы Абдылда ата бала бакчасындагы кошумча корпусун көмүр отуну менен камсыздоо үчүн үнөмдөлгөн акча каражатынан төмөнкү бала бакчалардан жылдырылып   берилсин;

 

Эмгекчил-Келечек бала бакчасынан 35870 (отуз беш миӊсегиз жүз жетимиш ) сом

Ж. Мамбетаипов бала бакчасынан 17800 (он жети миӊ сегиз жүз) сом.

Жалпысы 53670 (элүү үч миӊ алты жуз жетимиш миӊ) сом

 

2.     Бул токтомдун аткарылышын  Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдетендирилсин.

 

3.     Ушул токтом, каттоодон  ɵткɵрүлүп, min-bulak.gov.kg  веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн

 

 

  

  Төрага

К. Усупов