Редакцияот 26.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

Тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-декабрындагы № 838 токтомуна)

Жеке ишкер катары катталган юридикалык жак же жеке жак тарабынан үчүнчү өлкөлөрдөн ташып келинген, чыгарылган күндөн тартып 3 жылдан ашпаган транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоо ЭРЕЖЕЛЕРИ

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Эрежелер жеке ишкер катары катталган юридикалык жак же жеке жак тарабынан үчүнчү өлкөлөрдөн ташып келинген, чыгарылган күндөн тартып 3 жылдан ашпаган транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоодо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык дөңгөлөктүү транспорт каражаттарына карата колдонулуучу милдеттүү талаптарды аныктайт.

2. Ушул Эрежелердин 1-пунктунда көрсөтүлгөн дөңгөлөктүү транспорт каражаттарына карата ББ ТР 018/2011 "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинде каралган шайкештикти баалоо жөнүндө документтерди тариздөөгө жол берилбейт.

Ушул Эрежелер эксплуатациялоодогу дөңгөлөктүү транспорт каражаттарына колдонулбайт.

3. Ушул Эрежелердин максаттары үчүн төмөнкүдөй терминдер колдонулат:

аккредитацияланган контролдоо органы (лаборатория) - жумуштарды жүргүзүүгө жана транспорт каражаттарынын конструкциясынын коопсуздугу күбөлүгүн берүүгө Кыргыз Республикасынын улуттук аккредитациялоо системасында аккредитацияланган жана Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоо боюнча органдарынын бирдиктүү реестринин улуттук бөлүгүнө киргизилген контролдоо органы (лаборатория);

сейрек учуроочу транспорт каражаты - жеке ишкер катары катталган юридикалык жак же жеке жак тарабынан үчүнчү өлкөлөрдөн ташып келинген, чыгарылган күндөн тартып 3 жылдан ашпаган транспорт каражаты;

корутунду - чыгарылган күндөн тартып 3 жылдан ашпаган, жүгүртүүгө чыгарылган транспорт каражаттарынын техникалык талаптарга шайкештигин күбөлөндүргөн, сейрек учуроочу транспорт каражатын баалоо жөнүндө документ.

4. Сейрек учуроочу транспорт каражаттары ушул Эрежелердин 1-тиркемесинде берилген талаптарга шайкеш келген шартта Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө чыгарылат жана эксплуатациялоодо болууга укуктуу, ал ушул Эрежелердин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча сейрек учуроочу транспорт каражатын баалоо жөнүндө корутунду менен ырасталат.

5. Транспорт каражатынын тибин, шассинин тибин жана (же) сейрек учуроочу транспорт каражатын баалоо жөнүндө корутундуларды тариздөө аккредитациялоо боюнча улуттук орган тарабынан берилген бланктарда же ушул Эрежелердин 2-тиркемесине ылайык ушул Эрежелерге шайкештикти күбөлөндүргөн документтердин номерлеринин түзүмүнө ылайык номерлерди ыйгаруу менен электрондук түрдө жүргүзүлөт.

6. Берилген корутундуларды эсепке алуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору тарабынан жүргүзүлөт.

2. Сейрек учуроочу транспорт каражатынын шайкештигин баалоо тартиби

7. Сейрек учуроочу транспорт каражаттарын жүгүртүүгө чыгаруунун алдында техникалык талаптарды аткарууну текшерүү аккредитацияланган контролдоо органы тарабынан сейрек учуроочу транспорт каражатынын конструкциясынын техникалык экспертизасы формасында жүргүзүлөт.

8. Комплекттелген сейрек учуроочу транспорт каражаттары гана текшерилет. Сейрек учуроочу транспорт каражатынын шайкештигин баалоо төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:

1) өтүнмө ээси аккредитацияланган контролдоо органына төмөнкү документтерди тиркөө менен өтүнмө берет:

- өтүнмө ээсинин ким экендигин күбөлөндүргөн документ;

- транспорт каражатына ээлик кылуу же пайдалануу жана (же) тескөө укугун ырастаган документ;

- транспорт каражатын баалоо жөнүндө корутундуну тариздөө үчүн транспорт каражатынын жетиштүү көлөмдөгү жалпы техникалык сыпаттамасы;

- товар коштоочу документтер;

2) аккредитацияланган контролдоо органы:

- өтүнмө келип түшкөн күндөн тартып эки жумуш күндүн ичинде сейрек учуроочу транспорт каражатын идентификациялоону жүргүзөт;

- сейрек учуроочу транспорт каражатынын ушул Эрежелердин 1-тиркемесинде белгиленген талаптарга шайкештигин баалайт;

- сейрек учуроочу транспорт каражатынын техникалык экспертизасынын протоколун даярдайт;

- сейрек учуроочу транспорт каражатынын шайкештигин баалоонун оң натыйжалары болсо, бир күндүн ичинде ушул Эрежелердин 2 жана 3-тиркемелерине ылайык сейрек учуроочу транспорт каражатын баалоо жөнүндө корутундуну тариздейт, ага каттоо номерин ыйгарат, шайкештикти баалоо жөнүндө берилген корутундулардын реестринде каттайт жана аны өтүнмө ээсине берет;

- сейрек учуроочу транспорт каражатынын шайкештигин баалоонун терс натыйжалары болсо, баш тартууну тариздейт жана бир күндүн ичинде баш тартуунун себебин көрсөтүү менен өтүнмө ээсине расмий кат менен жиберет;

- техникалык талаптардын аткарылышын текшерүүгө тиешелүү документтерди 5 жылдан кем эмес сактайт.

 

 

 

Жеке ишкер катары катталган юридикалык жак же жеке жак тарабынан үчүнчү өлкөлөрдөн ташып келинген, чыгарылган күндөн тартып 3 жылдан ашпаган транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоо эрежелерине 1-тиркеме

Жеке ишкер катары катталган юридикалык жак же жеке жак тарабынан үчүнчү өлкөлөрдөн ташып келинген, чыгарылган күндөн тартып 3 жылдан ашпаган транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоо эрежелери колдонулуучу техникалык жөнгө салуу объекттеринин ТИЗМЕГИ

1-глава. Транспорт каражаттары

§ 1. Транспорт каражаттарын категориялар боюнча классификациялоо

1. 1-таблицада транспорт каражаттарын техникалык жөнгө салуу объекттеринин L, M, N жана O категориялары боюнча классификациясы келтирилип, алардын негизги техникалык мүнөздөмөлөрү жана эскертүүлөрү көрсөтүлгөн:

 

1-таблица

№

Техникалык жөнгө салуу объекттери

1

L категориясы - мототранспорт каражаттары, анын ичинде:

1)

Мопеддер, мотовелосипеддер, мокиктер, анын ичинде: L1 категориясы - эки дөңгөлөктүү транспорт каражаттары, алардын максималдуу конструкциялык ылдамдыгы 50 км/сааттан ашпайт жана төмөнкүдөй мүнөздөмөлөргө ээ:

- ички күйүүчү кыймылдаткычы болгон учурда - кыймылдаткычтын жумуш көлөмү 50 см3 ашпаган же;

- электр кыймылдаткычы болгон учурда - узакка созулган жүктөм режиминдеги номиналдык максималдуу кубаттуулугу 4 кВт ашпаган.

L2 категориясы - дөңгөлөктөрүнүн ар кандай жайгашуусу менен, максималдуу конструкциялык ылдамдыгы 50 км/сааттан ашпаган жана төмөнкүдөй мүнөздөмөлөргө ээ үч дөңгөлөктүү транспорт каражаттары:

- мажбурлап күйгүзүүчү ички күйүүчү кыймылдаткычы болгон учурда - кыймылдаткычтын жумуш көлөмү 50 см3 ашпаган же;

- башка типтеги ички күйүүчү кыймылдаткычы болгон учурда - максималдуу натыйжалуу кубаттуулугу 4 кВт ашпаган же;

- электр кыймылдаткычы болгон учурда - узакка созулган жүктөм режиминдеги номиналдык максималдуу кубаттуулугу 4 кВт ашпаган

2)

Мотоциклдер, мотороллерлер, трициклдер, анын ичинде: L3 категориясы - кыймылдаткычтын жумуш көлөмү 50 см3 ашкан (ички күйүүчү кыймылдаткычы болгон учурда) (же) максималдуу конструкциялык ылдамдыгы (кандай гана кыймылдаткыч болбосун) 50 км/сааттан ашкан эки дөңгөлөктүү транспорт каражаттары.

L4 категориясы - ортонку узунунан кеткен тегиздикке карата асимметриялуу дөңгөлөктөрү бар, кыймылдаткычтын жумуш көлөмү 50 см3 ашкан (ички күйүүчү кыймылдаткычы болгон учурда) жана (же) максималдуу конструкциялык ылдамдыгы (кандай гана кыймылдаткыч болбосун) 50 км/сааттан ашкан үч дөңгөлөктүү транспорт каражаттары.

L5 категориясы - транспорт каражатынын ортонку узунунан кеткен тегиздигине карата симметриялуу дөңгөлөктөрү бар, кыймылдаткычтын жумуш көлөмү 50 см3 ашкан (ички күйүүчү кыймылдаткычы болгон учурда) жана (же) максималдуу конструкциялык ылдамдыгы (кандай гана кыймылдаткыч болбосун) 50 км/сааттан ашкан үч дөңгөлөктүү транспорт каражаттары.

Эгерде бир октогу дөңгөлөктөрдүн жерге тийген бетинин тийишкен жерлеринин борборлорунун ортосундагы аралык 460 ммден аз болсо, мындай транспорт каражаттары L3 категориясына кирет

3)

Квадрициклдер, анын ичинде:

L6 категориясы - жүктөмсүз салмагы аккумуляторлордун салмагын эсепке албаганда (электр транспорт каражаты болгон учурда) 350 кг ашпаган, максималдуу конструкциялык ылдамдыгы 50 км/сааттан ашпаган жана төмөнкүдөй мүнөздөмөлөргө ээ болгон төрт дөңгөлөктүү транспорт каражаттары:

- мажбурлап күйгүзүүчү ички күйүүчү кыймылдаткычы болгон учурда - кыймылдаткычтын жумуш көлөмү 50 см3 ашпаган, же;

- башка типтеги ички күйүүчү кыймылдаткычы болгон учурда - кыймылдаткычтын максималдуу натыйжалуу кубаттуулугу 4 кВт ашпаган же;

- электр кыймылдаткычы болгон учурда - узакка созулган жүктөм режиминдеги номиналдык максималдуу кубаттуулугу 4 кВт ашпаган.

L7 категориясы - L6 категориясындагы транспорт каражаттарынан башка, жүктөмсүз салмагы 400 кг ашпаган (жүк ташуу үчүн арналган транспорт каражаттары үчүн 550 кг), аккумуляторлордун салмагын эсепке албаганда (электр транспорт каражаты болгон учурда) жана кыймылдаткычтын максималдуу натыйжалуу кубаттуулугу 15 кВт ашпаган төрт дөңгөлөктүү транспорт каражаттары

2

M категориясы - төрттөн кем эмес дөңгөлөгү бар жана жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн колдонулган транспорт каражаттары

1)

M1 категориясы - айдоочунун ордунан тышкары сегизден ашык эмес отургучу бар, жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн колдонулган транспорт каражаттары - жеңил автомобилдер

2)

Автобустар, троллейбустар, жүргүнчүлөрдү ташуучу адистештирилген транспорт каражаттары жана алардын шассилери, анын ичинде:

M2 категориясы - айдоочунун ордунан тышкары сегизден ашык отургучу бар, техникалык жол берилген максималдуу салмагы 5 тоннадан ашпаган, жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн колдонулган транспорт каражаттары.

M3 категориясы - айдоочунун ордунан тышкары сегизден ашык отургучу бар, техникалык жол берилген максималдуу салмагы 5 тоннадан ашкан, жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн колдонулган транспорт каражаттары

3)

Сыйымдуулугу айдоочудан тышкары 22 жүргүнчүдөн ашпаган M2 жана M3 категорияларындагы транспорт каражаттары турган жана отурган жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган А класска жана отурган жүргүнчүлөрдү гана ташуу үчүн арналган B класска бөлүнөт.

Сыйымдуулугу айдоочудан тышкары 22 жүргүнчүдөн ашкан М2 жана М3 категорияларындагы транспорт каражаттары турган жүргүнчүлөр үчүн бөлүнгөн аянты бар I класска жана жүргүнчүлөрдүн тез алмашуусун камсыз кылуучу, көбүнчө отурган жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган жана өтмөктө жана (же) эки орундуу жүргүнчү отургучунун аянтынан ашпаган аянтта турган жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн мүмкүнчүлүгү бар II класска жана отурган гана жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган III класска бөлүнөт

3

N категориясы - жүк ташуу үчүн колдонулган транспорт каражаттары - жүк ташуучу автомобилдер жана алардын шассилери, анын ичинде:

N1 категориясы - техникалык жол берилген максималдуу салмагы 3,5 тоннадан ашпаган, жүк ташуу үчүн арналган транспорт каражаттары.

N2 категориясы - техникалык жол берилген максималдуу салмагы 3,5 тоннадан ашык, бирок 12 тоннадан ашпаган, жүк ташуу үчүн арналган транспорт каражаттары.

N3 категориясы - техникалык жол берилген максималдуу салмагы 12 тоннадан ашкан, жүк ташуу үчүн арналган транспорт каражаттары

4

O категориясы - L, M, N категорияларындагы транспорт каражаттарына чиркегичтер (жарым чиркегичтер), анын ичинде: (АСМАПтын сын-пикири).

O1 категориясы - техникалык жол берилген максималдуу салмагы 0,75 тоннадан ашпаган чиркегичтер.

O2 категориясы - техникалык жол берилген максималдуу салмагы 0,75 тоннадан ашкан, бирок 3,5 тоннадан ашпаган чиркегичтер.

O3 категориясы - техникалык жол берилген максималдуу салмагы 3,5 тоннадан ашкан, бирок 10 тоннадан ашпаган чиркегичтер.

O4 категориясы - техникалык жол берилген максималдуу салмагы 10 тоннадан ашкан чиркегичтер

Эскертүүлөр:

Айдоочунун ордун кошпогондо, сегизден ашпаган отургучу бар, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу үчүн арналган транспорт каражаты төмөнкү категорияларга кирет:

M1, эгерде конструкцияда каралган жүргүнчүлөрдүн санынын бир жүргүнчүнүн шарттуу салмагына (68 кг) көбөйтүндүсү жүргүнчүлөр менен бир убакта ташылуучу жүктүн эсептик салмагынан ашса;

N, эгерде бул шарт аткарылбаса.

Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу үчүн арналган, айдоочунун ордунан тышкары сегизден ашык отургучу бар транспорт каражаты М категориясына кирет.

Жарым чиркегичтер жана борбордо жайгашкан огу (октору) бар чиркегичтер үчүн техникалык жол берилген максималдуу салмак катары сүйрөгүч менен чиркелген, максималдуу жүктөлгөн жарым чиркегичтин жана борбордо жайгашкан огу (октору) бар чиркегичтин огу же октору аркылуу жерге берилүүчү статикалык вертикалдык жүктөм кабыл алынат.

Ушул тиркеменин 1-пунктунун максаттары үчүн атайын транспорт каражаттарындагы жабдуулар жана орнотмолор (автокрандар, жумуш платформалары бар көтөргүчтөр менен жабдылган транспорт каражаттары, автоэвакуаторлор ж.б.) жүктөргө теңештирилет.

§ 2. Жогорку ылдамдыктагы транспорт каражаттары (G категориясы)

2. M жана N категорияларындагы транспорт каражаттары эгер алар төмөнкү талаптарды канааттандырса жогорку ылдамдыктагы транспорт каражаттарына (G категориясы) киргизилиши мүмкүн:

1) N1 категориясындагы, техникалык жол берилген максималдуу салмагы 2 тоннадан ашпаган транспорт каражаттары, ошондой эле M1 категориясындагы транспорт каражаттары жогорку ылдамдыктагы транспорт каражаттары деп эсептелет, эгерде аларда төмөнкүлөр болсо:

- жок дегенде бир алдынкы жана бир арткы огу, алардын конструкциясы бир эле учурда алардын иштөөсүн камсыз кылган, анын ичинде бир октун иштөөсү өчүрүлө турган транспорт каражаттары;

- жок дегенде дифференциалды бөгөттөөчү бир механизми же окшош аракеттеги бир механизми;

- эгерде алар (сейрек учуроочу транспорт каражаты болгон учурда) 30%га көтөрө алса;

- алар төмөнкүдөй алты талаптын жок дегенде бешөөнү канааттандырууга тийиш:

- кирүү бурчу 25° кем эмес болууга тийиш;

- чыгуу бурчу 20° кем эмес болууга тийиш;

- узунунан өтүү бурчу 20°тан кем эмес болууга тийиш;

- алдынкы октун астындагы жерден бийиктик 180 мм кем эмес болууга тийиш;

- арткы октун астындагы жерден бийиктик 180 мм кем эмес болууга тийиш;

- октор аралык жерден бийиктик 200 мм кем эмес болууга тийиш.

2) Техникалык жол берилген максималдуу салмагы 2 тоннадан ашкан N1 категориясындагы транспорт каражаттары же техникалык жол берилген максималдуу салмагы 12 тоннадан ашпаган N2, M2 же M3 категорияларындагы транспорт каражаттары, эгерде алардын конструкциясы бардык дөңгөлөктөрдүн бир убакта иштөөсүн камсыз кылса, анын ичинде бир огунун иштөөсү өчүрүлө турган транспорт каражаттары же болбосо алар төмөнкү талаптарды канааттандырса жогорку ылдамдыктагы транспорт каражаттары деп эсептелет:

- кеминде бир алдынкы жана бир арткы огу бир убакта иштесе, анын ичинде бир огунун иштөөсү өчүрүлө турган транспорт каражаттары да кирет;

- кеминде дифференциалды бөгөттөөчү бир механизми же окшош аракеттеги бир механизми бар;

- транспорт каражаттары (сейрек учуроочу транспорт каражаты болгон учурда) 25% көтөрө алса.

3) Техникалык жол берилген максималдуу салмагы 12 тоннадан ашкан M3 категориясындагы транспорт каражаттары жана N3 категориясындагы транспорт каражаттары (сүйрөгүчтөрдү кошпогондо) бардык дөңгөлөктөрү бир убакта иштеген, анын ичинде бир огунун иштөөсү өчүрүлө турган транспорт каражаттары же болбосо эгер төмөнкү талаптар сакталса жогорку ылдамдыктагы транспорт каражаттары деп эсептелет:

- кеминде октордун жарымы иштесе;

- кеминде дифференциалды бөгөттөөчү бир механизми же окшош аракеттеги бир механизми бар;

- транспорт каражаттары (сейрек учуроочу транспорт каражаты болгон учурда) 25% көтөрө алса;

- төмөнкүдөй алты талаптын кеминде төртөө аткарылса:

- кирүү бурчу 25° кем эмес болууга тийиш;

- чыгуу бурчу 25° кем эмес болууга тийиш;

- узунунан өтүү бурчу 25° кем эмес болууга тийиш;

- алдынкы октун астындагы жерден бийиктик 250 мм кем эмес болууга тийиш;

- октор аралык жерден бийиктик 300 мм кем эмес болууга тийиш;

- арткы октун астындагы жерден бийиктик 250 мм кем эмес болууга тийиш.

3. G категориясындагы транспорт каражаттарынын базасында (шассисинде) жасалган атайын жана адистештирилген транспорт каражаттары, эгерде алар жогорудагы 2-пункттун талаптарын канааттандырса G категориясына кирет.

4. Жогорку ылдамдыктагы транспорт каражаттарынын категориясын белгилөөдө G тамгасы M же N тамгалары менен айкалыштырылууга тийиш (мисалы, N1G).

Эскертүүлөр:

Транспорт каражаттарын G категориясына киргизүү максатында текшерүүлөрдү жүргүзүүдө, техникалык жол берилген максималдуу салмагы 2 тоннадан ашпаган N1 категориясындагы транспорт каражаттары жана M1 категориясындагы транспорт каражаттары жүгү бар абалда болууга тийиш, башкача айтканда муздатуучу суюктук, майлоочу май, отун куюлууга, инструмент жана запас дөңгөлөк менен комплекттелүүгө, ошондой эле айдоочунун 75 кг барабар кабыл алынган стандарттык салмагы эске алынууга тийиш. Калган транспорт каражаттары өндүрүүчү тарабынан белгиленген техникалык жол берилген максималдуу салмакка чейин жүктөлүүгө тийиш.

Транспорт каражатынын белгиленген маанидеги (25% же 30%) көтөрүү жөндөмдүүлүгү эсептөө методу менен ырасталат; бирок техникалык кызматтар чыныгы сыноодон өткөрүү үчүн тиешелүү типтеги транспорт каражатын талап кылышы мүмкүн.

Кирүү бурчун жана чыгуу бурчун, ошондой эле узунунан өтүү бурчун өлчөөдө коргоочу түзүлүштөр эске алынбайт.

Кирүү бурчуна жана чыгуу бурчуна, ошондой эле узунунан өтүү бурчуна жана жерден бийиктикке тиешелүү төмөнкү аныктамалар колдонулат:

- кирүү бурчу - ИСО 612 стандарты боюнча, 6.10-пункт (1-сүрөттү караңыз);

- чыгуу бурчу - ИСО 612 стандарты боюнча, 6.11-пункт (2-сүрөттү караңыз);

- узунунан өтүү бурчу - ИСО 612 стандарты боюнча, 6.9-пункт (3-сүрөттү караңыз);

- октор аралык жерден бийиктик - таяныч тегиздиги менен транспорт каражатынын катуу элементинде жайгашкан эң төмөнкү чекитинин ортосундагы эң кыска аралык. Көп октуу арабалар бир ок катары каралат (4-сүрөттү караңыз);

- бир октун астындагы жерден бийиктик - бир октун шиналарынын тийүү чекиттеринин борборлору аркылуу өтүүчү (кош шиналар болгон учурда - октун ички дөңгөлөктөрүнүн шиналары) жана дөңгөлөктөрдүн ортосунда катуу бекитилген транспорт каражатынын эң төмөнкү чекитине тийүүчү айлананын жаасынын жогорку чекити менен таяныч тегиздигинин ортосундагы аралык (5-сүрөттү караңыз). Транспорт каражатынын бир дагы катуу бөлүгү толугу менен же жарым-жартылай штрихтелген аймакта болбоого тийиш (5-сүрөттү караңыз).

1-сүрөт. Кирүү бурчу

2-сүрөт. Чыгуу бурчу

3-сүрөт. Узунунан өтүү бурчу

4-сүрөт. Октор аралык жерден бийиктик

5-сүрөт. Бир октун астындагы жерден бийиктик

§ 3. Коопсуздуктун кошумча талаптары коюлган атайын жана адистештирилген транспорт каражаттары

5. 2-таблицада транспорт каражаттарын техникалык жөнгө салуунун адистештирилген объекттеринин жана алардын түрлөрүнүн тизмеси келтирилген:

 

2-таблица

№

Техникалык жөнгө салуу объекттери

1

Автобетон насостор

2

Автобетон аралаштыргычтар

3

Автогудронаторлор

4

Манипулятор крандар менен жабдылган автокрандар жана транспорт каражаттары

5

Авто токой ташыгычтар

6

Медициналык тез жардам автомобилдери

7

Автосамосвалдар жана чиркегичтер (жарым чиркегичтер) - самосвалдар

8

Автоцемент ташуучулар

9

Автоэвакуаторлор

10

Транспорт каражаттарынын шассисиндеги медициналык комплекстер

11

Өрт өчүрүүчү автомобилдер

12

Авариялык-куткаруу кызматтары жана милиция (полиция) үчүн транспорт каражаттары

13

Коммуналдык чарба жана жолдорду күтүү үчүн транспорт каражаттары

14

Мунай жана газ скважиналарын тейлөө үчүн транспорт каражаттары

15

Акчалай кирешелерди жана баалуу жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттары

16

6 жаштан 16 жашка чейинки балдарды ташуу үчүн транспорт каражаттары

17

Таратуучу чиркегичти пайдалануу менен жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттары

18

Мунай продуктуларын ташуу үчүн транспорт каражаттары

19

Тамак-аш суюктуктарын ташуу үчүн транспорт каражаттары

20

Суюлтулган көмүрсуутек газын 1,8 Мпа чейинки басымда ташуу үчүн транспорт каражаттары

21

Камакка алынган адамдарды ташуу үчүн ыкчам-кызматтык транспорт каражаттары

22

Жумуш платформалары бар көтөргүчтөр менен жабдылган транспорт каражаттары

23

Тамак-аш продуктуларын ташуу үчүн транспорт каражаттары-фургондор

§ 4. M, N жана L категорияларындагы транспорт каражаттарынын бөлүмү. Чыгарууларга карата талаптар

6. Транспорт каражаттары жана ички күйүүчү кыймылдаткычтар үчүн белгиленген чыгаруу деңгээлдерин аткарууну камсыз кылуучу чыгаруу деңгээлдери жана талаптар:

Транспорт каражаттарынын категориялары жана комплектациясы

Кыймылдаткычтын тиштүү валынын айлануу жыштыгы

СО (көлөмдүк үлүш), пайыз

СН (көлөмдүк үлүш), млн.-1

M жана N, иштелип чыккан газдарды нейтралдаштыруу системалары менен жабдылбаган

минималдуу

3,5

1200

жогорулатылган

2,0

600

M жана N, экологиялык 2-класстагы жана андан төмөн, иштелип чыккан газдарды нейтралдаштыруу системалары менен жабдылган

минималдуу

0,5

200

жогорулатылган

0,3

200

M жана N, экологиялык 3-класстагы жана андан жогору, иштелип чыккан газдарды нейтралдаштыруу системалары менен жабдылган

минималдуу

0,3

-

жогорулатылган

0,2

-

L, иштелип чыккан газдарды нейтралдаштыруу системалары менен жабдылбаган

минималдуу

4,5

-

2-глава. Жүгүртүүгө чыгарылган сейрек учуроочу транспорт каражаттарына карата талаптар

§ 1. Уруксатсыз пайдаланууну алдын алуу үчүн түзүлүштөргө (уурдоого каршы түзүлүштөр) карата талаптар

7. M, N , L6 жана L7 категорияларындагы транспорт каражаттары туруктуу негизде уурдоого каршы түзүлүштөр - кадимки каражаттар менен кыймылдаткычты уруксатсыз иштетүүнүн же транспорт каражатынын негизги кыймылдаткычынын башка энергия булагын колдонуунун алдын алуу үчүн кеминде бир система менен айкалыштагы системалар менен жабдылат, алар төмөнкүлөр:

1) рулду башкарууну бөгөттөйт;

2) өткөрүү механизмин бөгөттөйт же;

3) ылдамдыкты которуу механизмин бөгөттөйт.

8. Уурдоого каршы түзүлүш төмөнкүлөр үчүн аны өчүрүү зарыл болгондой конструкцияланууга тийиш:

1) кадимки иштетүүнүн жардамы менен кыймылдаткычты иштетүү;

2) транспорт каражатын башкаруу, транспорт каражатын айдоо же өзүнүн тартуу күчү менен алдыга жылдыруу.

9. 8-пункттун 1-пунктчасынын талаптарын аткаруу бир ачкыч менен аткарылуучу бир операция аркылуу камсыз кылынууга тийиш.

10. Уруксатсыз колдонууну алдын алуу үчүн түзүлүштү иштетүү жана/же өчүрүү үчүн гана серво-иштетүүнү колдонууга болот. Бул түзүлүштүн иши электр энергиясын талап кылбаган каалаган ылайыктуу каражаттын жардамы менен камсыз кылынууга тийиш.

11. Рулду башкарууга таасир этүүчү уурдоого каршы түзүлүш рулду башкарууну бөгөттөөгө тийиш. Кыймылдаткычты иштетүүдөн мурда рулду башкаруу толук көлөмдө калыбына келтирилүүгө тийиш.

12. Трансмиссиянын иштөөсүнө таасир этүүчү уурдоого каршы түзүлүш транспорт каражатынын алдынкы дөңгөлөктөрүнүн айлануусуна тоскоол болууга тийиш.

13. Ылдамдыкты которуу механизмине таасир этүүчү уурдоого каршы түзүлүш төмөнкү абалдарда ылдамдыкты которууга тоскоол болууга тийиш.

1) "токтоо" абалы каралган ылдамдыкты которуунун автоматтык коробкаларында "токтоо" абалында гана бөгөттөлүүгө тийиш; нейтралдуу абалда жана (же) артка жүрүү абалында кошумча бөгөттөөгө жол берилет;

2) "токтоо" абалы каралбаган ылдамдыкты которуунун автоматтык коробкаларында нейтралдуу абалда жана (же) артка жүрүү абалында гана бөгөттөөгө жол берилүүгө тийиш.

14. Уурдоого каршы түзүлүштөр транспорт кыймылда болгон мезгилде кокустан бөгөттөлбөгүдөй болууга тийиш.

15. Транспорт каражатын тормоздон бошотууга тоскоол болгон уурдоого каршы түзүлүштөргө жол берилбейт.

Эскертүү: Ушул тиркеменин терминологиясы БУУнун № 10-12, 14, 16-18, 21, 26, 34, 39, 46, 48, 58, 73 жана 107 эрежелерине шайкеш келет.

§ 2. Жылытуу системаларына карата талаптар

16. Ар бир транспорт каражаты турган жер жылытуу системасы менен жабдылат.

17. Кыймылдаткычтан автономдуу жылытуу системасы автоматтык түрдө өчүрүлүүгө тийиш жана транспорт каражатынын кыймылдаткычы ишин токтоткондон кийин беш секунддун ичинде отун берүү токтотулууга тийиш. Эгерде ага чейин кол менен башкаруучу түзүлүш иштетилсе, анда жылытуу системасы иштөөсүн улантышы мүмкүн.

18. Кузовдун бөлүктөрү жана жылытуучу прибордун, транспорт каражатынын ичине жылуу аба берүү системаларынын жанында жайгашкан башка элементтер аларга тийгенде жаракат албагыдай же мүлккө зыян келтирбегидей жайгаштырылууга же ашыкча ысып кетүүдөн жана отун же май менен булгануудан корголууга тийиш.

19. Жылытуунун иштелип чыккан газдарды чыгаруу системасынын түтүн чыгуучу түтүгү транспорт каражатынын ичине желдеткичтер, жылытуу системасынын аба тарткычтары же ачык терезелер аркылуу чыккан газ кирбегидей жайгаштырылууга тийиш.

20. Жылытуучу прибордун күйүү камерасы үчүн аба транспорт каражатынын жүргүнчүлөр салонунан келбөөгө тийиш.

21. Жылытуучу прибор менен ысытылган аба транспорт каражатынын кыймылдаткычы же отун менен иштеген жылытуучу прибор бөлүп чыгарган, иштелип чыккан газ менен булгануу ыктымалдыгы жок таза зонадан келүүгө тийиш.

§ 3. Жарык берүү жана жарык сигнализациясы түзүлүштөрүнө карата талаптар

22. Жарык берүү жана жарык сигнализациясы түзүлүштөрү иштөөгө жөндөмдүү болууга жана алардын иштөө режими ушул талаптарга шайкеш келүүгө тийиш. M, N, O жана L категориясындагы транспорт каражаттарында жарык берүү жана жарык сигнализациясы түзүлүштөрүн колдонуу 3-таблица менен регламенттелет.

 

3-таблица

Тышкы жарык берүү приборлорунун аталышы

Нурлануу түсү

Транспорт каражатындагы приборлордун саны

Категорияларга жараша транспорт каражатында приборлордун болушу

Алыскы жарык фарасы

Ак

2 же 4

M, N категориялары үчүн милдеттүү

1 же 2

L категориясы үчүн милдеттүү

 

O категориясы үчүн тыюу салынган

Жакынкы жарык фарасы

Ак

2

M, N категориялары үчүн милдеттүү

1 же 2

L3, L4, L5, L7 категориялары үчүн милдеттүү

 

O категориясы үчүн тыюу салынган

Туманга каршы алдынкы фара

Ак же сары

2

M, N категориялары үчүн ыктыярдуу

1 же 2

L3, L4, L5, L7 категориялары үчүн ыктыярдуу

 

O категориясы үчүн тыюу салынган

Арткы чырак

Ак

1 же 2 <1>

M, N , O2, O3, O4 категориялары үчүн милдеттүү.

O1, L5, L7 категориялары үчүн ыктыярдуу

Буруу көрсөткүчтөрү

Алдынкы

Авто сары

2

M, N , L3, L4, L5, L6 (жабык кузов менен), L7 категориялары үчүн милдеттүү.

L1, L2, L6 (ачык кузов менен) категориялары үчүн ыктыярдуу.

O категориясы үчүн тыюу салынган

Арткы

Авто сары

 

Милдеттүү

Капталдагы

Авто сары

2

M, N категориялары үчүн милдеттүү.

O категориясы үчүн тыюу салынган

Авариялык сигнализация <2>

Авто сары

 

M, N, O, L7 категориялары үчүн милдеттүү

Тормоз сигналы

Негизги

Кызыл

2

M, N категориялары үчүн милдеттүү

 

 

1 же 2

L категориясы үчүн милдеттүү

Кошумча (борбордук)

Кызыл

1 же 2

M1, N1 <5> категориялары үчүн милдеттүү.

Транспорт каражаттарынын калган категориялары (L категориясынан тышкары) үчүн ыктыярдуу

Алдынкы габариттик чырак

Ак

2

M, N категориялары үчүн милдеттүү.

Туурасы 1,6 м ашкан O категориясы үчүн милдеттүү.

Туурасы 1,6 м ашпаган O категориясы үчүн ыктыярдуу

 

1 же 2

L категориясы үчүн милдеттүү

Арткы габариттик чырак

Кызыл

2

Милдеттүү

Туманга каршы арткы чырак <4>

Кызыл

1 же 2

M, N, O категориялары үчүн милдеттүү.

L3, L4, L5, L7 категориялары үчүн ыктыярдуу

 

Алдынкы

Ак

 

 

Токтоочу чырак

Арткы

Кызыл

Алдынан жана артынан 2ден же ар бир тараптан бирден

Узундугу 6 мге чейин жана туурасы 2 мге чейинки транспорт каражаттары үчүн ыктыярдуу жана калган транспорт каражаттарына тыюу салынат

Капталдагы

Авто-сары <6>

Капталдагы габариттик чырак

Авто сары же кызыл <7>

Ар бир тарапта экиден кем эмес

Кузову жок жүк ташуучу автомобилдерди кошпогондо, узундугу 6 метрден ашкан транспорт каражаттарына милдеттүү.

Мындан тышкары узундугу 6 метрден аз М1 жана N1 категорияларындагы транспорт каражаттарында, эгерде алар алдынкы жана арткы габариттик чырактардын геометриялык көрүнүүсүнө карата талаптардын аткарылышын камсыз кылбаса, капталдагы габариттик чырактар колдонулууга тийиш. Транспорт каражаттарынын башка категориялары үчүн ыктыярдуу

Контурдук чырак

Алдынкы

Ак

2

Туурасы 2,1 метрден ашкан транспорт каражаттарында милдеттүү.

Туурасы 1,8 метрден 2,1 метрге чейинки транспорт каражаттары жана кузову жок жүк ташуучу автомобилдер үчүн ыктыярдуу

Арткы

Кызыл

2

Арткы мамлекеттик каттоо белгисинин жарык берүүчү чырагы

Ак

Регламенттелбейт <8>

Милдеттүү

Күндүзгү жүрүү чырагы

Ак

2

M, N категориялары үчүн ыктыярдуу. 2016-жылдын 1-январынан кийин чыгарылган M, N категориялары үчүн милдеттүү.

O категориясы үчүн тыюу салынган

Үч бурчтук эмес формадагы алдынкы жарык чагылдыргыч түзүлүш

Ак

2

O категориясын- дагы транспорт каражаттары жана алынуучу

фаралары бар транспорт каражаттары үчүн милдеттүү. Башка транспорт каражаттары үчүн (L категориясынан тышкары) ыктыярдуу

Үч бурчтук эмес формадагы капталындагы жарык чагылдыргыч түзүлүш

Алдынкы

Сары

Узундугу 6 метрден ашкан транспорт каражаттары үчүн ар бир тарабында экиден кем эмес

O категориясындагы транспорт каражаттары жана узундугу 6 метрден ашкан M жана N категорияларындагы транспорт каражаттары үчүн милдеттүү. Башка транспорт каражаттары үчүн ыктыярдуу

1 же 2

L1 жана L3 категориялары үчүн милдеттүү

Капталындагы

Сары же кызыл <9>

Узундугу 6 метрден аз транспорт каражаттары үчүн бирөөгө (алдынан же артынан) жол берилет

 

Арткы

Кызыл

1 же 2

L1 жана L3 категориялары үчүн милдеттүү

Арткы жарык чагылдыргыч түзүлүш

Үч бурчтук эмес формадагы

Кызыл

2

M, N жана L категорияларындагы транспорт каражаттары үчүн милдеттүү. Башка арткы жарык берүүчү сигнализация приборлору менен топтоштурулганда O категориясындагы транспорт каражаттары үчүн ыктыярдуу

Үч бурчтук формадагы

Кызыл

2

O категориясындагы транспорт каражаттары үчүн милдеттүү. M жана N категорияларындагы транспорт каражаттары үчүн тыюу салынган

Алдынкы жарык берүүчү адаптивдүү системасы

Ак

2

M жана N категорияларындагы транспорт каражаттары үчүн ыктыярдуу. O категориясындагы транспорт каражаттары үчүн тыюу салынган

Бурчтук жарык

Ак

2

M жана N категорияларындагы транспорт каражаттары үчүн ыктыярдуу

Контурдук маркалоо

Капталындагы <3>

Ак же сары

Бир же бир нече элемент

M1, O1 категорияларындагы транспорт каражаттары үчүн тыюу салынган

Арткы <4>

Кызыл же сары

 

Техникалык жол берилген максималдуу массасы 7,5 тоннага чейинки М2, М3, N1, N2 категориялары, О2 категориясы үчүн ыктыярдуу.

Техникалык жол берилген максималдуу массасы 7,5 тонна жана андан ашык N2 категориясы, N3 (седлолуу сүйрөгүч жана шассиден тышкары), O3, O4 категориялары үчүн милдеттүү

Эскертүүлөр:

M1 категориясындагы транспорт каражаттары жана узундугу 6 метрден ашпаган башка категориядагы транспорт каражаттары үчүн бир түзүлүш милдеттүү жана бирөө ыктыярдуу. M1 категориясынан тышкары бардык категориядагы жана узундугу 6 метрден ашкан транспорт каражаттары үчүн эки түзүлүш милдеттүү.

Авариялык сигнал бир эле учурда күйүп-жанып турган бурулуш көрсөткүчтөрү болуп эсептелет.

Габариттик узундугу 6 метрден ашкан транспорт каражаттары үчүн милдеттүү.

Габариттик туурасы 2,1 метрден ашкан транспорт каражаттары үчүн милдеттүү.

Ачык жүк салуучу бөлүгү же кузову жок N1 категориясындагы транспорт каражаттарынан тышкары.

Капталындагы бурулуш көрсөткүчтөрү жана капталындагы габариттик чырактар менен бириктирилгенде.

Арткы габариттик, контурдук чырактар, арткы туманга каршы чырак же тормоз сигналы менен топтоштурулганда, айкалыштырылганда же бириктирилгенде, же арткы жарык чагылдыруучу түзүлүш менен жарым-жартылай жалпы жарык чыгаруучу бети болсо.

Арткы каттоо белгисин жарыктандыруучу чырактардын саны анын бүтүндөй бетин жарыктандыруу үчүн жетиштүү болушу керек.

Арткы габариттик чырак, арткы контурдук чырак, арткы туманга каршы чырак, тормоз сигналы же кызыл капталындагы габариттик чырак менен топтоштурулганда же жалпы жарык чыгаруучу бети болгондо.

23. Кызыл түстөгү эч кандай жарык алдыга карай багытка чыкпашы керек, ал эми артка жүрүштүн чырагынан чыккан жарыктан тышкары, ак түстөгү эч кандай жарык артка карай багытка чыкпашы керек. Бул талап транспорт каражатын ички жарыктандыруу үчүн орнотулуучу жарык берүүчү түзүлүштөргө жайылтылбайт.

24. Алдынкы жана арткы габариттик чырактарды, контурдук чырактарды эгер бар болсо, капталындагы габариттик чырактарды эгер бар болсо жана арткы мамлекеттик каттоо белгисинин чырагын жандыруу жана өчүрүү жалпы башкаруу органы тарабынан ишке ашырылышы керек. Бул талап алдынкы жана арткы габариттик чырактарды, ошондой эле капталындагы габариттик чырактарды токтотуу чырактары катары пайдаланууда колдонулбайт.

25. Алыскы жана жакынкы жарык фаралары жана алдынкы туманга каршы фараларды жандыруу 24-пунктта айтылган жарыктар да жандырылган учурда гана жүзөгө ашырылышы керек. Бул фаралардын күйүп-жануусу кыска мөөнөттүү эскертүүчү жарык сигналдарын берүү үчүн колдонулса, ушул талап алыскы жана жакынкы жарык фараларына колдонулбайт.

26. Алыскы жарык фаралары, алдынкы туманга каршы фаралар, бурулуш көрсөткүчтөрү, алдынкы жана арткы габариттик жарыктар, арткы туманга каршы чырактар үчүн айдоочуга көрүнүп турган, иштеп жаткан контролдук жарык сигналдарынын болушу милдеттүү. Эгерде приборлор комбинациясынын жарыгы алар менен бир убакта жандырылса, анда ушул пунктчанын алдынкы жана арткы габариттик жарыктарга карата талаптары аткарылды деп эсептелет.

27. Алыскы жарык фараларды бир эле учурда же жуп-жубу менен жандырууга жол берилет. Алыскы жарыкты жакынкы жарыкка которууда, бардык алыскы жарык фаралары бир убакта өчүрүлүшү керек.

28. Жакынкы жарык берүүчү функцияны аткарган алдынкы жарык берүүчү адаптивдүү системалар колдонулуучу жарык булагына карабастан, LED классындагы жарык булактары бар жакынкы жарык фаралар ошондой эле номиналдык жарык агымы 2000 люменден ашкан каалаган класстагы жарык булактары бар жакынкы жарык фаралары жана туманга каршы фаралар фаранын жантаюу бурчун автоматтык түрдө корректировкалоочу түзүлүш менен жабдылышы керек.

Номиналдык жарык агымы 2000 люменден ашкан жарык булактары бар жакынкы жарык фаралары фараны тазалоочу иштеп турган түзүлүш менен жабдылышы керек.

Эскертүү: D1R, D2R, D3R, D4R, D1S, D2S, D3S, D4S категорияларындагы алмашылуучу газ разряддуу жарык булактары жана H9, H9B, HIR1 категорияларындагы галогендик чыңалуу лампалары 2000 люменден ашык номиналдык жарык агымына ээ.

29. Алыскы жана жакынкы жарык, туманга каршы фараларынын маркалоосу жана аларга белгиленген жарык булактарынын класстары дал келиши керек.

30. Жакынкы жарык фараларын жайгаштырууга карата талаптар. Таяныч бетинен бийиктиги боюнча - минимум 500 мм, максимум 1200 мм. N3G категориясындагы транспорт каражаттары үчүн максималдуу бийиктик 1500 ммге чейин көбөйтүлүшү мүмкүн.

31. Алдынкы туманга каршы фараларды жайгаштырууга карата талаптар (L1-L4, L6 категорияларындагы транспорт каражаттарынан тышкары):

1) туурасы боюнча - транспорт каражатынын ортодон узатасынан кеткен тегиздиктен эң алыс болгон баштапкы октун багытында көрүнүүчү бетиндеги <10> чекит транспорт каражатынын габариттик туурасынын четинен 400 мм ашпаган аралыкта болушу керек;

2) бийиктиги боюнча:

- минимум: жер бетинен кеминде 250 мм жогору;

- максимум: M1 жана N1 категорияларындагы транспорт каражаттары үчүн таяныч бетинен 800 мм ашпашы керек; транспорт каражаттарынын бардык башка категориялары үчүн максималдуу бийиктик каралган эмес;

3) көрүнүүчү бетинин бир дагы чекити жакынкы жарык фарасынын көрүнүүчү бетинин эң бийик чекитинен жогору болбошу керек.

32. Бурулуш көрсөткүчтөрүн жана авариялык сигнализацияны жайгаштырууга карата талаптар:

Эгерде ыктыярдуу бурулуш көрсөткүчтөрү орнотулса, анда алар симметриялуу жайгашып, кузовдун контуру жол берген, бирок милдеттүү жарыктардан кеминде 600 мм, вертикаль боюнча мүмкүн болушунча алыс аралыкта жайгашуусу керек.

33. Тормоз сигналдарын жайгаштырууга карата талаптар:

1) туурасы боюнча:

- M1, N1, L2, L4-L7 категорияларындагы транспорт каражаттары үчүн: транспорт каражатынын ортодон узатасынан кеткен тегиздиктен эң алыс болгон баштапкы октун багытында көрүнүүчү бетиндеги чекит транспорт каражатынын габариттик туурасынын четинен 400 мм ашпаган аралыкта болушу керек;

- L2, L5-L7 категорияларындагы транспорт каражаттары үчүн, бир тормоз сигналы орнотулган учурда анын баштапкы огу транспорт каражатынын ортодон узатасынан кеткен тегиздигинде жайгашышы керек, ал эми L4 категориясындагы транспорт каражаттары үчүн - эгерде үчүнчү тормоз сигналы орнотулса, анда ал мотоциклдин ортодон узатасынан кеткен тегиздигине карата мотоциклге орнотулган тормоз сигналына симметриялуу орнотулушу керек;

- транспорт каражаттарынын бардык башка категориялары үчүн транспорт каражатынын ортодон узатасынан кеткен тегиздиктен эң алыс болгон баштапкы октун багытында көрүнүүчү бетиндеги чекит транспорт каражатынын габариттик туурасынын четинен кеминде 600 мм аралыкта болушу керек. Эгерде транспорт каражатынын габариттик туурасы кеминде 1300 мм болсо, бул аралыкты 400 ммге чейин азайтууга болот;

2) бийиктиги боюнча:

- таяныч бетинен 350 ммден 1500 мм чейин (эгерде кузовдун формасынан улам көрсөтүлгөн талапты сактоо мүмкүн болбосо, максимум 2100 мм, эгерде ыктыярдуу жарыктар орнотулбаса). Эгерде ыктыярдуу жарыктар орнотулган болсо, анда алар вертикаль боюнча кузовдун контуру жол берген мүмкүн болушунча чоң аралыкта симметриялуу жайгашышы керек, бирок милдеттүү жарыктын үстүнөн кеминде 600 мм (L категориясындагы транспорт каражаттарынан тышкары);

- L1-L3, L5-L7 категорияларындагы транспорт каражаттары үчүн - таяныч бетинин үстүнөн кеминде 250 мм жана 1500 мм ашпаган;

- L4 категориясындагы транспорт каражаттары үчүн - таяныч бетинин үстүнөн кеминде 250 мм, 1200 мм ашпаган;

3) кошумча тормоз сигналдары арткы айнектин сырткы бетинин же каптоосунун төмөнкү четинен 150 мм ашпаган жана таяныч бетинин деңгээлинен кеминде 850 мм орнотулушу керек;

4) кошумча тормоз сигналынын оптикалык борборун ортодон узатасынан кеткен тегиздиктен солго же оңго карай 150 мм ашпаган аралыкка жылдырууга же эки кошумча тормоз сигналын орнотууга жол берилет, мындай учурда алар ортодон узатасынан кеткен тегиздикке мүмкүн болушунча жакын жайгашып, бул тегиздиктин ар бир тарабында бирден түзүлүш болушу керек.

34. Арткы туманга каршы фараларды жайгаштырууга карата талаптар:

1) туурасы боюнча: эгерде бир гана арткы туманга каршы фара болсо, анда ал транспорт каражатынын ортодон узатасынан кеткен тегиздигинен сол жакта кыймыл багытына карата же ошол тегиздикте жайгашуусу керек;

2) таяныч бетинин үстүнөн бийиктиги боюнча - минимум 250 мм, максимум - 1000 мм. N3G категориясындагы транспорт каражаттары үчүн максималдуу бийиктик 1200 ммге чейин көбөйтүлүшү мүмкүн.

§ 4. M2 жана M3 категорияларындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт каражаттарынын жалпы коопсуздугуна карата кошумча талаптар

35. Өрткө каршы коргоо:

1) мотор бөлүгүндө эч кандай тез тутануучу үн өткөрбөй турган материалды же болбосо отунду, майлоочу майды сиңирүүчү материалды же башка күйүүчү затты, эгерде алар герметикалык катмар менен капталбаса, колдонууга болбойт;

2) мотор бөлүгүнүн кайсы болбосун жеринде отундун, майлоочу майдын же кайсы болбосун башка күйүүчү заттын топтолушуна каршы тиешелүү конструктивдүү өзгөчөлүктөрдүн эсебинен же дренаждык тешиктерди түзүү аркылуу сактык чаралары көрүлүшү керек;

3) мотор бөлүгүнүн же жылуулуктун башка булагынын (мисалы, транспорт каражатынын ылдый карай узак жүрүүсүндө бошогон энергияны сиңирүүгө арналган түзүлүш, мисалы жайлаткыч же салонду жылытуучу түзүлүш, кыймылдаткычтын муздатуу системасынын суюктугу менен жылытылган кайсы болбосун түзүлүштөрдөн тышкары) жана транспорт каражатынын калган бөлүгүнүн ортосунда ысыкка чыдамдуу материалдан жасалган тосмо болушу керек. Тосмо үчүн колдонулган бардык бекиткичтер, кыскычтар, төшөмөлөр ж.б. отко туруктуу болушу керек;

4) чыгаруу системасынан же башка маанилүү жылуулук булактарынан 100 мм аралыкта кандайдыр бир күйүүчү материалдардын болушуна, эгерде бул материалдар талаптагыдай түрдө корголгон болсо гана жол берилиши керек. Майдын же башка тутануучу материалдардын түтүн чыгаруу системасына же башка маанилүү жылуулук булактарына тийүүсүнө жол бербөө үчүн тийиштүү коргоо камсыз кылынышы керек. Ушул пункттун максаттары үчүн тутануучу материал деп, колдонулган жеринде мүмкүн болгон жогорку температурага туруштук берүүгө арналбаган материал эсептелет;

5) (эки кабаттуу транспорт каражаттарына колдонулбайт). Бир же бир нече өрт өчүргүчтөрдү орнотуу үчүн орун каралышы керек, алардын бири айдоочунун отургучунун жанында болушу керек. Эгерде өрт өчүргүчтөр кулпулануучу ящикке же оңой сынуучу айнектин артына коюлса, анда аларды сактоочу жерлер так белгиленип, авариялык кырдаалда тоскоолдуксуз чыгаруу мүмкүнчүлүгү камсыз кылынышы керек.

36. Электр жабдуулары жана электр зымдары:

1) бардык зымдар ишенимдүү изоляцияланышы керек жана бардык электр өткөргүчтөрү, электр жабдуулары алар дуушар болуучу температуранын жана нымдуулуктун таасирине туруштук бериши керек. Бардык зымдар ишенимдүү корголуп жана бекем бекитилиши керек, алардын үзүлүп, сүрүлүп же эскирип калуу ыктымалдыгы болбошу керек;

2) бардык электр кабелдери эч бир бөлүгү отун өткөргүч түтүгү же чыгаруу системасынын кайсы болбосун башка тетиги менен тийишпегендей жана талаптагыдай атайын изоляция жана коргоо каралбаса, ашыкча ысып кетпегендей жайгаштырылышы керек.

37. Аккумулятор батареялары:

1) бардык аккумулятор батареялары жакшы бекитилип, оңой жеткиликтүү болушу керек;

2) аккумулятор батареялары жайгашкан бөлүк жүргүнчүлөр салонунан жана айдоочу отурган бөлүгүнөн бөлүнүп, сырткы аба менен талаптагыдай желдетилиши керек;

3) аккумулятор батареясынын уюлдары кыска туташуу коркунучунан корголушу керек.

38. Алгачкы жардам аптечкалары (автомобиль үчүн).

Бир же бир нече алгачкы жардам аптечкасын (автомобиль үчүн) орнотуу үчүн орун каралышы керек. Аптечкалар уурдоодон же вандализмден сакталышы мүмкүн (мисалы, аларды кулпулануучу ящикке салуу же оңой сынуучу айнектин артына коюу аркылуу), аларды сактоочу жерлер так белгиленип, авариялык кырдаалда тоскоолдуксуз чыгуу мүмкүнчүлүгү камсыз кылынган шартта.

39. Чыгуу жерлеринин саны (эки кабаттуу транспорт каражаттарына колдонулбайт):

1) транспорт каражатындагы эшиктердин минималдуу саны эки болушу керек: эки кызматтык эшик, же бир кызматтык эшик жана бир запастык эшик.

Кызматтык эшиктеринин минималдуу саны 4-таблицага ылайык келиши керек;

 

4-таблица

Жүргүнчүлөрдүн саны

Кызматтык эшиктердин саны

I жана A класс

II класс

III жана B класс

9-45

1

1

1

46-70

2

1

1

71-100

3

2

1

>100

4

3

1

2) чиркеме транспорт каражатынын ар бир катуу секциясындагы кызматтык эшиктеринин саны бирге барабар болушу керек; I класстагы чиркеме автобустун алдынкы бөлүгүндөгү эшиктердин минималдуу саны экиге барабар болушу керек. Кыймылга келтирүүнүн механикалаштырылган системасы менен жабдылган кызматтык эшиктери, эгерде аларды кол менен оңой ачууга мүмкүн болбосо, запастык эшиктер катары каралбайт;

3) чыгуу жерлеринин минималдуу саны, өзүнчө бөлүмдөгү жалпы чыгуу жерлеринин саны 5-таблицага ылайык келгидей болушу керек. Авариялык люктар жогоруда көрсөтүлгөн авариялык чыгуу жерлеринин бири катары гана каралышы мүмкүн;

 

5-таблица

Ар бир бөлүмдө боло турган жүргүнчүлөрдүн жана экипаж мүчөлөрүнүн саны

Чыгуу жерлеринин минималдуу жалпы саны

1-8

2

9-16

3

17-30

4

31-45

5

46-60

6

61-75

7

76-90

8

91-110

9

111-130

10

130дан ашык

11

4) минималдуу санын жана чыгуу жерлеринин жайгашуусун аныктоо максатында чиркеме транспорт каражатынын ар бир катуу секция өзүнчө транспорт каражаты катары каралышы керек. Запастык чыгуу жерлеринин санын аныктоо максатында, даараткана жана ашкана өзүнчө бөлүмдөр болуп эсептелбейт. Жүргүнчүлөрдүн саны ар бир катуу секция үчүн аныкталууга тийиш;

5) кош кызматтык эшиги эки эшик катары каралат, ал эми кош же айкалышкан терезе эки запастык терезе катары каралат;

6) эгерде айдоочу отурган бөлүгү жүргүнчүлөр салону менен өтмөк аркылуу бирикпесе, анда төмөнкү шарттар аткарылышы керек:

- айдоочу орган бөлүк эки чыгуу жери менен жабдылып, алар бир эле капталындагы дубалда жайгашпашы керек; эгерде чыгуу жеринин бири терезе болсо, анда ал 40-пункттун 1-пунктчасында жана 46-пунктунда баяндалган запастык терезелерге карата талаптарга жооп бериши керек;

- айдоочунун каптал жагында кошумча жүргүнчүлөр үчүн бир же эки орундук орнотууга жол берилет; бул учурда чыгуу эшиктер аркылуу ишке ашырылат. Айдоочунун эшиги жогоруда көрсөтүлгөн орундуктарды ээлеген адамдар үчүн запастык эшик катары каралат, эгерде айдоочунун отургучу, руль алкагы, кыймылдаткычтын капкагы, тиштүү рычаг, кол тормозунун рычагы ж.б. чыгууга тоскоолдук кылбаса. Жогоруда аталган адамдар үчүн каралган эшик айдоочу үчүн запастык эшик катары эсептелет;

7) эгерде айдоочу отурган бөлүккө жана анын жанында жайгашкан бардык жерлерге жүргүнчүлөр салонунун калган бөлүгүнөн тиешелүү өтмөктүн эсебинен жетүүгө мүмкүн болсо, анда айдоочу отурган бөлүктөн тышкы чыгуу жери талап кылынбайт.

Бул учур айдоочунун отургучу менен жүргүнчүлөр салонунун ортосунда эшик же башка тосмонун болушун жокко чыгарбайт, эгерде бул тосмону айдоочу авариялык кырдаалда тез арада алып сала алса, мындай тосмо менен жабылган бөлүктөгү айдоочунун эшиги жүргүнчүлөр үчүн чыгуу жери катары каралбайт;

8) II, III жана B классындагы транспорт каражаттарындагы запастык эшиктерден жана терезелерден тышкары авариялык люктар болушу керек. Алар I жана A классындагы транспорт каражаттарында да жабдылышы мүмкүн. Люктардын минималдуу саны 6-таблицага ылайык келүүгө тийиш.

 

6-таблица

Жүргүнчүлөрдүн саны

Люктардын саны

50дөн ашык эмес

1

50дөн ашык

2

40. Чыгуу жерлеринин жайгашуусу (эки кабаттуу транспорт каражаттарына колдонулбайт):

1) кызматтык эшиги (кызматтык эшиктери) транспорт каражатынын оң тарабында жайгашуусу керек, эки же андан көп эшик болгон учурда, алардын жок дегенде бири транспорт каражатынын алдынкы жарымында болушу керек. Бул транспорт каражатынын арткы каптал жагында майыптар коляскасындагы жүргүнчүлөр пайдаланууга арналган эшиктин болушун жокко чыгарбайт;

2) кеминде бир авариялык чыгуу жери транспорт каражатынын арткы же алдынкы каптал жагында жайгашуусу керек. I класстагы транспорт каражаттары жана арткы бөлүгү жүргүнчүлөр салонунан толугу менен бөлүнгөн транспорт каражаттары үчүн, эгерде авариялык люк орнотулган болсо, бул көрсөтмө аткарылды деп эсептелет;

3) авариялык люктар болгон учурда, алар төмөнкүдөй жайгаштырылышы керек: эгерде бир гана люк болсо, анда ал транспорт каражатынын ортонку үчтөн бир бөлүгүнө орнотулушу керек; эгерде эки люк болсо, анда транспорт каражатынын узунунан кеткен огуна параллель сызык боюнча өлчөнгөн, оюктардын жакынкы четтеринин ортосундагы аралык 2 метрден кем эмес болушу керек.

Эскертүү: Сыйымдуулугу 22 жүргүнчүдөн ашпаган транспорт каражаттары 40-пункттун талаптарына же 55-пункттун талаптарына жооп бериши мүмкүн.

41. Чыгуу жерлеринин минималдуу өлчөмдөрү:

1) ар кандай типтеги чыгуу жерлери үчүн 7-таблицада көрсөтүлгөн минималдуу өлчөмдөр сакталышы керек.

 

7-таблица

 

I класс

II жана III класс

Эскертүү

Кызматтык эшик

Эшиктин оюгу

Бийиктиги (мм)

1800

1650

-

Туурасы (мм)

Бир эшик: 650

эки эшик: 1200

Бул өлчөмдү 100 ммге чейин кыскартууга болот, эгерде өлчөө кармоочтордун деңгээлинде жүргүзүлсө

Запас эшик

Бийиктиги (мм)

1250

-

Туурасы (мм)

550

Запастык терезе

Аянты (кв.мм)

400000

Бул оюкка 500 x 700 мм өлчөмүндөгү тик бурчтук туура келиши керек

Эгерде өндүрүүчү завод тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн минималдуу өлчөмдөгү запастык терезе каралбаса, транспорт каражатынын арткы каптал жагында жайгашкан запастык терезе

Запастык терезенин оюгунун бийиктиги 350 мм жана туурасы 1550 мм болгон тик бурчтук туура келиши керек. Бул тик бурчтуктун бурчтары тегеректелип, бирок тегеректөөнүн радиусу 250 ммден ашпашы керек

Авариялык люк

Люктун оюгу

Аянты (кв.мм)

400000

Бул оюкка 500 x 700 мм өлчөмүндөгү тик бурчтук туура келиши керек

42. Бардык кызматтык эшиктерге карата техникалык талаптар:

1) ар бир кызматтык эшик транспорт каражаты кыймылсыз абалда турганда ичинен да, сыртынан да оңой ачылышы керек (бул шарт жүрүп бара жаткан транспорт каражаты үчүн милдеттүү эмес). Бирок, бул талап бул эшикти ичинен ар дайым ачууга мүмкүн болгон шартта эшиктерди сыртынан бекитүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат деп түшүнүлбөшү керек;

2) кол менен ачылып-жабылуучу, илмекке же шарнирге илинген бир эшиктүү ар бир кызматтык эшик транспорт каражаты алдыга жүрүп баратканда ачык абалда кыймылсыз объектке тийгенде жабылуучу тарапка жыла тургандай орнотулушу керек. Эгерде кол менен ачылып-жабылуучу кызматтык эшик англис кулпусу менен жабдылган болсо, анда ал эки позициялуу типте болушу керек;

3) кызматтык эшиктин ички тарабында эшик жабык турганда ички тепкичтерди жабууга арналган эч кандай түзүлүш болбошу керек. Бул эшик жабык турганда тепкичтердин оюкчасында эшикти башкаруу механизми жана эшиктин ички тарабында орнотулган жана турууга мүмкүн болгон полдун бир бөлүгү болуп саналбаган башка жабдуулардын болушун жокко чыгарбайт. Бул механизм жана жабдуулар жүргүнчүлөр үчүн кооптуу болбошу керек;

4) эгерде түз көрүнүш жетишсиз болсо, айдоочуга өз ордунан ар бир кызматтык эшиктин сыртында түздөн-түз жакын жерде турган жүргүнчүлөрдү көрүүгө мүмкүндүк берүүчү автоматтык эмес оптикалык же башка түзүлүштөрдү орнотуу зарыл. Кызматтык эшик сыйымдуулугу 22 жүргүнчүдөн ашпаган транспорт каражатынын арткы каптал жагында болгон учурда, эгерде айдоочу транспорт каражатынын артында 1 м аралыкта турган 1,3 м бийиктиктеги объекттин бар экенин аныктай алса, бул талап аткарылды деп эсептелет;

5) эгерде кызматтык эшик даараткананын же башка ички бөлүмдүн эшигине жанаша жайгашса, анда мындай кызматтык эшик кокусунан ачылып кетүүсүнө жол бербөөчү түзүлүш менен жабдылышы керек. Бирок, эгерде транспорт каражаты 5 км/с ашык ылдамдыкта жүрүп баратканда кызматтык эшик автоматтык түрдө жабылса, бул көрсөтмө колдонулбашы керек.

43. Автоматтык кызматтык эшиктерге кошумча техникалык талаптар. Ар бир автоматтык кызматтык эшиктин ачылуу механизмдери айдоочу тарабынан өзүнүн отургучунан гана ишке киргизилип жана өчүрүлүшү керек. Ишке киргизүү жана өчүрүү түздөн-түз өчүргүч аркылуу же кыйыр түрдө мисалы, алдынкы кызматтык эшикти ачуу жана жабуу аркылуу болушу мүмкүн.

44. Автоматтык кызматтык эшиктерди жабуу:

1) автоматтык кызматтык эшик ачылгандан кийин, ал белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин кайрадан автоматтык түрдө жабылышы керек. Эгерде бул убакыт аралыгында транспорт каражатына жүргүнчү кирип же андан чыгып жатса, коопсуздук шайманы (мисалы, полдогу контакттык панель, жарык тосмо, бир тараптуу өтмөк) эшиктин жабылышына чейин жетиштүү убакыт аралыгын камсыз кылышы керек;

2) эгерде жүргүнчү эшик жабылып жатканда транспорт каражатына кирип же андан чыгып жатса, жабылуу процесси автоматтык түрдө токтоп, эшик кайрадан ачык абалга келиши керек;

3) айдоочу автоматтык кызматтык эшиктин ачуу механизмдерин өчүргөндөн кийин ачык турган эшиктер 44-пункттун 1 жана 2-пунктчаларына ылайык жабылышы керек.

45. Запастык эшиктерге коюлуучу талаптар:

1) запастык эшиктер транспорт каражаты кыймылсыз абалда турганда ичинен да, сыртынан да оңой ачылышы керек. Бирок, бул талап эшик кадимки эшик ачуу механизминин жардамы менен ичинен ар дайым ачылса, эшикти сыртынан бекитүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат деп түшүнүлбөшү керек;

2) ушундай максатта колдонулган запастык эшиктер, башкаруу механизми ишке киргизилгенден жана кадимки абалына кайтарылгандан кийин, айдоочу аларды жабуу механизмин иштетмейинче, кайра жабылбаган учурдан тышкары, механикалык кыймылга келтиргичке ээ болбошу керек. Алар ошондой эле сыйымдуулугу 22ден ашпаган жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт каражаттарынан тышкары, жылма эшик түрүндө болбошу керек;

3) транспорт каражатынын каптал бөлүгүндө орнотулган илинме запастык эшиктер алдынкы бөлүгү менен илинип, сыртка ачылышы керек. Эшиктин ачылышын чектеген курларга, чынжырларга же башка чектөөчү түзүлүштөргө, эгерде алар эшиктердин 100° кем эмес бурчта эркин ачылышына тоскоол болбосо жана алардын ошол абалда калышына мүмкүндүк берсе, жол берилет. Эгерде запастык эшикке эркин жетүүнү камсыз кылуу үчүн жетиштүү каражаттар болсо, минималдуу 100° бурчка карата талап колдонулбайт;

4) запастык эшиктер кокусунан ачылып кетүүсүн алдын алуучу түзүлүштөр менен жабдылышы керек. Бирок, эгерде транспорт каражаты 5 км/с ашык ылдамдыкта жүрүп баратканда запастык эшик автоматтык түрдө жабылса, бул талап колдонулбайт;

5) бардык запастык эшиктер айдоочуга алардын толук жабылбагандыгы жөнүндө эскертүүчү үн чыгаруучу түзүлүш менен жабдылышы керек. Эскертүүчү түзүлүш эшиктин өзүнүн кыймылы менен эмес, эшиктин бекиткичинин же туткасынын кыймылы менен ишке киргизилиши керек.

46. Запастык терезелерге карата талаптар:

1) кайсы болбосун илинме же ачылма запастык терезе сыртка ачылышы керек;

2) кайсы болбосун запастык терезе:

- же тиешелүү шаймандын жардамы менен транспорт каражатынын ичинен жана сыртынан оңой жана тез ачылышы керек;

- же оңой сынуучу коопсуздук айнеги болушу керек. Акыркы жободо катмарланган айнекти же пластик материалдан жасалган айнекти колдонуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарылган. Ар бир запастык терезенин жанында транспорт каражатында жүргөн адамдар үчүн оңой жеткиликтүү болгон, ар бир терезени сындырууга мүмкүндүк берүүчү шайман орнотулушу керек;

3) сырттан бекитилиши мүмкүн болгон ар бир запастык терезе транспорт каражатынын ичинен каалаган убакта ачыла тургандай кылып жасалышы керек;

4) үстүнкү четинде горизонталдуу орнотулган илмектери бар запастык илинме терезе толугу менен ачык абалда кармап туруу үчүн тийиштүү механизм менен жабдылышы керек. Ар бир илинме авариялык терезе транспорт каражатынын ичине эркин кирүүгө же андан чыгууга тоскоол болбогондой ачылып жана жабылышы керек.

47. Авариялык люктарга карата талаптар:

1) ар бир авариялык люк транспорт каражатынын ичине эркин кирүүгө же андан чыгууга тоскоол болбогондой ачылып жана жабылышы керек;

2) чатырдагы запастык люктар ачылма, илинме же оңой сынуучу сактоочу айнектен жасалышы керек.

Полдогу запастык люктар кокусунан иштеп кетүүдөн корголушу керек. Бирок, транспорт каражаты 5 км/с ашык ылдамдыкта жүрүп баратканда полдогу люк автоматтык түрдө жабылса, бул талап колдонулбайт;

3) люк жол кыймылынын башка катышуучулары үчүн эч кандай коркунуч жаратпашы үчүн, ачылма түрдөгү люктар ачылганда транспорт каражатынан толугу менен ажырап кетпеши керек. Полдогу ачылма люктар жүргүнчүлөр салонунун ичине гана ачылышы керек;

4) авариялык люктар ичинен да, сыртынан да оңой ачылышы же алынышы керек. Оңой сынуучу люк болгон учурда, транспорт каражатынын ичиндеги адамдар үчүн оңой жеткиликтүү болгон люкту сындырууга мүмкүндүк берүүчү түзүлүш орнотулушу керек.

48. Жазуулар:

1) транспорт каражатынын ичинен жана сыртынан ар бир запастык чыгуучу жер "Запастык чыгуу" деген жазуу менен белгилениши керек, зарыл учурда тиешелүү эл аралык белги менен толукталат. Жазуулар орус тилинде жазылат жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин мамлекеттик тилинде кайталанышы мүмкүн;

2) транспорттук каражаттын ичинен жана сыртынан кызматтык эшиктерди жана бардык запастык чыгуу жерлерин авариялык башкаруу механизмдери тиешелүү белги же орус тилиндеги так жазуу менен белгилениши керек, ал Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин мамлекеттик тилинде кайталанышы мүмкүн;

3) запастык чыгуу жерин авариялык башкаруунун ар бир механизминде же алардын ар биринин жанында аларды колдонуу боюнча орус тилиндеги так нускамалар болушу керек, ал Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин мамлекеттик тилинде кайталанышы мүмкүн.

49. Ички пландаштыруу:

1) ички пландаштыруу жүргүнчүлөрдүн кызматтык эшиктерге, запастык эшиктерге, запастык терезелерге, чатырдагы авариялык люктарга, полдогу авариялык люктарга жетүүсүн камсыз кылууга тийиш;

2) жетүүнү камсыз кылуучу өтмөктөрдүн полунда тайгаланууга каршы катмары болууга тийиш.

50. Айдоочу менен байланыш:

I, II жана A классындагы транспорт каражаттарында жүргүнчүлөргө транспорт каражатын токтотуу үчүн айдоочуга сигнал берүүгө мүмкүндүк берүүчү түзүлүштөр болушу керек. Мындай бардык байланыш түзүлүштөрүнүн башкаруу элементтеринин баскычтары томпок болуп, алар I жана A класстагы транспорт каражаттарында полдун деңгээлинен 1200 мм ашпаган бийиктикте жайгашып, карама-каршы түстө болушу керек. Бул башкаруу элементтери бүтүндөй транспорт каражаты боюнча бирдей бөлүштүрүлүшү керек.

51. Салондун ичиндеги электр жарыгы төмөнкүлөрдө жасалма ички жарыктандырууну камсыз кылууга тийиш:

1) бардык жүргүнчүлөр салонун, экипаждын бөлүктөрүн, дааратканаларды жана чиркеме транспорт каражатынын бурулуучу бөлүгүн;

2) бардык тепкичтерди;

3) бардык чыгуу жерлеринин өтмөктөрүн жана кызматтык эшикке (кызматтык эшиктерге) жанаша зоналарды;

4) ички белгилерди, жазууларды жана бардык чыгуу жерлерин ички башкаруу механизмдерин;

5) кандайдыр бир тоскоолдуктар бар бардык жерлерди.

52. Чиркеме транспорт каражаттарынын бурулуучу секциясы:

1) эгерде чиркеме транспорт каражаты жабдылган абалында тегиз горизонталдуу болсо, анда анын катуу секцияларынын кайсы болбосун полу менен анын айлануучу аянтчасынын же аны алмаштыруучу элементтин полунун ортосунда жабылбаган жылчык болбошу керек, анын туурасы төмөнкүлөрдөн ашпашы керек:

- транспорт каражатынын бардык дөңгөлөктөрү бир тегиздикте жайгашканда 10 мм, же

- бурулуучу секцияга жанаша огунун дөңгөлөктөрү калган окторунун дөңгөлөктөрү таянган беттен 150 мм жогору жайгашкан бетте болгондо 20 мм;

2) катуу секциялардын полунун деңгээли менен айлануучу аянтчанын полунун деңгээлинин ортосундагы кошулган жерде өлчөнгөн айырма төмөнкүлөрдөн ашпашы керек:

- 52-пункттун 1-пунктчасынын экинчи абзацында жогоруда көрсөтүлгөн шарттарда 20 мм, же

- 52-пункттун 1-пунктчасынын үчүнчү абзацында жогоруда көрсөтүлгөн шарттарда 30 мм;

3) чиркеме транспорт каражаттарында жүргүнчүлөрдүн бурулуучу секциянын каалаган жерине кирүүсүнө тоскоол болуучу каражаттар болушу керек, анда:

- полдо чоңдугу 52-пункттун 1-пунктчасынын экинчи абзацындагы көрсөтмөлөргө жооп бербей турган жабылбаган жылчык бар;

- пол жүргүнчүлөрдүн салмагын көтөрө албайт.

53. Кармоочтор жана кол таянгычтар:

1) кармоочтордун жана таянычтардын кесилиши жүргүнчү аларды оңой кармап, бекем карманып тургандай болушу керек. Кайсы болбосун кармооч кол бата тургандай, узундугу кеминде 100 мм болушу керек;

2) кармоочтор жана кол таянгычтар менен транспорт каражатынын шыбынын же дубалдарынын чектеш бөлүгүнүн ортосундагы бош аралык кеминде 40 мм болушу керек. Бирок II, III же B классындагы транспорт каражатынын эшигинин кармоочу же отургучтун жанындагы, же өтмөктөгү кармооч үчүн 35 мм болгон минималдуу бош аралыкка жол берилет;

3) ар бир кармоочтун, кол таянгычтын же тирөөчтүн бети контрасттуу түстө болушу керек жана тайгалак болбошу керек;

4) кызматтык эшиктердеги кармоочтор жана кол таянгычтар.

Эшиктердин оюктары эки тарабынан тең кармоочтор жана/же кол таянгычтар менен жабдылышы керек. Кош эшиктер үчүн, эгерде бир борбордук тирөөч же кармооч орнотулса, бул көрсөтмө аткарылды деп эсептелиши мүмкүн.

54. Тепкичтердин үчүн оюктарды тосуу:

Эгерде отурган жүргүнчү тормозду катуу тебүүнүн натыйжасында тепкичтердин оюгуна ыргып кетиши мүмкүн болсо, анда тиешелүү тосмо каралышы керек. Бул тосмо жүргүнчүнүн буту турган полдон кеминде 800 мм бийиктикте орнотулушу керек жана транспорт каражатынын капталынан салондун ичине жүргүнчү коркунучка кабылган отургучтун узунунан кеткен огунан кеминде 100 мм ары же биринчи тепкичтин көтөрүлүшүнө чейин созулушу керек, мында ушул эки аралыктын кыскасы алынат.

55. Сыйымдуулугу 22 жүргүнчүдөн ашпаган транспорт каражаттарына карата атайын талаптар:

1) чыгуу жерлеринин минималдуу өлчөмдөрү:

ар кандай типтеги чыгуу жерлери үчүн 8-таблицада көрсөтүлгөн өлчөмдөр сакталышы керек;

2) сыйымдуулугу 22 жүргүнчүдөн ашпаган транспорт каражаты запастык терезелерге жана авариялык люктарга карата ушул тиркеменин 8-таблицасынын талаптарына жана кызматтык эшиктер жана запастык эшиктер үчүн 9-таблицада келтирилген минималдуу талаптарга жооп бериши керек;

 

8-таблица

Оюк

Өлчөмдөрү

Эскертүүлөр

Кызматтык эшик

Кирүүчү бийиктиги: Классы

A 1650 мм;

B 1500 мм

Кызматтык эшиктин оюгунун бийиктиги эшиктин оюгунун ортонку чекитинин жана төмөнкү тепкичтин үстүнкү бетинин горизонталдык проекцияларынын вертикалдык тегиздиги боюнча вертикалдык аралык катары өлчөнөт

Оюктун бийиктиги

Кызматтык эшиктин оюгунун бийиктиги 1.6-таблицага ылайык келүүгө тийиш. Үстүнкү бурчтары тегеректелиши мүмкүн, мында тегеректөө радиусу 150 мм ашпашы керек

Туурасы:

бир эшик: 650 мм; кош эшик: 1200 мм

Кызматтык эшигинин оюгунун бийиктиги 1400-1500 мм түзгөн В классындагы транспорт каражаттары үчүн бир эшиктин ачылышынын минималдуу туурасы 750 мм болушу керек. Бардык транспорт каражаттары үчүн, эгерде өлчөө кармоочтордун деңгээлинде жүргүзүлсө, каалагандай кызматтык эшиктин туурасы 100 мм, ал эми дөңгөлөк үстүндөгү чыгып турма доголору, эшиктерди автоматтык же аралыктан башкаруу эшиктеринин механизмин иштетүү же шамал айнегин жантаюусу талап кылынган учурда 250 мм чейин азайтылышы мүмкүн

Запастык эшик

Бийиктиги: 1250 мм

Туурасы: 550 мм

Эгерде эшиктин оюгунун эң төмөнкү бөлүгүнүн үстүнөн 400 мм бийиктикте туурасы 550 мм түзгөн шартта, бул дөңгөлөк үстүндөгү чыгып турма доголору учурунда талап кылынса, туурасы 300 мм чейин азайтылышы мүмкүн. Үстүнкү бурчтары тегеректелиши мүмкүн, мында тегеректөө радиусу 150 мм ашпашы керек

Запастык терезе

Оюктун аянты:

4000 кв.см

Бул оюкка 500 мм х 700 мм өлчөмүндөгү тик бурчтук туура келиши керек

 

9-таблица

Оюк

Өлчөмү

Эскертүү

Кызматтык эшик

Оюктун бийиктиги: 1110 мм

Эгерде оюгунун бурчтарын тегеректөө радиусу 150 мм ашпаса, бул өлчөм азайтылышы мүмкүн

Туурасы:

бир эшик: 650 мм

кош эшик: 1200 мм

Эгерде оюгунун бурчтарын тегеректөө радиусу 150 мм ашпаса, бул өлчөм азайтылышы мүмкүн. Эгерде өлчөө кармоочтордун деңгээлинде жүргүзүлсө, туурасы 100 мм, ал эми дөңгөлөк үстүндөгү чыгып турма доголору, эшиктерди автоматтык же аралыктан башкаруу эшиктеринин механизмин иштетүү же шамал айнегин жантаюусу талап кылынган учурда 250 мм чейин азайтылышы мүмкүн

Запастык эшик

Бийиктиги: 1000 мм

Туурасы: 550 мм

Эгерде эшиктин оюгунун эң төмөнкү бөлүгүнүн үстүнөн 400 мм бийиктикте туурасы 550 мм түзгөн шартта, бул дөңгөлөк үстүндөгү чыгып турма доголору учурунда талап кылынса, туурасы 300 мм чейин азайтылышы мүмкүн. Үстүнкү бурчтары тегеректелиши мүмкүн, мында тегеректөө радиусу 150 мм ашпашы керек

3) чыгуу жерлеринин жайгашуусу:

- кызматтык эшик (кызматтык эшиктер) транспорт каражатынын оң тарабында же транспорт каражатынын арткы каптал бөлүгүндө жайгашуусу керек;

- чыгуу жерлери транспорт каражатынын ар бир тарабында жок дегенде бирден чыгуу жерлери бар болгудай жайгаштырылышы керек;

- жүргүнчүлөр үчүн бөлүктүн алдынкы жарымында жана арткы жарымында жок эле дегенде бирден чыгуучу жер болушу керек;

- авариялык люк жок учурда, транспорт каражатынын арткы каптал бөлүгүндө же алдынкы каптал бөлүгүндө жок дегенде бир чыгуучу жер каралышы керек.

56. Эки кабаттуу транспорт каражаттарына карата өзгөчө талаптар:

1) эки өрт өчүргүчтү орнотуу үчүн орун каралышы керек, алардын бири айдоочунун отургучунун жанында, экинчиси жогорку кабатта болушу керек;

2) чыгуучу жерлердин саны:

- ар бир эки кабаттуу транспорт каражатынын төмөнкү кабатында эки эшик болушу керек.

Кызматтык эшиктердин минималдуу саны 10-таблицада көрсөтүлгөнгө ылайык келүүгө тийиш.

 

10-таблица

Жүргүнчүлөрдүн саны

Эки кабаттуу транспорт каражатындагы кызматтык эшиктердин саны

I жана A класстар

II класс

III жана B класстар

9-45

1

1

1

46-70

2

1

1

71-100

2

2

1

100дөн ашык

4

3

1

- запастык эшиктердин минималдуу саны жалпы чыгуучу жерлердин санынын 5-таблицада көрсөтүлгөн маанилерине дал келгендей болушу керек, мында ар бир кабат жана ар бир өзүнчө бөлүк үчүн чыгуучу жерлердин саны өзүнчө аныкталат. Запастык чыгуучу жерлердин санын аныктоо максаттары үчүн даараткана жана ашкана өзүнчө бөлүк болуп эсептелбейт. Авариялык люктар жогоруда көрсөтүлгөн запастык чыгуучу жерлердин бири катары гана каралышы мүмкүн;

- II класстагы жана III класстагы транспорт каражаттарынын үстүнкү кабатынын чатырындагы запастык эшиктерден жана терезелерден тышкары авариялык люктар болушу керек. I класстагы транспорт каражаттары дагы ушундай люктар менен жабдылышы мүмкүн. Мындай учурда люктардын минималдуу саны жүргүнчүлөрдүн көрсөтүлгөн саны үстүнкү кабатка туура келген шартта 6-таблицада көрсөтүлгөн санга дал келиши керек;

- ар бир кабаттар аралык тепкич жогорку кабаттан чыгуучу жер катары каралат;

- төмөнкү кабатта жайгашкан бардык адамдардын авариялык кырдаалда жогорку кабатка кирүү зарылчылыгы жок транспорт каражатынан чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү болушу керек;

- үстүнкү кабаттагы негизги өтмөк кызматтык эшикке өтүүчү өтмөк менен же ылдыйкы кабаттагы негизги өтмөк менен кызматтык эшиктен 3 м кем аралыкта жайгашкан бир же бир нече кабаттар аралык тепкичтер аркылуу туташтырылышы керек;

- I класстагы жана II класстагы транспорт каражаттарында эки тепкич же, эгерде үстүнкү кабатта 50дөн ашык жүргүнчү ташылса жок эле дегенде бир ылдыйкы өтмөккө алып баруучу бир тепкич жана бир авариялык чыгуучу жерге алып баруучу бир тепкич болушу керек;

- III класстагы транспорт каражаттарында эки тепкич болушу керек же, эгерде үстүнкү кабатта 30дан ашык жүргүнчү ташылса жок эле дегенде төмөнкү өтмөккө алып баруучу бир тепкич жана авариялык чыгууга алып баруучу бир тепкич болушу керек;

3) чыгуучу жерлердин жайгашуусу:

- ар бир кабаттагы чыгуучу жерлер алардын саны транспорт каражатынын эки тарабында тең бирдей болгондой түрдө жайгаштырылышы керек;

- жогорку кабатта жок эле дегенде бир авариялык чыгуучу жер транспорт каражатынын тиешелүү түрдө арткы же алдынкы торцтук бөлүгүндө жайгаштырылышы керек;

4) кабаттар аралык тепкичтер үчүн кармагычтар жана таянычтар:

- бардык кабаттар аралык тепкичтердин эки тарабы тең ар бир тепкичтин бетинен 800-1110 мм бийиктикте орнотулган кармагычтар же таянычтар менен жабдылышы керек;

5) тепкичтер коюлуучу тешик орунду тосуу жана тосмосу жок отургучтар:

- эки кабаттуу транспорт каражатынын үстүнкү кабатында кабаттар аралык тепкичтин тешиги полдон кеминде 800 мм бийиктиктеги тосмо менен корголушу керек. Тосмонун ылдыйкы чети полдон 100 мм ашпаган бийиктикте жайгашуусу керек;

- жогорку кабаттагы алдынкы орундуктарда отурган жүргүнчүлөрдүн алдындагы алдынкы айнек толтургуч материалдан жасалган тосмо менен жабдылышы керек. Бул тосмонун үстүнкү чети жүргүнчүнүн буту турган полдон 800-900 мм бийиктикте вертикалдуу жайгашуусу керек;

- ар бир тепкичтин жана шатынын көтөрүлүшү жабык болушу керек.

57. M2 жана M3 категориясындагы транспорт каражаттары үчүн кошумча маркалоого карата талаптар:

1) M2 жана M3 категориясындагы транспорт каражаттары так маркаланышы керек, ичинен жакшы көрүнүп турушу керек жана алдынкы эшиктин жанына кеминде 15 мм бийиктикте тамгалар же пиктограммалар жана кеминде 25 мм бийиктикте сандар түрүндө түшүрүлүшү керек, анда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:

- транспорт каражатында отуруп кетүүгө мүмкүн болгон жүргүнчүлөрдүн максималдуу саны;

- тиешелүү учурда - транспорт каражатында туруп кетүүгө мүмкүн болгон жүргүнчүлөрдүн максималдуу саны;

2) эгерде транспорт каражатынын конструкциясы отургучтар үчүн орундун санын, турган жүргүнчүлөр үчүн арналган жерди же ташылуучу майыптар коляскасынын санын өзгөртүүгө мүмкүндүк берсе, анда 57-пункттун 1-пунктчасынын талабы отургучтар үчүн орундун максималдуу саны жана майыптар коляскасынын жана туруп бараткан жүргүнчүлөрдүн тиешелүү саны менен ар бир компоновкага карата колдонулат.

Эскертүүлөр:

1. Бардык текшерүүлөр жана өлчөөлөр тегиз горизонталдуу жерде турган, кадимки иштөө абалындагы жабдылган транспорт каражатында жүргүзүлөт. Эгерде транспорт каражаты полду түшүрүү системасы менен жабдылган болсо, анда ал транспорт каражаты өзүнүн кадимки жүрүү деңгээлинде тургандай түрдө жөнгө салынышы керек.

2. Коммерциялык максатта пайдаланууга арналбаган транспорт каражаттарына, атайын жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт каражаттарына, M2G жана M3G категориясындагы автобустарга, ритуалдык кызмат көрсөтүүчү автобустарга, ошондой эле отургучтардын саны азайтылган, жогорку ыңгайлуулуктагы M2 жана M3 категориясындагы транспорт каражаттарына ушул тиркеменин 39-пунктунун, 40-пункттун 2, 3-пунктчаларынын, 41, 53, 54-пункттарынын, 55-пункттун 1, 2-пунктчаларынын, 55-пункттун 3-пунктчасынын үчүнчүдөн бешинчиге чейинки абзацтарынын талаптары колдонулбайт.

§ 5. Тормоздук системаларга карата талаптар

58. Транспорт каражаты төмөнкүдөй тормоздоо функцияларын аткарууга жөндөмдүү тормоздук системалар менен жабдылат:

1) жумушчу тормоздук система:

- бир башкаруу органынан бардык дөңгөлөктөргө таасир этет (L1-L4 категориясындагы транспорт каражаттарынан тышкары);

- айдоочунун башкаруу органына өз отургучунан таасир этүүсү, айдоочунун эки колу тең рулду башкаруу органында жайгашканда - транспорт каражатынын алдыга жана артка жылышында кыймылын толук токтогонго чейин жайлатат;

2) запастык тормоздук система төмөнкүлөргө жөндөмдүү:

- төрт же андан көп дөңгөлөктүү транспорт каражаттары үчүн - жумушчу тормоздук системасы же тормоздук күчөткүч иштебей калган учурда, жумушчу тормоздук системанын эки контурлуу системасынын жарымынан кем эмеси аркылуу экиден кем эмес дөңгөлөккө (транспорт каражатынын ар бир тарабында) тормоздук механизмдерге таасир этүүгө;

- үч дөңгөлөктүү транспорт каражаттары үчүн - тормоздук механизмдерге бөлүнгөн контурларга ээ системанын бир контуру аркылуу таасир этүү же өз отургучунда отурган айдоочу рулду кеминде бир колу менен кармап, токтоочу тормозду башкаруу органына таасир этүүгө;

3) токтотуп туруучу тормоздук система:

- кеминде бир октун бардык дөңгөлөктөрүн тормоздойт;

- башкаруу органы бар, ал ишке киргизилгенде транспорт каражатынын тормоздолгон абалын механикалык жол менен гана сактоого жөндөмдүү;

4) дөңгөлөктөрдөгү тормоздук күчтөр тормоздук системаларды башкаруу органдары иштетилбеген учурда пайда болбошу керек;

5) жумушчу жана запастык тормоздук системалардын аракети тормоздук системанын башкаруу органына таасир этүү күчү азайганда же көбөйгөндө тормоздук күчтөрдүн (транспорт каражатынын ылдамдыгын азайтуу) бир калыпта, адекваттуу азайышын же көбөйүшүн камсыз кылат;

6) төрт же андан көп дөңгөлөктүү транспорт каражаттарында гидравликалык тормоздук система кызыл сигналдык индикатор менен жабдылат, ал тормоздук суюктуктун агып кетишине байланыштуу гидравликалык тормоздук системанын кайсы бир бөлүгүндөгү бузулуу жөнүндө маалымат берген басым датчигинин сигналы боюнча күйөт;

7) башкаруу жана контролдоо органдары:

- жумушчу тормоздук система:

бут менен башкаруу органы (педаль) колдонулат, ал бут табигый абалда турганда тоскоолдуксуз кыймылдайт.

Бул талап физикалык мүмкүнчүлүктөрү транспорт каражатын буттун жардамы менен башкарууга мүмкүндүк бербеген адамдардын башкаруусу үчүн арналган транспорт каражаттарына жана L категориясындагы транспорт каражаттарына жайылтылбайт.

Педаль толугу менен басылганда педаль менен полдун ортосунда боштук болушу керек.

Педалды бошоткондо баштапкы абалына кайтып келиши керек;

- жумушчу тормоздук системада тормоздук накладкалардын сүрүлүүчү материалынын эскиришине байланыштуу компенсациялык жөнгө салуу каралат. Мындай жөнгө салуу төрт жана андан көп дөңгөлөктүү унаалардын бардык окторунда автоматтык түрдө ишке ашырылышы керек;

- жумушчу жана авариялык тормоздук системалар үчүн өзүнчө башкаруу органдары болгон учурда эки башкаруу органын бир убакта ишке киргизүү жумушчу жана авариялык тормоздук системаларынын бир убакта өчүүсүнө алып келбеши керек;

- токтоп туруучу тормоздук система:

токтоп туруучу тормоздук система жумушчу тормоздук системанын башкаруу органынан көз каранды болбогон башкаруу органы менен жабдылат.

Бул талап L1 жана L3 категорияларындагы транспорт каражаттарына тиешелүү эмес.

Токтоп туруучу тормоздук системанын башкаруу органы иштей турган бекитүүчү механизм менен жабдылат.

Токтоп туруучу тормоздук системада тормоздук накладкалардын сүрүлүүчү материалынын эскиришине байланыштуу кол менен же автоматтык түрдө компенсациялык жөнгө салуу каралат;

8) төрт октон ашпаган M2, M3, N2, N3, O3 жана O4 категорияларындагы транспорт каражаттары блоктоого каршы тормоздук системалар (АБС) менен жабдылат;

9) тормоздук системаларды мезгили менен техникалык текшерүүдөн өткөрүүнү камсыз кылуу максатында транспорт каражатынын жумушчу тормоздорунун накладкаларынын эскирүүсүн текшерүү мүмкүнчүлүгү, ага адатта тиркелген шаймандарды же түзүлүштөрдү гана колдонуу менен, мисалы, тиешелүү кароо тешиктери аркылуу же башка жол менен камсыздалат. Альтернатива катары айдоочуну жумуш ордунда накладкаларды алмаштыруу зарылдыгы жөнүндө эскертүүчү үн же оптикалык түзүлүштөргө жол берилет. Визуалдык эскертүүчү сигнал катары сары эскертүүчү сигнал колдонулушу мүмкүн.

§ 6. Шиналарга жана дөңгөлөктөргө карата талаптар

59. Транспорт каражатына орнотулган ар бир шина:

1) "E", "e" же "DOT" шайкештигинин белгилеринин жок дегенде бири менен таризделген маркалоосу бар;

маркалоонун үлгүсү 6-сүрөттө көрсөтүлгөн;

2) шинанын өлчөмүнүн, көтөрүмдүүлүк индексинин жана ылдамдык категориясынын индексинин белгилөөсүнүн таризделген маркалоосу бар.

6-сүрөт. Маркалоо үлгүсү

 

Эскертүү: 1. "E" жана "e" белгилери расмий бекитилген белгилер болуп саналат. Көп чекиттин ордуна БУУнун эрежелери же ЕБ директивалары боюнча транспорт каражатынын же компонентинин тибинин расмий түрдө бекитилгендиги жөнүндө билдирүүнү берген өлкөнүн айырмалоочу номери жана расмий бекитүү номери көрсөтүлөт.

§ 7. Көрүнүктүүлүктү камсыз кылуу каражаттарына карата талаптар

60. Транспорт каражатын башкара турган айдоочу алдыдагы жолду тоскоолдуксуз көрө алышы керек, ошондой эле транспорт каражатынын оң жана сол тарабын дагы көрө алышы керек.

61. Транспорт каражаты конструкцияга туруктуу орнотулган, алдынкы айнекти муз тоңуудан жана тердөөдөн тазалоого жөндөмдүү система менен жабдылат.

Айнекти тазалоо үчүн ысытылган абаны колдонгон системада желдеткич жана айнекке абаны чорголор аркылуу жеткирүүчү түтүк болушу керек.

62. Транспорт каражаты жок дегенде бир айнек тазалагыч жана алдынкы айнекти жуугучтун жок дегенде бир форсункасы менен жабдылат.

63. Айнек тазалагычтын ар бир щеткасы өчүрүлгөндөн кийин автоматтык түрдө тазалоо аймагынын чегинде же андан төмөн жайгашкан баштапкы абалына кайтып келет.

§ 8. Спидометрге карата талаптар

64. L, M жана N категориясындагы ар бир транспорт каражатында спидометр бар.

65. Спидометрдин көрсөткүчтөрү сутканын каалаган убагында көрүнүп турат.

66. Транспорт каражатынын спидометрдин көрсөткүчү боюнча ылдамдыгы анын иш жүзүндөгү ылдамдыгынан аз болбошу керек.

§ 9. M1, N1, L6 жана L7 категорияларындагы транспорт каражаттарынын (автомобилдик компоновкасы бар) рулдук башкаруусунун травмалык коопсуздугуна карата талаптар

67. Рулдун алкагы адатта ага тийген учурда айдоочунун кийимин же зер буюмдарын илип же кыпчып калбашы керек.

68. Рулдун алкагын күпчөккө бекитүү үчүн колдонулуучу болттор, эгерде алар сырт жагында болсо, бети менен бирдей болуп жылмаланат.

69. Жабылбаган металл спицалар, эгерде алардын белгиленген тегеректөө радиустары болсо колдонулушу мүмкүн.

§ 10. Коопсуздук курларына жана алар бекитилген жерлерге карата талаптар

70. II, III жана B класстагы M1, M2 жана M3 категорияларынын, N, L6 жана L7 категорияларынын (автомобилдик компоновкасы бар) транспорт каражаттарынын отургучтары, кыймылсыз транспорт каражатында гана колдонууга арналган отургучтарды кошпогондо, коопсуздук курлары менен жабдылат.

Бурууга же башка багыттарда орнотууга боло турган отургучтар болгон учурда, транспорт каражаты жүрүп бара жатканда колдонууга арналган багытта гана орнотулган коопсуздук курлары менен жабдылуусу зарыл.

71. Коопсуздук курларына төмөнкүдөй тартуучу түзүлүштөрдү колдонууга жол берилбейт:

1) чоюлган боонун узундугун жөндөөчү түзүлүшү жок;

2) боонун каалаган узундугун алуу үчүн түзүлүштү кол менен иштетүүнү талап кылган жана колдонуучу каалаган узундукка жеткенден кийин автоматтык түрдө бекитилген.

72. Үч чекитте бекитилген жана тартуучу түзүлүштөрү бар курлар диагоналдык боо үчүн жок эле дегенде бир тартуучу түзүлүшкө ээ болуш керек.

73. 11-таблицада транспорт каражаттарынын категориялары жана ар кандай отургучтарынын типтери үчүн коопсуздук курларынын типтерине карата минималдуу талаптар келтирилген.

 

11-таблица

Транспорт каражатынын категориясы

Кыймылдын багыты боюнча жайгашкан отургучтар

Кыймылдын багытына каршы жайгашкан отургучтар

капталдагы отургучтар

борбордук отургучтар

алдынкы

башка

алдынкы

башка

M1

L6 жана L7 (автомобилдик компоновкасы менен)

Ar4m

Br3 же Ar4m

Br3 же Ar4m

Br3 же Ar4m

B

M2 ≤ 3,5 т

Ar4m

Br3 же Ar4m

Br3 же Ar4m

Br3 же Ar4m

Br3

M2 > 3,5 т жана M3

Br3 же Ar4m

Br3 же Ar4m

Br3 же Ar4m

Br3 же Ar4m

Br3

N1

Ar4m

Ar4m же Br4m

θ

A же B*

B

B

N2 жана N3

A же B*

B

A же B*

B

B

Эскертүүлөр:

A: үч чекитте бекитилген кур (бел жана диагоналдык).

B: эки чекитте бекитилген кур (бел).

R: коопсуздук курунун боосун жарым-жартылай же толугу менен тартуучу түзүлүш.

3 - боонун керектүү узундугун алууга мүмкүндүк берүүчү жана таралга жабык учурда анын узундугун колдонуучу үчүн автоматтык түрдө жөнгө салуучу тартуучу түзүлүш. Колдонуучу кийлигишпестен боону түзүлүштөн андан ары чыгаруу мүмкүн эмес (автоматтык түрдө бекитилүүчү тартуучу түзүлүш).

4 - адаттагы кыймыл-аракет шарттарында колдонуучунун кыймыл эркиндигин чектебеген тартуучу түзүлүш. Мындай түзүлүш колдонуучунун дене түзүлүшүнө жараша боону автоматтык түрдө жөнгө салуучу узундукту жөнгө салуучу түзүлүштү жана авария болгон учурда транспорт каражатынын басаңдашынын таасири астында же транспорт каражатынын басаңдашынын, курдун кыймылынын же башка каалаган автоматтык түзүлүштүн (авариялык бекитилүүчү тартуучу түзүлүш) айкалышуусунда иштеп кетүүчү бекитүүчү механизмди камтыйт.

m - көп деңгээлдүү сезгичтиги бар авариялык бекитүүчү тартуучу түзүлүш.

Эки чекитте бекитилген курлар төмөнкүдөй отургучтарда гана колдонулушу мүмкүн:

- түздөн-түз алдыда отургучу бар; же

- транспорт каражатынын бир дагы элементи транспорт каражаты кыймылдап баратканда "баштапкы зонада" боло албайт. "Баштапкы зона" деп бири биринен 400 мм аралыкта H чекитине карата симметриялуу жайгашкан, эки вертикалдуу узунунан кеткен тегиздиктердин ортосундагы мейкиндик түшүнүлөт. Бул мейкиндик башынын диаметри 165 мм болгон моделдин вертикалдуу абалдан горизонталдуу абалга айлануусу (дененин кыймыл багыты боюнча алдыга ийилгенин имитациялоо) менен аныкталат. Бул модель H чекитине жана H чекитинен 127 мм алдыга орнотулат, ал эми айлануу огунан башынын моделинин чокусуна чейинки аралык 840 мм түзөт.

N1 категориясындагы транспорт каражаттарынын алдынкы отургучтарынан тышкары, каптал отургучтары үчүн, эгерде жүргүнчүлөрдүн транспорт каражатынын башка бөлүктөрүнө жетүүсүн камсыз кылуу үчүн отургуч менен транспорт каражатынын эң жакын каптал жагында өтмөк каралган болсо, бел курун орнотууга жол берилет. Эгерде бардык эшиктер жабык болгондо, бул каптал жак менен тиешелүү отургучтун борбору аркылуу өтүүчү, транспорт каражатынын ортонку узунунан кеткен тегиздигине перпендикуляр R чекитинде өлчөнүүчү вертикалдуу узунунан кеткен тегиздик ортосундагы аралык 500 мм ашса, отургуч менен каптал жактын ортосундагы мейкиндик өтмөк деп эсептелет.

(*) Жогоруда " " белгиси менен көрсөтүлгөн пункттагы аныктамага ылайык эгерде алдынкы айнек "баштапкы зонада" жайгашпаса, ал эми N2 жана N3 категориялары үчүн ошондой эле айдоочунун отургучуна бел курларын колдонууга жол берилет.

74. 75-пунктта көрсөтүлгөн учурдан тышкары, коопсуздук жаздыкчасы менен жабдылган ар бир жүргүнчүнүн отургучу үчүн, кыймылдын багытына каршы орнотулган балдарды кармоочу түзүлүштөрдү колдонууга тыюу салган эскертүү белгиси каралат. Түшүндүрмө текстти камтышы мүмкүн болгон пиктограмма түрүндөгү эскертүү этикеткасы бекем чапталат жана кыймыл багытына каршы жайгашкан балдарды кармоочу түзүлүштү орнотууну көздөгөн адам көрө ала тургандай болуп жайгаштырылат. Пиктограмманын мисалы 7-сүрөттө көрсөтүлгөн. Эскертүү белгиси бардык учурда, анын ичинде эшик жабык болгондо да көрүнүктүү болушу керек.

Түстөрү:

- пиктограмма - кызыл;

- отургуч, балдар отургучу жана коопсуздук жаздыкчасынын контурдук линиясы - кара;

- "Air Bag" сөзү ("коопсуздук жаздыкчасы"), ошондой эле коопсуздук жаздыкчасынын сүрөтү - ак.

7-сүрөт. Пиктограмманын мисалы

75. Эгерде транспорт каражаты сенсордук механизм менен жабдылган болсо 74-пунктундагы эскертүүлөр колдонулбайт, ал автоматтык түрдө кыймыл багытына каршы орнотулган балдарды кармоочу түзүлүштүн бар экендигин аныктайт жана мындай балдарды кармоочу система болгондо коопсуздук жаздыкчасынын иштешине жол бербейт.

76. Коопсуздук курлары төмөнкүдөй орнотулат:

1) Айдоочунун же жүргүнчүнүн алдыга жылышынын натыйжасында туура тагылган кур ийинден дээрлик жылып кетпейт;

2) Транспорт каражатынын конструкциясынын курч катуу элементтерине же балдарды кармоочу системалардын жана ISOFIX балдарды кармоочу системаларынын отургучтарына тийгенде коопсуздук курунун боолорунун бүлүнүү мүмкүнчүлүгү дээрлик жок.

77. Коопсуздук курларынын түзүлүшү жана орнотулушу аларды каалаган убакта курчанууга мүмкүндүк берет. Эгерде отургуч жыйылуу же отургучтун жаздыгы жана/же отургучтун жөлөнгүчү транспорт каражатынын артына же жүк же багаж бөлүмүнө кирүүгө мүмкүндүк берүү үчүн бүктөлсө, анда аларды чалкалаткандан жана андан кийин кадимки абалга орнотулгандан кийин, каралган коопсуздук курлары жеткиликтүү болууга тийиш же колдонуучу отургучтун астынан же болбосо отургучтан башка бирөөнүн жардамысыз оңой алышы керек.

78. Таралганы ачуу үчүн колдонулган түзүлүш колдонуучу үчүн көрүнүктүү жана жеткиликтүү жерде болот жана күтүүсүз жана капысынан ачылып кетүү мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылган түрдө конструкцияланат.

79. Таралга транспорт каражатынан айдоочу менен жүргүнчүнү ыкчам чыгаруу зарыл болгон учурда куткаруучу үчүн жеткиликтүү болгондой жерге жайгаштырылат.

80. Таралга ачык абалда жана колдонуучунун салмагы астындагы дагы ал сол жана оң колу менен бир багытта жөнөкөй кыймыл менен ача тургандай түрдө орнотулат.

81. Тагылган коопсуздук куру автоматтык түрдө жөнгө салынат же кол менен жөнгө салынган түзүлүш отурган колдонуучу оңой жеткен жана колдонууга ыңгайлуу жана жеңил болгон түрдө конструкцияланат. Мындан тышкары, колдонуучу курду өзүнүн түзүлүшүнө жана транспорт каражатынын отургучу турган абалга ылайыкташтырып, бир колу менен тарта алган абалда болушу керек.

82. Ар бир отуруучу орун колдонулуучу курдун тибине ылайык келген коопсуздук курлары бекитилген жерлер менен жабдылат.

83. Эгерде алдынкы жана арткы отургучтарга өтүүнү камсыз кылуу үчүн эки ооздуу эшик конструкциясы колдонулса, анда курду бекитүү системасынын конструкциясы транспорт каражатына эркин кирүүгө жана андан чыгууга тоскоол болбошу керек.

84. Бекитүү жерлери катуулугу жана бекемдиги жетишсиз болгон жука жана/же жалпак панелдерде же жука түтүктөрдө жайгаштырылбайт.

85. Коопсуздук курлары бекитилген жерлерди визуалдык кароодо ширетилген жерде боштуктар, көзгө көрүнгөн кемчиликтер болбошу керек.

86. Коопсуздук курлары бекитилген жерлердин конструкцияларында колдонулган болттор 8.8 же андан бекем класстан болушу керек. Мындай болттор алты кырлуу башында 8.8 же 12.9 белгилөөсү менен маркаланат, бирок көрсөтүлгөн белгилөөлөр менен маркаланбаган коопсуздук курларын бекитүү үчүн 7/16 UN F (аноддолгон каптамалуу) болттор эквиваленттүү бекемдиктеги болттор катары каралышы мүмкүн. Болттордун сайынын диаметри М8 кем эмес.

§ 11. Отургучтарга жана алардын бекиткичтерине карата талаптар

87. Отургучтар шассиге же транспорт каражатынын башка бөлүктөрүнө бекем бекитилет.

88. Жаздыктын абалын жана отургучтун жөлөнгүчүнүн жантаюу бурчун узунунан жөнгө салуу механизмдери же отургучту жылдыруу механизми менен (жүргүнчүлөрдү отургузуу жана түшүрүү үчүн) жабдылган транспорт каражаттарында көрсөтүлгөн механизмдер ишке жарамдуу болушу керек. Жөнгө салуу же колдонуу токтотулгандан кийин бул механизмдер автоматтык түрдө бөгөттөлөт.

89. Баш жөлөнгүчтөр M1, M2 (техникалык жол берилген максималдуу массасы 3,5 тоннадан жогору эмес) жана N1 категорияларындагы транспорт каражаттарынын ар бир алдынкы капталдагы отургучуна орнотулат.

§ 12. M1, L6 жана L7 (жабык типтеги кузовдуу) категориядагы транспорт каражаттарынын ички жабдуусунун травмалык коопсуздугуна карата талаптар

90. Транспорт каражатынын жүргүнчүлөр жайынын ички көлөмүнүн бетинде курч кырлар болбошу керек.

Эскертүү: Курч кыр деп катуу материалдын бийиктиги 3,2 ммден ашпаган бетиндеги урчуктарды кошпогондо, тегерек радиусу 2,5 ммден аз болгон кыры эсептелет. Мындай учурда минималдуу ийилүү радиусуна коюлган талаптар урчуктун бийиктиги анын туурасынын жарымынан ашпаган жана четтери курч болбогон шартта колдонулбайт.

91. Транспорт каражаты жүргөн убакта адаттагы пайдалануу үчүн арналган, артында отургуч жайгашкан отургучтун каркасынын бетинин үстү жана арткы бөлүгү катуу эмес каптама материал менен капталат.

Эскертүү: Катуу эмес каптама материал деп манжа менен басып киргизүүгө мүмкүн болгон жана басым алынгандан кийин баштапкы абалына кайтып келген, ал эми кысылганда ал капталган бетке түз тийүүдөн коргоо жөндөмүн сактап калган материал эсептелет.

92. Буюмдар үчүн текчелер же интерьердин ушул сыяктуу элементтеринин чыгып турган четтери бар кронштейндер же бекитүүчү бөлүктөрү болбошу керек жана эгерде алардын транспорт каражатынын ичине чыгып турган бөлүктөрү болсо, анда мындай бөлүктөрдүн бийиктиги кеминде 25 мм, тегеректелген радиусу кеминде 3,2 мм болушу керек жана катуу эмес каптама материал менен капталууга тийиш.

93. Отурган айдоочу менен жүргүнчүнүн алдында жана үстүндө жайгашкан, диаметри 165 мм болгон аралык менен тийиши мүмкүн болгон кузовдун ички бети жана ага орнотулган элементтер (мисалы, кармагычтар, лампалар, күндөн коргоочулар) аларда катуу материалдан жасалган чыгып турган бөлүктөрү болгон учурда, төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:

1) чыгып турган бөлүктөрдүн туурасы чыгып туруу чоңдугунан кем эмес;

2) эгерде бул чатырдын элементтери болсо, четтерин тегеректөө радиусу 5 мм кем эмес;

3) эгерде бул чатырга орнотулган компоненттер болсо, тийишкен кырлардын тегеректөө радиустары 3,2 мм кем болбошу керек;

4) айнектелген беттердин алдынкы рамкаларынан жана эшик рамкаларынан тышкары, катуу материалдан жасалган чатырдын бардык планкалары жана капталдары төмөн карай 19 мм ашык чыкпайт.

94. 93-пункттун талаптары, анын ичинде чатыры ачылуучу транспорт каражаттарына, анын ичинде "жабык" абалда турган ачуучу жана жабуучу түзүлүштөргө колдонулат, бирок катуу эмес каптама материал менен капталган, бүктөлгөн үстүнкү деталдары жана бүктөлүүчү чатырдын каркас элементтери бөлүгүндө бүктөлүүчү жумшак чатыры бар транспорт каражаттарына колдонулбайт.

§ 13. M1, N , L6 жана L7 ( жабык типтеги кузовдуу) категориясындагы транспорт каражаттарынын эшиктерине, кулпуларына жана эшиктердин илгичтерине карата талаптар

95. Транспорт каражатына кирүүгө мүмкүндүк берген бардык эшиктер жабык абалда кулпулар менен бекем бекитиле алат.

96. Айдоочу жана жүргүнчүлөр кирүүчү жана чыгуучу эшиктердин кулпуларынын механизмдери эки абалда бекитилет: аралыктуу жана акыркы.

97. Илмекке бекитилген эшиктердин кулпу механизмдери 300 Н барабар күч жумшалганда аралыктуу дагы, акыркы бекитүү абалында дагы ачылбайт.

§ 14. M1, N , L6 жана L7 категориясындагы транспорт каражаттарынын сырткы урчуктарынын травмалык коопсуздугуна карата талаптар

98. Кузовдун тышкы бетинде, пол сызыгы менен жолдун бетинен 2 метр бийиктиктин ортосунда жайгашкан аймакта транспорт каражатына тийүүсү мүмкүн болгон каалаган адамды илип кетүүсү (кыпчып калуусу) же жаракат алуу тобокелин же жаракат алуунун оордугунун деңгээлин жогорулатышы мүмкүн болгон конструкциялык элементтер жайгаштырылбайт.

99. Бекитилген бетинен 10 мм ашык чыгып турган эмблемалар жана башка декоративдик буюмдар, анын ичинде бардык негиздер 100 Н күч жумшалганда ийиле алат же сына алат, ал эми ийилген же сынган абалда алар бекитилген беттен 10 мм ашык чыкпайт.

100. Дөңгөлөктөр, дөңгөлөктөрдүн бекиткич бурамалары же болттору, күпчөктүн капкактары жана дөңгөлөк капкактары дөңгөлөктүн алкагынын бетинен сыртка чыгып турган учтуу же кескич кырга ээ эмес.

101. Дөңгөлөктөрдө кулактуу бурамалар болбойт.

102. Дөңгөлөктөр кузовдун тышкы контурунун пландагы чегинен чыкпайт, бирок шиналардан, дөңгөлөк капкактарынан жана дөңгөлөктөрдүн бекиткич бурамаларынан тышкары.

103. Капталдагы аба дефлекторлору же суу агызчу желобдор, эгерде алардын четтери 100 мм диаметрдеги шарга тийбей тургандай кузов тарапка ийилбеген болсо, кырынын тегеректөө радиусу 1 мм кем эмес болот.

104. Бампердин учтары аларга диаметри 100 мм шар тийбей тургандай абалда кузов тарапка ийилет жана бампердин чети менен кузовдун ортосундагы аралык 20 мм ашпайт. Альтернатива катары бампердин учтары кузовдун оюктарына киргизилип бекемделет же кузов менен жалпы тегиздикте болушу мүмкүн.

105. Чиркөөчү чынжырлар жана лебедкалар (эгер болсо) бампердин алдынкы бетинен чыгып турбайт. Эгерде лебедка тегеректөө радиусу 2,5 мм кем эмес тиешелүү коргоочу элемент менен капталган болсо, анын бампердин алдынкы бетинен чыгып турушуна жол берилет.

106. M1, N1, L6 жана L7 категориясындагы транспорт каражаттары үчүн эшиктердин жана жүк салгычтын туткалары кузовдун сырткы бетинен 40 мм ашык чыкпайт, ал эми калган чыгып турган элементтер - 30 мм ашпайт.

107. N2 жана N3 категориясындагы транспорт каражаттары үчүн кабинанын сырткы бетинен эшик баскычтары 30 мм ашык, капоттун кармоочу жана туткалары 70 мм ашык, калган чыгып турган элементтери - 50 мм ашык чыкпайт.

108. Эшиктин тегиздигине параллелдүү айланма туткалардын ачык учтары кузовдун бетине карай ийилген болушу керек.

109. Сыртта бардык багытта, бирок эшиктин бетине параллелдүү эмес айланган айлануучу туткалар жабык абалда коргоочу алкак менен тосулат же ичкери киргизилет. Тутканын учу артка же төмөн карай багытталат.

110. Транспорт каражатынын сырткы бетине карата сыртка ачылуучу терезе айнектери ачылган учурда алдыга караган кырга ээ эмес, ошондой эле транспорт каражатынын габариттик туурасынын чегинен чыкпайт.

111. Фаралардын алкактары жана калкалары фара айнегинин бетинин эң чыгып турган чекитине карата 30 мм ашык чыкпашы керек (фаранын айнеги жана фаранын калкасы менен диаметри 100 мм шар бир учурда тийген чекиттен горизонталдуу өлчөөдө).

112. Домкрат үчүн кронштейндер алардын үстүндө түздөн-түз жайгашкан полдун сызыгынын вертикалдуу проекциясынан 10 мм ашык чыкпайт.

113. Чыгуучу түтүктөр алардын үстүндө түздөн-түз жайгашкан полдун сызыгынын вертикалдуу проекциясынан 10 мм ашык чыкпайт, тегеректөө радиусу 2,5 мм кем эмес тегизделген бурч же сап менен аяктайт.

114. Баскычтардын жана тепкичтердин кыры тегизделиши керек.

115. Капталдагы аба өткөргүчтөр, жамгыр калкандары жана кирге каршы терезе дефлекторлорунун сыртка чыгып турган четтеринин ийрилик радиусу 1 мм кем эмес жасалат.

§ 15. Арткы жана капталдан коргоочу түзүлүштөргө карата талаптар

116. N2, N3 (сүйрөгүчтөн тышкары), O3 жана O4 категориясындагы транспорт каражаттарына жол-транспорт кырсыгы болгон учурда транспорт каражатынын алдына жеңил автомобилдин кирип кетүүсүн жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк берүүчү арткы жана капталдан коргоочу түзүлүштөр орнотулат.

Конструкциялык өзгөчөлүктөрү тиешелүү түзүлүштөрдү орнотууга мүмкүндүк бербеген транспорт каражаттарында арткы коргоочу түзүлүштөрдүн жок болушуна жол берилет.

Конструкциялык өзгөчөлүктөрү жана арналышы тиешелүү талаптардын аткарылышын толук өлчөмдө камсыз кылууга мүмкүндүк бербеген транспорт каражаттарына белгиленген талаптардан четтөөсү бар капталдан коргоочу түзүлүштөрдү орнотууга жол берилет.

117. Арткы коргоочу түзүлүш туурасы боюнча арткы октун туурасынан ашпашы керек жана анын ар бир тарабынан 100 мм ашык кыска болбошу зарыл.

118. Арткы коргоочу түзүлүштүн бийиктиги 100 мм кем эмес болушу керек.

119. Арткы коргоочу түзүлүштүн учтары артка ийилген болбошу керек.

120. Арткы коргоочу түзүлүштүн арткы бети транспорт каражатынын арткы габаритинен 400 мм ашык алыстыкта жайгашпоосу керек.

121. Арткы коргоочу түзүлүштүн кырлары 2,5 мм кем эмес радиуста тегизделет.

122. Таяныч бетинен арткы коргоочу түзүлүштүн төмөнкү четине чейинки аралык анын бардык узундугу боюнча 550 мм ашпайт.

123. Капталдан коргоочу түзүлүш транспорт каражатынын габариттеринен туурасы боюнча чыгып турбашы керек.

124. Капталдан коргоочу түзүлүштүн сырткы бети транспорт каражатынын каптал габаритинен ички жакка карай 120 мм ашык алыстыкта болбошу керек. Арткы бөлүгүндө узундугу кеминде 250 мм болгон аралыкта капталдан коргоочу түзүлүштүн сырткы бети арткы сырткы шинанын тышкы четинен ички жакка карай 30 мм ашпаган алыстыкта болбошу керек (транспорт каражатынын салмагынан улам шинанын төмөнкү бөлүгүнүн басылганын эсепке албастан).

Болттор, заклепкалар жана башка бекитүүчү деталдар сырткы бетинен 10 мм чейинки аралыкка чыгышы мүмкүн. Бардык кырлар кеминде 2,5 мм радиуста тегизделиши керек.

125. Эгерде капталдан коргоочу түзүлүш горизонталдуу профилдерден турса, алардын ортосундагы аралык 300 мм ашпашы керек жана алардын бийиктиги төмөнкүдөй болууга тийиш:

1) N2 жана O3 категориясындагы транспорт каражаттары үчүн кеминде 50 мм;

2) N3 жана O4 категориясындагы транспорт каражаттары үчүн кеминде 100 мм.

126. Капталдан коргоочу түзүлүштүн алдынкы учу горизонталы боюнча төмөнкүдөй аралыкта болот:

1) жүк ташуучу автомобилдер үчүн алдынкы дөңгөлөктүн шинасынын протекторунун арткы бетинен 300 мм ашык эмес. Эгер көрсөтүлгөн аймакта кабина жайгашкан болсо, анда кабинанын арткы бетинен 100 мм ашык эмес;

2) чиркегичтер үчүн алдынкы дөңгөлөктүн шинасынын протекторунун арткы бетинен 500 мм ашык эмес;

3) жарым чиркегичтер үчүн таянычтардан 250 мм ашык эмес жана негиздин борборунан 2,7 м ашык эмес.

127. Капталдан коргоочу түзүлүштүн арткы учу горизонталы боюнча арткы дөңгөлөктүн шинасынын протекторунун алдынкы бетинен 300 мм ашык эмес алыстыкта болот.

128. Таяныч бетинен капталдан коргоочу түзүлүштүн төмөнкү кырына чейинки аралык анын бардык узундугу боюнча 550 мм ашпайт.

129. Кузовго туруктуу бекитилген запас дөңгөлөк, аккумулятордук батареялар үчүн контейнер, отун бактары, тормоз системасынын ресиверлери жана башка компоненттер, эгерде алар капталдан коргоочу түзүлүшкө коюлган өлчөм талаптарына жооп берсе, анда анын бөлүгү катары каралышы мүмкүн.

130. Капталдан коргоочу түзүлүш аба жана гидравликалык түтүк өткөргүчтөрдү бекитүү үчүн колдонулбайт.

§ 16. Өрт коопсуздугуна карата талаптар

131. Отун багын (бактарды) толтурган учурда төгүлүшү мүмкүн болгон отун газдарды чыгаруу системасына түшпөйт, жерге карай багытталат.

132. Отун багы (бактары) жүргүнчү жайына же анын курамдык бөлүгү болуп эсептелген башка жайга жайгаштырылбайт жана анын кандайдыр бир бетин түзбөйт (полу, дубалы, тосмосу). Жүргүнчү жайы отун багынан (бактарынан) тосмо менен бөлүнөт. Эгерде тосмодо тешиктер бар болсо, алар адаттагы пайдалануу шарттарында бактагы (бактардагы) отун жүргүнчү жайына же анын курамдык бөлүгү болуп эсептелген башка бөлүмүнө эркин агып кирип кетпей турган түрдө жасалат.

133. Отун багынын куюу оозу салондо, жүк бөлүгүндө жана кыймылдаткыч бөлүгүндө жайгашпайт жана отундун төгүлүшүн алдын ала турган капкак менен жабдылат.

134. Куюу оозунун капкагы май куюучу түтүккө бекитилет.

135. 134-пунктунун эскертүүлөрү куюу оозунун капкагы жок болгон учурда ашыкча буу жана отундун чыгышын алдын алуу үчүн чаралар көрүлгөндө дагы аткарылды деп эсептелет.

Бул төмөнкү чаралардын бири менен камсыздалышы мүмкүн:

1) отун багынын куюу оозу автоматтык түрдө ачылуучу жана жабылуучу, алынбай турган капкагын колдонуу;

2) куюу оозунун капкагы жок болгон учурда ашыкча буу жана отундун чыгышына жол бербей турган конструкциянын элементтерин колдонуу;

3) ушундай эле натыйжаны берген башка чараларды көрүү. Мисалдарга көбүнчө троско туташтырылган капкак, чынжыр менен жабдылган капкак же транспорт каражатын от алдыруу үчүн колдонулган ачкыч менен ачыла турган капкак кириши мүмкүн. Акыркы мисалда ачкыч куюу оозунун капкагынан ал жабык абалда гана алынууга тийиш.

136. Капкак менен куюу түтүгүнүн ортосундагы тыгыздоочу бекем бекитилет. Капкак жабылган абалда тыгыздоочуга жана куюу түтүгүнө тыгыз жабышат.

137. Отун багы транспорт каражатынын фронталдык же каптал менен кагылышуусунда корголушу үчүн отун багынын (бактарынын) жанында чыгып турган элементтер, курч кырлар ж.б. болбойт.

138. Отун системасынын компоненттери шассинин же кузовдун бөлүктөрү аркылуу жер бетиндеги мүмкүн болгон тоскоолдуктар менен кагылышуудан корголот. Эгерде транспорт каражатынын астынкы бөлүгүндө турган компоненттер жерге карата алардын алдында жайгашкан кузов же шасси бөлүгүнөн жогору болсо мындай коргоо талап кылынбайт.

 

 

 

Жеке ишкер катары катталган юридикалык жак жана жеке жак тарабынан үчүнчү өлкөлөрдөн  ташып келинген, чыгарылган күндөн тартып 3 жылдан ашпаган транспорт каражаттарынын шайкештигин  баалоо эрежелерине 2-тиркеме

 

Транспорт каражатынын шайкештигин баалоо жөнүндө корутунду

 

______________________________ (бланктын эсептик номери)

 

N ______________________________

 

Контролдоо органы

______________________________________________________________ (толук жана кыскартылган аталышы, дареги, аккредитация аттестатынын колдонуу мөөнөтүнүн аякташы)

 

Транспорт каражаты

Маркасы

 

Коммерциялык аталышы

 

Тиби

 

Шасси (башка даярдоочунун шассисин колдонгондо гана)

 

Идентификациялык номери (vin)

 

Чыгарылган жылы

 

Категория

 

Өтүнмө ээси жана дареги

 

Даярдоочу жана анын дареги

 

Топтоочу завод жана анын дареги

 

Транспорт каражатынын жалпы мүнөздөмөсү

Дөңгөлөк формуласы/тартуучу дөңгөлөктөр

 

Транспорт каражатын компоновкалоо схемасы

 

Кузов тиби/эшиктердин саны

 

Алдыдагы/арттагы отургучтардын саны

 

Жүк салуучу жердин жасалышы (N категориясы үчүн)

 

Кабина (N категориясы үчүн)

 

Жүргүнчү сыйымдуулугу (M2, M3 категориясы үчүн)

 

Багаж бөлүгүнүн жалпы көлөмү (III класстагы M3 категориясы үчүн)

 

Отуруучу орундардын саны (M2, M3 категориялары үчүн)

 

Октун/дөңгөлөктөрдүн саны (O категориясы үчүн)

 

Транспорт каражатынын жабдылган абалдагы салмагы, кг

 

Транспорт каражатынын техникалык жактан жол берилген максималдуу салмагы, кг

 

Габариттик өлчөмдөрү, мм

- узуну;

- туурасы;

- бийиктиги

 

База, мм

 

Алдынкы/арткы дөңгөлөктөрдүн изи

 

Гибриддик транспорт каражатынын сыпаттамасы

Тышкы булактан кубаттоо каралганбы же каралган эмеспи; каралган иштөө режимдери (санап бериңиз): ички күйүү кыймылдаткыч гана, электр кыймылдаткыч гана, айкалыштырылган (бул режимдин кыскача сыпатталышы)

Ички күйүү кыймылдаткыч (маркасы, тиби)

цилиндрлердин саны жана жайгашуусу

цилиндрлердин жумушчу көлөмү, см3;

кысуу даражасы

максималдуу кубаттуулугу, кВт (мин.-1); отун

 

Кубаттоо системасы (тиби)

 

Күйгүзүү системасы (тиби)

 

Иштелип чыккан газдарды чыгаруу жана нейтрализациялоо системасы

 

Электромобилдин электркыймылдаткычы (маркасы, тиби)

(туруктуу же өзгөрүлмө ток, өзгөрүлмө ток болсо - синхрондук же асинхрондук, фазалардын саны)

Жумушчу чыңалуусу, В

 

Максималдуу 30 мүнөттүк кубаттуулук, кВт

 

Энергияны топтоочу түзүлүш (электромобилдер жана гибриддик транспорт каражаттары үчүн гана)

(батарея, конденсатор, маховик/генератор)

Трансмиссия

(трансмиссиянын тиби жана схемасынын сыпатталышы)

Электр машинасы: (маркасы, тиби),

(ар бир электр машинасынын сыпатталышы: негизги функциясы (кыймылдаткыч же генератор), туруктуу же өзгөрүлмө ток, өзгөрүлмө ток болсо - синхрондук же асинхрондук, фазалардын саны)

Жумушчу чыңалуусу, В

 

Максималдуу 30 мүнөттүк кубаттуулук, кВт;

Ажыраткыч (маркасы, тиби);

Которуу кутучасы (маркасы, тип)

 

Подвеска (тиби)

- алдынкы;

- арткы

Рулдук башкаруу (маркасы, тиби)

 

Тормоз системалары (тиби)

- жумушчу;

- запастагы;

- токтоп туруучу

 

Шиналар (өлчөмүн белгилөө)

 

Транспорт каражатынын кошумча түзүлүштөрү

 

Кубаттандыруу системасы (тиби)

 

Корутунду __________________________________________________________                                                 шайкеш келет/шайкеш келбейт

 

Кошумча маалымат (жалпы колдонуудагы жолдордо чектөөсүз же габариттери жана октун салмагы боюнча ченемдерден ашканына байланыштуу чектөөлөр менен колдонуу мүмкүнчүлүгү, маршруттук транспорт каражаты катары колдонуу мүмкүнчүлүгү ж.б.)

 

Тариздөө күнү 20___-ж. "___" ____________

 

Контролдоочу органдын жетекчиси ______________ ___________________________                                                                        колу                           аты-жөнү

 

 

 

 

Жеке ишкер катары катталган юридикалык жак жана жеке жак тарабынан үчүнчү өлкөлөрдөн ташып келинген, чыгарылган күндөн тартып 3 жылдан ашпаган транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоо эрежелерине 3-тиркеме

Шайкештигин баалоо жөнүндө корутундуну каттоо номеринин ТҮЗҮМҮ

1-бөлүм

2-бөлүм

3-бөлүм

4-бөлүм

KG417/

ХХ

XXХ

ХХХХХХХ

мында:

1-бөлүм - транспорт каражатынын шайкештигин баалоо жөнүндө корутунду берген өлкөнүн коду;

2-бөлүм - даярдоочу жайгашкан мамлекеттин коду (латын алфавитинин тамгаларынан турган эки орундуу код);

3-бөлүм - шайкештикти баалоо жөнүндө документ берген уюмдун коду (белгилердин саны аталган уюм түзгөн кодго жараша болот);

4-бөлүм - документтин катар номери, 0000001ден баштап.