Редакцияот 14.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын II-кезекcиз сессиясы

2025-жылдын 14-майы  №5/2

 

Мунапыска кеткен “СТОнун алды”, “Кара-Шаар”, “Мусакожонун үстү” жана “Уу кампа” участкаларындагы көчөлөргө ат ыйгаруу жөнүндө

 

                    Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып,мунапыска кеткен “СТОнун алды”, “Кара-Шаар”, “Мусакожонун үстү” жана “Уу кампа” участкаларындагы көчөлөргө расмий түрдө ат ыйгаруу максатында Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеӊеши,токтом кылат:

 

1.    Мунапыска кеткен “СТОнун алды”, “Кара-Шаар”, “Мусакожонун үстү” жана “Уу кампа” участкаларындагы  жаӊы көчөлөргө төмөндөгүдөй аттар ыйгарылсын;

 

1.”СТОнун алды” участкасындагы жаӊы көчөгө “СТО”

2.”Кара-Шаар” участкасындагы жаӊы көчөгө “Кара-Шаар”

3.”Мусакожонун үстү” участкасындагы жаӊы көчөгө “Мусакожо”

4.”Уу кампа” участкасындагы жаӊы көчөгө “Уу кампа”.

 

2.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Жусуповго милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага

Уланбек уулу Жыргалбек