Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 22-январы № 30
(КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2026-жылдын 31-июлу № 553 тескемесинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 387 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана бюрократиядан арылтууга багытталган реформаларды андан ары ишке ашыруу жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17, 18-беренелерине ылайык:
1..Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 387 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана бюрократиядан арылтууга багытталган реформаларды андан ары ишке ашыруу жөнүндө” Жарлыгынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары – комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2..Комиссия мамлекеттик органдар тарабынан берилүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин жогоруда аталган Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө маалыматтын үзгүлтүксүз каралышын камсыз кылсын.
3..Комиссиянын ишин уюштурууну камсыз кылуучу органдар болуп Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту менен бирдикте аныкталсын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1).Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2025-жылдын 17-мартындагы № 167 тескемеси;
2).Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2025-жылдын 17-июнундагы № 359 тескемеси.
Председатель Кабинета Министров Кыргызской Республики |
| А.А. Касымалиев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 387 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана бюрократиядан арылтууга багытталган реформаларды андан ары ишке ашыруу жөнүндө” Жарлыгынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы
(КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2026-жылдын 31-июлу № 553 тескемесинин редакциясына ылайык)
Касымалиев Адылбек Алешович | - | – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
|
Маматканов Улан Эркинович | - | – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;
|
Кадыралиев Азамат Сактанбекович | - | – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын начальниги, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;
|
Баетов Аяз Батыркулович | - | – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары статусундагы Кыргыз Республикасынын юстиция министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Укушов Мурат Каниметович |
| – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги;
|
Апсатаров Азамат Бекбосунович |
| – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги;
|
Ташбеков Нурбек Кудайбердиевич |
| -Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги;
|
Сулайманкулов Нурлан Арзыматович |
| – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы; |
Джантаев Эльчибек Нуржадыевич |
| – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
|
Айдаров Айбек Самудинович |
| – Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; |
Адилбек уулу Шумкарбек
|
| – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директору. |