РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 23-декабрындагы № 440 (Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын «Э.Гареев атындагы ботаникалык бак» илимий-изилдөө институту" мекемесинин ишин камсыздоо тууралуу) тескемеси

Редакцияот 23.12.2025
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

 

2025-жылдын 23-декабры № 440

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын "Э.Гареев атындагы ботаникалык бак" илимий-изилдөө институту" мекемесинин ишин камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын "Э.Гареев атындагы ботаникалык бак" илимий-изилдөө институту" мекемесинин штаттык санын 65 штаттык бирдикке чейин (алардын ичинен: негизги персонал - 17 штаттык бирдик, техникалык жана кенже тейлөөчү персонал - 48 штаттык бирдик) көбөйтсүн;

2) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын "Э.Гареев атындагы ботаникалык бак" илимий-изилдөө институту" мекемесине 24 бирдикке чейин сезондук жумушчуларды тартууга уруксат берсин;

3) ушул тескемеден келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров