Редакцияот 14.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын II-кезекcиp сессиясы

2025-жылдын 14-майы  №5/1

 

Республикалык бюджеттен айыл өкмөтүнүн бюджетине максаттуу трансферт катары келип түшкөн 4 251 000 сом акча каражатын беренеге отургузуу жөнүндө

 

       Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, республикалык бюджеттен айыл өкмөтүнүн бюджетине максаттуу трансферт катары келип түшкөн 4 251 000 сом акча каражатын беренеге отургузуу боюнча Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеӊеши, токтом кылат:

 

1.    Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүнүн бюджетине респуликалык бюджеттен максаттуу трансферт катары келип түшкөн 4 251 000 сом акча каражаты төмөндөгү беренеге отургузулсун:

      22154900 беренеси боюнча - Айыл аймагындагы айылдардын ген.планын жасатуу үчүн 4 251 000 сом.

 

                  Жалпы: 4 251 000 сом

 

2.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Жусуповго милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага

Уланбек уулу Жыргалбек