КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 24-январы ПЖ № 10
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун
судьяларын дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 95-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп биринчи ирет 5 жылдык мөөнөткө дайындалсын:
- Акылбекова Айжамал Акылбековна;
- Джамбурчиева Каныкей Аширбековна;
- Маданбекова Лира Орумбековна;
- Рыскулов Асхат Жаңыбаевич;
- Сарыбаев Самарбек Назарбекович.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 28-январында https://president.kg/kg/news/21/40017 расмий сайтында жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |