Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР
КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 16-январы № 14-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2025-жылдын 29-сентябрында Минск шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы реадмиссиялоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Жогоруда аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу болуп Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын “16” январындагы № 14-т тескемеси менен жактырылган |
2025-жылдын 29-сентябрында Минск шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер
Кабинети менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы реадмиссиялоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу
2025-жылдын 29-сентябрында Минск шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы реадмиссиялоо жөнүндө макулдашуу (мындан ары – Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
Макулдашуу эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган ченемдерине ылайык тиешелүү Тараптын аймагында мыйзамсыз жүргөн адамдарды кабыл алууну, чыгарылууга тийиш болгон адамдарды транзиттөөнү жеңилдетүүнү жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө бир кыйла тыгыз өз аракеттенүүнү жөнгө салууну карайт.
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын жана Беларусь Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарына зарыл болгон биргелешкен иш-чараларды кыйла тыгыз байланышта өткөрүүгө жана өз ара мамиленин негизинде экинчи Тараптын аймагына уруксатсыз кирген жана/же жашап турган адамдарды реадмиссиялоо жана чыгарылууга тийиш болгон адамдардын транзиттөө маселелеринде бири-бирине көмөк көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берилет.
“2025-жылдын 29-сентябрында Минск шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы реадмиссиялоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт, ошондой эле республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт.
Макулдашуунун долбоору кол коюлганга чейин белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери менен макулдашуу жол-жобосунан өткөрүлгөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-июнундагы № 320-т тескемеси менен жактырылган.