КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 23-декабры № 1138-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 15-сентябрындагы № 237 "2023-2027-жылдар мезгилин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын андан ары ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Бишкек+25" экинчи глобалдык Бишкек тоо саммитин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети түзүлгөн күндөн тартып 3 айга чейинки мөөнөттө "Бишкек+25" экинчи глобалдык Бишкек тоо саммитин даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Уюштуруу комитетинин катчылыгынын функциялары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жүктөлсүн.
4. Бул тескемени ишке ашыруу ишке тартылган мамлекеттик органдар үчүн тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, ошондой эле эл аралык уюмдардын тартылган каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
|
| Тиркеме |
"Бишкек+25" экинчи глобалдык Бишкек тоо саммитин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри;
Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
Кыргыз Республикасынын агартуу министри;
Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри;
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;
Кыргыз Республикасынын энергетика министри;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Президентинин протокол кызматынын жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары - тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары - уюштуруу-инспектордук бөлүмдүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Бишкек шаарынын мэри;
Ош шаарынын мэри;
Нарын шаарынын мэри;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директору;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борборунун директору;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун директору;
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору;
Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын директору;
"Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коомунун башкы директору;
"Кыргызстан аэропорттору" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын катчылыгынын жооптуу катчысы;
Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин директору.