Редакцияот 09.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айылдык Кеңешинин кезексиз Х-сессиясынын отуруму

 

2025-жылдын 9-сентябры № 74

“Кулунду айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин кээ бир беренелерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө”

Кулунду айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси А. Гайназаровдун баяндамасын угуп, айылдык кеңештин кезектеги X-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап, талкуулап, Кулунду айылдык кеңешинин X-сессиясынын отурумунун №10-протоколунун чечиминин 6-пунктунун жана Кулунду айыл өкмөтүнүн №16-билдирүү тактамасынын негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кулунду айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бекитилген жергиликтүү бюджетинен №16 билдирүү тактамасына ылайык кээ бир чыгаша 3111, 2221,2231,2824 беренелеринен төмөнкү беренелерге жылдырып өзгөртүүгө макулдук берилсин.

-        Имараттар жана курулмалар 3111 – 1 800000 (бир миллион сегиз жүз миң) сомдон

-        Мүлктү учурдагы оңдоо 2221-250000 (эки жүз элүү миң) сом

-        Сууга акы 2231-100000 (жүз миң) сом

-        Резервдик фонд 2824-54400 (элүү төрт миң төрт жүз) сом

-        Ар түрдүү чыгымдарга 22154900-2204400 (эки миллион эки жүз төрт миң төрт жүз сом)

-        Жалпы суммасы 22040400 (эки миллион эки жүз төрт миң төрт жүз) сом жогорудагы беренелерден кемитип,  22154900 беренеге жылдырылсын.

  1. Ушул токтом Кулунду айылдык кеңештин каттоосунан өтүп, Кулунду айылдык кеңешинин жана айыл өкмөтүнүн https://kulundu.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына  милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

 

 

  

Төрага

А.А.Досов