КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айылдык Кеңешинин кезексиз Х-сессиясынын отуруму
2025-жылдын 9-сентябры № 75
“Кулунду айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине планшет сатып алуу жөнүндө”
Кулунду айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлеринин билдирүүсүн угуп, Кулунду айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, Кулунду айылдык кеңешинин кезексиз X сессиясынын отурумунун №10 протоколунун 7-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кулунду айыл өкмөтүнүн кызматкерлери калкка ыкчам жана сапаттуу тейлөө көрсөтүү үчүн 2 даана планшет сатып алууга 45000 (кырк беш миң) сомдон 90000 (токсон миң) сом акча каражаты Кулунду айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн акча каражаттар эсебинен бөлүнүп берилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
- Көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Досов |