Редакцияот 09.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айылдык Кеңешинин кезексиз Х-сессиясынын отуруму

 

2025-жылдын 9-сентябры № 76

“И. Раззаковдун 115 жылдык мааракесин белгилөө жөнүндө”

Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысы М. К. Абдухамитовдун билдирүүсүн угуп, Кулунду айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, Кулунду айылдык кеңешинин кезексиз X сессиясынын отурумунун №10 протоколунун 8-пунктунун негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кулунду айыл аймагынын И. Раззаков айылында улуу инсан, белгилүү маалкеттик жана саясий ишмер И. Раззаковдун 115 жылдык мааракеси жогорку денгээлде өткөрүлсүн.
  2. И. Раззаковдун 115 жылдык мааракесине арналган иш чара өтөрүү үчүн Кулунду айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кошумча түшкөн акча каражаттар эсебинен 711500 (жети жүз он бир миң беш жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
  3. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
  4. Көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. 

 

 

  

Төрага

А.А.Досов