Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 25-декабры № 1144-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2025-жылдын 22-августунда Бишкек шаарында кол коюлган 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-декабрындагы № 1144-т тескемеси менен жактырылган |
2025-жылдын 22-августунда Бишкек шаарында кол коюлган 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2025-жылдын 22-августунда Бишкек шаарында кол коюлган 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол (мындан ары - Протокол) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык Протокол ага кол коюлганга чейин белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-августундагы № 711-т тескемеси менен жактырылган.
Ошондой эле ушул Протокол Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 6-8400/25 чечими менен жактырылган жана кабыл алынган.
Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин 2025-жылдын 21-22-августунда Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында тараптар Протоколго кол коюшкан.
Протоколдун негизги максаты болуп кыргыз-казак чек арасынан өтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында "Төмөнкү-Чүй - автожол" ("Камышановка - автожол") жана "Кичи-Капка - автожол" өткөрүү пункттарынын статусун эки тараптуудан көп тараптууга (эл аралык) жана "Төмөнкү-Чүй - автожол" ("Камышановка - автожол") жана "Кичи-Капка - автожол" өткөрүү пунктунун иштөө режимин сутканын жарык убактысынан күнү-түнү иштөөгө өзгөртүү бөлүгүндө 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү болуп саналат.
Протоколду ратификациялоо кандайдыр бир терс финансы-экономикалык кесепеттерге, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен кошумча каржылоого алып келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилет.