Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Экономика жана коммерция
министрлигинин
2026-жылдын 12-январындагы № 1
буйругуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин
тутумунда коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын
ТИЗМЕСИ
№ | Мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын функциясы (ыйгарым укугу) | Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлар жана кырдаалдар | Коррупци- ялык тобо-келдиктин категориясы: системалуу (реалдуу), потенциалдуу,кырдаалдык | Корруп-циялык тобокел-диктин деңгээли (төмөн, орто, жогорку) | Түзүмдүк бөлүмдүн (борбордук аппараттын, аймактык же ведомстволук бөлүмдүн, мекеменин) аталышы | Коррупциялык тобокелдикке кабылган кызмат орундары | Башка мамлекеттик органдарда / ЖӨАБОда коррупциялык тобокелдиктин пайда болушу мүмкүнбү (ооба болсо, кайсы экенин көрсөтүнүз) |
Жөнгө салуучу функциялар | |||||||
1. | Өзгөчө товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо/импорттоо/ транзиттөө үчүн уруксат берүүчү документти (лицензия/ уруксат/ корутунду) берүү же уруксат берүүчү документти берүүдүөн баш тартуу | Түздөн-түз байланышууда сүйлөшүп алуу мүмкүнчүлүгү; документтерди берүүнүн толуктугуна жана мөөнөттөрүнө карата арыз ээлерине “катуу” жана “жумшак” талаптарды колдонуу мүмкүнчүлүгү; документтерди кароону жана чечимди даярдоону “тездетүү” же “создуктуруу” мүмкүнчүлүгү. | Кырдаалдык | Орто | Соода саясаты башкармалыгынын Экспорттук контролдоо жана лицензиялоо бөлүмү | Башкармалыктын начальниги, Бөлүм башчысы, жетектөөчү адис. | Бул тобокелдиктер лицензияларды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүүгө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
2. | Экспорттук контролдоо жаатындагы чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | Экспорттук контролдоо чараларын иштеп чыгууда ашыкча талаптарды белгилөө; конкреттүү субъектгерге талаптарды иштеп чыгуу | Кырдаалдык | Орто | Соода саясаты башкармалыгынын Экспорттук контролдоо жана лицензиялоо бөлүмү | Башкармалыктын начальниги, Бөлүм башчысы, Башкы адис. | Бул тобокелдиктер лицензияларды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүүгө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
3. | Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин талдоого (ЖСТТ) экспертиза жүрүгүзүү | Оң/терс корутунду берүү аркылуу жеке маселелерди чечүү үчүн иштеп чыгуучу менен байланышуу мүмкүнчүлүгү | Потенциалдуу | Төмөн | Бизнес-чөйрө саясаты башкармалыгынын Лицензиялык-уруксат берүү системасы, контролдоо-көзөмөлдөө чөйрөсү жана ЖСТТ саясаты бөлүмү | Башкармалыктын начальниги, Бөлүм башчысы, Башкы адис, Жетектөөчү адис. | Бул тобокелдик ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна жөнгө салуучу таасирин талдоону (ЖСТТ) иштеп чыгуучу бардык мамлекеттик органдарга жана адамдарга тиешелүү болушу мүмкүн |
4. | Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү | Товардык рыноктогу атаандаштыктын абалына талдоо жүргүзүүдө жана субъекттин бул рыноктогу үлүшүн аныктоодо субъект менен түздөн-түз байланьппууда сүйлөшүп алуу мүмкүнчүлүгү; субъекттердин үлүштөрүн эсептөөдө ар кандай маанилерди (көллөмдөрдү) колдонуу | Кырдаалдык | Төмөн | ЭКМге караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талдоо, отчеттуулук жана ЕЭК менен өз ара аракеттенүү башкармалыгы | Төрага, Төраганын орун басары, Башкармалыктын начальниги. | Бул тобокелдиктер субъекттин ишинин көрсөткүчтөрүн берүүчү мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
5. | Табигый монополия субъекттеринин ишин мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашыруу, анын ичинде эсепке алуу саясатын, табигый монополия субъектинин жөнгө салынуучу товарларын (жумуштарын жана кызмат көрсөтүүлөрүн) жеткирүүгө (сатып алууга) контракттардын формаларын, негизги каражаттарын кайра баалоону жүргүзүүдө жана табигый монополия субъекттеринин жөнгө салынуучу товарларынын (жумуштарынын, кызмат көрсөтүүлөрүнүн) түрлөрү боюнча кирешелердин, чыгымдардын жана тартылган активдердин өзүнчө эсебин жүргүзүү методикасын макулдашууда, ошондой эле бүтүмдөрдү жасоого өтүнмөлөрдү кароодо | Табигый монополия субъектинин пайдасына чечим чыгаруу жана мүмкүн болгон сүйлөшүп алуу; мыйзамдардын ченемдерин жана табигый монополия субъекттеринин жана товарларын, жумуштарын жана кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарыньш балансын бузуу.
| Кырдаалдык | Орто | ЭКМге караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматьнын: Жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгынын Табигый монополияларды жана үстөмдүк кылган структуралардын рынокторун жөнгө салуу бөлүмү; Аймактык бөлүмдөр | Төрага, Төраганын орун басары, Башкармалыктын начальниги. Бөлүм башчысы.
Бөлүм башчылар. | Бул тобокелдиктер тармактык мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
6. | Билим берүү кызмат көрсөтүүүлөрүнөн тышкары, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрү, уюмдар, мекемелер тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарга (жумуштарга) тарифтерди (бааларды) белгиленген тартипте макулдашуу, ошондой эле аткаруу бийлигинин органдары жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан берилүүчү уруксат берүүчү документтердин наркын белгиленген тартипте макулдашуу. | Тарифтерди (бааларды) жогорулатуу аркылуу жеке кызыкчылыктарды алуу максатында мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен байланышуу мүмкүнчүлүгү | Кырдаалдык | Орто | ЭКМге караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын: Жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгы; Акы төлөнүүчү кызматтарды жөнгө салуу сектору; Аймактык бөлүмдөр. | Төрага, Төраганын орун басары, Башкармалыктын начальниги. Сектор башчысы.
Бөлүм башчысы. | Бул тобокелдиктер акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүчө жана уруксат берүүчү бардык мамлекеттик органдарга тиешелүү болушу мүмкүн. |
7. | Банктык эмес финансылык рынокто ишти жүргүзүүгө лицензияны жана/же уруксатты берүү же уруксат берүүчү документтерди берүүдөн баш тартуу | Түздөн-түз байланышууда сүйлөшүп алуу мүмкүнчүлүгү; документтерди кароону жана чечимди даярдоону “тездетүү” “создуктуруу” мүмкүнчүлүгү. | Кырдаалдык | Орто | ЭКМге караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын Лицензиялоо жана уруксат берүүчү иш-аракеттер бөлүмү | Төрага, Төраганын орун басары, Бөлүм башчысы, Башкы адис, Жетектөөчү адис, Адис. | Бул тобокелдиктер лицензияларды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүүгө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
8. | Баалуу кагаздардын чыгарылышын кароо, каттоо | Түздөн-түз байланышууда сүйлөшүп алуу ыктымалдыгы; документтерди берүүнүн толуктугуна жана мөөнөттөрүнө карата арыз ээлерине карата ар кандай талаптарды колдонуу мүмкүнчүлүтү; документтерди карап чыгууну жана чечимди даярдоону "тездетүү” же “жайлатуу” ыктымалдыгы. | Кырдаалдык | Төмөн | ЭКМге караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын Лицензиялоо жана уруксат берүүчү иш-аракеттер бөлүмү | Төрага, Төраганын орун басары, Бөлүм башчысы, Башкы адис, Жетектөөчү адис, Адис. | Бул тобокелдиктер лицензияларды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүүгө ыйгарым укук берилген мамлекеттик |
9. | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө ыйгарым укутуу мамлекеттик органдардын жазма буйруктарын макулдашуу | Мамлекеттик контролдоочу органдар менен сүйлөшүп алуунун ыктымалдыгы | Кырдаалдык | Орто | Аймактар аралык башкармалыктын соода, ишкердик жана текшерүүлүрдү көзөмөлдөө бөлүмү | Бөлүм башчысы, Башкы адис, Жетектөөчү адис. | Бул тобокелдик фискалдык жана укук коргоо органдардын жазма буйруктарын макулдашууга ыйгапым укуктуу мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
10. | Катталган экспорттоочулар системасынын (REX) маалыматтар базасында ата мекендик экспорттоочуларды каттоо жана аны администрациялоо
| Каттоодон негизсиз баш тартуу мүмкүнчүлүгү; каттоо процессин жайлатуу же созуу мүмкүнчүлүгү. | Потенциалдуу | Төмөн | ЭКМге караштуу “Кыргыз Экспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору" ММдин Экспортту илгерилетүү бөлүмү | Бөлүм башчысы, Эксперт. | Жок |
11. | Экспорттоочулардын транспорттук чыгымдарынын белгилүү бир бөлүгүн республикалык бюджеттен кайтарып берүүнү субсидиялоо | Кызыкчылыктарынын кагылышуусу; комиссия мүчөлөрүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу же лоббизм жүргүзүү мүмкүнчүлүгү; сырткы кызыкдар тараптардын таасири; жеке пайда үчүн комиссия мүчөлөрүнүн ортосундагы кутум коркунучу. | Потенциалдуу | Жогорку | ЭКМге караштуу “Кыргыз Экспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору" ММ
| Директор | Бул тобокелдик арыздарды кароо боюнча комиссиянын курамына кире турган мамлекеттик органдардын кызматкерлерине таасир этет.
|
Колдоо функциялары | |||||||
12. | Банкроттук процессте администраторлорду дайындоо, четтетүү, бошотуу. | Атайын администраторду атайылап тандоо жөнүндө мүмкүн болгон сүйлөшүп алуу | Кырдаалдык | Жогорку | ЭКМге караштуу Банкрот иштери боюнча департаменти | Директор, Директордун орун басары, Кадрлар менен иштөө жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча башкы адис. | Бул тобокелдик банкроттук чөйрөсүндөгү ишке тиешелүү болушу мүмкүн |
13. | Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча иштерди жүргүзүү | Кызыкчылыктардын кагылышуусу (аффилирленүү); муктаждыктарды адекваттуу баалоонун жоктугу; кош мааниде кабыл алууга өбөлгө түзүүчү ачык эмес, так эмес мүнөздөмөлөр же бир компанияньн продуктун сьпаттоочу мүнөздөмөлөрдү түзүү. | Кырдаалдык | Жогорку | Уюштуруу иштери жана мамлекеттик сатып алуулар сектору | Сектор башчысы, Башкы адис, Жетектүүчү адис. | Бул тобокелдиктер мамлекеттик сатып алуулар маселелерин козгогон ишке тиешелүү болушу мүмкүн |
14. | Кадр резервине конкурстарды уюштуруу жана өткөрүү | Жеке кызыкчылыктардын болушу (кызыкчылыктардын кагылышуусу); түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери/ кызматкерлер/ конкурстук комиссиянын мүчөлөрү менен мүмкүн болгон сүйлөшүп алуу | Кырдаалдык | Төмөн | Персонал менен иштөө бөлүмү; Конкурстук комисия | Бөлүм башчысы, Башкы адис. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү | Бул тобокелдиктер персоналды башкаруу жана конкурстук комиссиялардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
15. | Чет өлкөгө стажировкага, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга жөнөтүлгөн министрликтин кызматкерлерин тандоону жана каттоону жүргүзүү | Кызматкерлер менен мүмкүн болгон сүйлөшүп алуу; түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрдүн кадр саясатын негизсиз көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү. | Кырдаалдык | Төмөн | Персонал менен иштөө бөлүмү | Бөлүм башчысы, Башкы адис. | Бул тобокелдиктер персоналды башкаруу боюнча ишке тиешелүү болушу мүмкүн |
16. | Сыйлоо үчүн сунуштарды (материалдарды) кароо, кызматкерлерди сыйлоо жана демилге берүү жөнүндө жетекчиликке сунуштарды киргизүү. | Белгилүү бир адамды сыйлоого көрсөтүү боюнча кызматкерлер, комиссия мүчөлөрү менен мүмкүн болгон сүйлөшүп алуу; мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүүгө документтерди каттоодон негизсиз баш тартуу ыктымалдыгы. | Кырдаалдык | Төмөн | Персонал менен иштөө бөлүмү | Бөлүм башчысы, Башкы адис. | Бул тобокелдиктер сыйлыктар боюнча комиссияларга тиешелүү болушу мүмкүн |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү функциялары | |||||||
17. | Төмөнкүлөр боюнча мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү: - шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо; - шайкештикти баалоо боюнча органдын компетенттүүлүгүн ырастаган документти берүү. | Документтерди берүүнүн толуктугуна жана мөөнөттөрүнө карата кызмат көрсөтүүнүн арыз ээсине “катуу” жана “жумшак” талаптарды колдонуу мүмкүнчүлүгү; документтерди кароону жана чечимди даярдоону “тездетүү” же “создуктуруу” мүмкүнчүлүгү. | Потенциалдуу | Төмөн | ЭКМге караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору | Директор, Чечим кабыл алуу боюнча Комиссия, Эксперттик топ (жетектөөчү баалоочу жана техникалык эксперттер). | Бул тобокелдиктер аккредитациялоо органдарынын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
18. | Эл аралык талаптарга ылайык өлчөө каражаттарын калибрлөө боюнча мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү | Өлчөө каражаттарын кабыл алуу жана берүү боюнча кызматтарды көрсөтүүнү тездетүү же создуктуруу мүмкүнчүлүгү жана эсеп-фактураларды көчүрүү | Потенциалдуу | Төмөн | ЭКМге караштуу стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун № 1 жана № 2 эталон бөлүмдөрү | Бөлүм башчысы, Башкы адис, Башкы инженер, Жетектөөчү инженер. | Бул тобокелдиктер стандартташтыруу органдарынын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
19. | Лабораториялык сыноолорду жүргүзүү; продукцияны сертификациялоону жүргүзүү. | Сынамдарды кабыл алууда продукцияны сертификациялоо үчүн арыз ээлери менен түздөн- түз байланышууда өз кызыкчылыгын кездеген аракеттердин болуу мүмкүнчүлүгү: лабораториялык сыноолорго багыттарды берүү жана көрсөтүү, продукцияны сертификациялоо схемасын тандоо. | Потенциалдуу | Орто | ЭКМге караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун: Аймактык борборлорунун сыноо лабораториялары; Аймактык борборлорунун сертификациялоо бөлүмдөрү. | Лаборатория башчысы, Башкы адис (инженер), Жетектөөчү адис (инженер), Адис (инженер). Бөлүм башчысы, Башкы адис (инженер), Жетектөөчү адис (инженер), Адис (инженер). | Бул тобокелдикте стандартташтыруу органдарынын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
20. | Өлчөө каражаттарынын тибин текшерүү, калибрлөө, бекитүү, өлчөөлөрдү аткаруу методикаларын аттестациялоо боюнча чарба жүргүзүүчү субъекттерге метрологиялык кызматтарды көрсөтүү. | Аткарылган кызматтар үчүн накталай төлөмдү алуу менен өлчөө каражаттарын көчмө текшерүүдө метрологиялык кызмат көрсөтүүлөрдүн арыз ээлери менен аткаруучулар түздөн-түз байланышууда өз кызыкчылыгын көздөгөн аракеттердин болуу мүмкүнчүлүгү. | Потенциалдуу | Орто | ЭКМге караштуу стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун: Метрологиялык иштер бөлүмү; № 1 жана № 2 эталон бөлүмдөрү. | Бөлүм башчысы, Башкы адис, Жетектөөчү адис, Адис. Бөлүм башчысы, Башкы адис, Башкы инженер, Жетектөөчү инженер. | Бул тобокелдиктер стандартташтыруу органдарынын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
Координациялоо, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары | |||||||
21. | Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө, жарнама жөнүндө, мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча, ошондой эле чарба жүргүзүүчү субъекттердин, мамлекеттик органдардын жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын, мекемелердин бааларды (тарифтерди) түзүүсүнүн жана колдонуусунун тууралыгына белгиленген тартипте текшерүүлөрдү жүргүзүү | Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, жарнама жөнүндө мыйзамдардын ченемдеринин аткарылышын, ошондой эле субъекттер тарабынан да, мамлекеттик органдар тарабынан да бааларды (тарифтерди) түзүүнүн жана колдонуунун тууралыгын аныктоо максатында финансылык документтерди талдоону атайы талаптагыдай эмес контролдоо | Кырдаалдык | Орто | ЭКМге караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы: Териштирүүлөр, монополияга каршы мыйзамдарды сактоону жана жарнаманы контролдоо башкармалыгы; Керектөөчүлөрдүн улуктарын коргоо жана ак ните эмес атаандаштык бөлүмү; Аймактык бөлүмдөр.
| Төрага, Төраганын орун басары, Башкармалыктын начальниги.
Бөлүм башчысы.
Бөлүм башчылар. | Бул тобокелдиктер бардык мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
22. | Ишкердик субъекттерин банктык эмес финансылык рынокту жөнгө салуучу Кыргыз Республикасыньн мыйзамдарынын талаптарын сакташы боюнча текшерүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынуучу субъекттерге текшерүү жүргүзүү, анын ичинде алардын финансылык жана чарбалык ишин текшерүү. | Түздөн-түз байланышууда сүйлөшүп алуу мүмкүнчүлүгү; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүү боюнча пландык жана пландан тышкаркы текшерүүлөр жүргүзүлүп жаткан субъекттерге карата ар кандай санкцияларды колдонуу мүмкүнчүлүгү. | Кырдаалдык | Орто | ЭКМге караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын Финансы рыногун көзөмөлдөө бөлүмү | Бөлүм башчысы, Башкы адис, Жетектөөчү адис, Адис. | Бул тобокелдиктер пландык жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзүүгө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
23. | Виртуалдык активдерди тейлөө кызматын көрсөтүүчүлөрдүн ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сакташы боюнча текшерүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынуучу субъекттерге текшерүү жүргүзүү, анын ичинде алардын финансылык жана чарбалык ишин текшерүү. | Түздөн-түз байланышууда сүйлөшүп алуу мүмкүнчүлүгү; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүү боюнча пландык жана пландан тышкаркы текшерүүлөр жүргүзүлүп жаткан субъекттерге карата ар кандай санкцияларды колдонуу мүмкүнчүлүгү. | Кырдаалдык | Орто | ЭКМге караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын Виртуалдык активдер кызматын көрсөтүүчүлөрдүн ишин көзөмөлдөө, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо бөлүмү | Бөлүм башчысы, Башкы адис, Жетектөөчү адис, Адис. | Бул тобокелдиктер пландык жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзүүгө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
24. | Банктык эмес финансылык рыноктун субъекттери тарабынан берилген отчетторго мониторинг жана талдоо жүргүзүү | Түздөн-түз байланышууда сүйлөшүп алуу мүмкүнчүлүгү; банктык эмес финансылык рыноктун субъекттерине отчетторду берүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн бузгандыгы үчүн, отчетторду бербегендиги үчүн, ошондой эле берилген отчеттордун толук эместиги үчүн ар кандай санкцияларды колдонуу мүмкүнчүлүгү. | Кырдаалдык | Орто | ЭКМге караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын Финансы рыногундагы отчетгуулук жана мониторинг бөлүмү | Бөлүм башчысы, Башкы адис, Жетектөөчү адис, Адис. | Бул тобокелдиктер банктык эмес финансылык рыноктун субъекттеринин отчетторун кабыл алууга жана берилген отчетторду талдоого жана жалпылоого ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
25. | Сертификациялоо органдары тарабынан арызды карап чыккандан кийин шайкештик сертификаты үчүн QR кодун ыйгаруу | Жасалма тоскоолдуктарды түзүү же QR кодун жана сертификат формасын ыйгаруу жол-жобосун тездетүү | Потенциалдуу | Төмөн | ЭКМге караштуу «Адал-индустриясын өнүктүрүү боюнча борбор» ММ
| Директор, Эксперттик топтун мүчөлөрү. | Бул тобокелдиктер сертификациялоо органдарынын, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын ишине тиешелүү болушу мүмкүн. |
26. | Кош жана аскердик багыттагы товарлардын максаттуу пайдаланылышын контролдоо | Түздөн-түз байланышууда сүйлөшүп алуу ыктымалдыгы; импорттоочулардын контролдонуучу продукцияны пайдалануудагы аныкталган бузууларды жашыруу мүмкүнчүлүгү. | Кырдаалдык | Орто | Соода саясаты башкармалыгынын Экспорттук контролдоо жана лицензиялоо бөлүмү | Башкармалыктын начальниги, Бөлүм башчысы, Башкы адис. | Бул тобокелдиктер лицензияларды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүүгө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |