Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 26-декабры № 1150-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2025-жылдын 9-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Мамлекеттик мектептерди куруу” фаза-2” долбоору боюнча кредиттик макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Кредиттик макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-декабры № 1150-т тескемеси менен жактырылган |
2025-жылдын 9-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Мамлекеттик мектептерди куруу” фаза-2” долбоору боюнча кредиттик макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу
2025-жылдын 9-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Мамлекеттик мектептерди куруу” фаза-2” долбоору боюнча кредиттик макулдашуу (мындан ары – Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
Макулдашуу Сауд өнүктүрүү фондунун 187 500 000 сауд риалы өлчөмүндөгү жеңилдетилген кредиттик каражаттарын тартуу максатында түзүлгөн, бул 50 000 000 АКШ долларына барабар. Кредит жагымдуу финансылык шарттарда 25 жылдык мөөнөткө, анын ичинде 5 жылдык жеңилдетилген мезгилге, жылдык 1,5 пайыздык ставка менен берилет, бул анын социалдык багыттагы мүнөзүн жана республикалык бюджетке минималдуу карыздык оорчулук келтирерин далилдейт. Кредиттик каражаттар АКШ долларында берилет.
Макулдашууда мамлекеттик билим берүү инфраструктурасын кеңейтүүгө жана жаңылоого, окуучулук орундардын тартыштыгын жоюуга жана сапаттуу жалпы билим алуу үчүн тийиштүү шарттарды түзүүгө багытталган “Мамлекеттик мектептерди куруу” фаза-2” долбоорун ишке ашырууну каржылоо каралган. Долбоордун алкагында Бишкек шаарындагы 5 жаңы жалпы билим берүүчү мектепти жана иштеп жаткан мектептерге 7 кошумча окуу корпусун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы 2 жаңы мектепти жалпы долбоордук сыйымдуулугу 150дөн 1000 окуучуга чейинки орундарды куруу пландалууда.
Кол коюуга чейин Макулдашуунун долбоору тиешелүү мамлекеттик органдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү профилдик комитеттери менен макулдашылган:
– Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет (2025-жылдын 10-сентябрындагы № 6-7413/25 чечими);
– Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет (2025-жылдын 9-сентябрындагы № 6-7356/25 чечими);
– Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет (2025-жылдын 12-сентябрындагы № 6-7503/25 чечими);
– Социалдык саясат боюнча комитет (2025-жылдын 15-сентябрындагы № 6-7624/25 чечими).
Мындан тышкары, Макулдашуунун долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-октябрындагы № 866-т тескемеси менен жактырылган.
“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12-беренелерине ылайык Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланууга тийиш.
Макулдашууну ратификациялоо финансы-экномикалык, социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык жана башка кесепеттерге алып келбейт.