Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезекcиз V- сессиясы
2025-жылдын 19-марты № 59
Каракол айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө
Каракол айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндө Жобо менен таанышып жана талкуулап чыгып, Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз сессия;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол айыл аймагында “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндө Жобо бекитилсин (Жобо тиркелет).
2. Жобонун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, жаштар, спорт жана маданият боюнча тармактык туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Аткарылышын камсыз кылуу жагы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага |
| Э. Р. Тилекова |
|
| Каракол айылдык кенешинин 2025-жылдын 19-мартындагы V- кезексиз сессиясынын № 59-токтомуна тиркеме |
Караколайыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамынт ыйгаруунун тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы түшүндүрмө
1.1 Бул, Жобо Каракол айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу тартибин аныктайт.
1.2 “Ардактуу атуул” наамы (жергиликтүү жамааттын) – ЖЖнын эң жогорку сыйлыктарынын бири. Айылдык кеңештин токтому менен бекитилген.
Ушул ЖОБОго ылайык айылдык кенештин төрөгасы же айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан чоң майрамдык иш чараларга карата салтанатуу түрдө коомчулуктун алдында ыйгарылат.
1.3 “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу демилгесине жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары–айыл өкмөтү, мекеме ишканалардын эмгек жамааты, республикалык коомдук саясий уюмдар жана облустук, райондук мамлекеттик администрациялар, көчөнүн жашоочулары, жеке менчик ишканалардын жамааттары ээ болот.
1.4 “Каракол айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы жергиликтүү жамааттын эң жогорку наамы болуп саналат, ал айыл аймактын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкондугу үчүн Каракол айылдык кеңешинин чечими менен берилет. Каракол айылдык кеңеш “Каракол айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы бар адамдар үчүн атайын жеңилдиктерди, ошондой эле алар үчүн стипендияларды жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын чектеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгилей алат.
1.5 “Каракол айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү
Сунуштарды айыл өкмөтү же айылдык кеңеш кабыл алып, арыздарды Жобонун талаптарына ылайык карап чыгат. Тиешелүү документтерин такталгандан кийин жыйынтыгы протоколдоштурулуп, талапкерлерди өзүнүн сунушу менен айылдык кеңешке жөнөтөт.
1.6 Каракол айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамына талапкерлердин документтери айылдык Кеңештин сессиясында депутаттардын кароосуна коюлуп, жалпы депутаттардын көпчүлүгүнүн добушуна ээ болгон тургундун талапкерлиги колдоого алынды деп эсептелет жана чечим токтом түрүндө чыгарылат;
1.7 Каракол айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы бир жылда 6 адамга гана ыйгарылат.
II. Каракол айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу үчүн негизги талаптар:
2.1 Каракол айыл аймагына караштуу Арал, Үч-Эмчек, Көпүрө-Базар айылдарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө көп жылдар бою чоң салым кошуп, мамлекеттик жогорку сыйлыктарга татыктуу болгон, айылдын ар кандай тармактарында эмгектенген инсандарга;
2.2 Каракол айыл аймагынын өсүп өнүгүшү үчүн, элдин жашоо шартын жакшыртууда өзгөчөлөнгөн ийгиликтерге жетишкен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин депутаттарына;
- СССР дин, Эмгектин, КР нын Баатырларына;
- Улуу Ата-Мекендик согуштун, Афган, Чернобыль, Баткен коогалаңынын катышуучуларына;
- Билим берүү, саламаттыкты сактоодо, маданият, спорт, айыл чарба ж.б. тармактарда жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендерге, КР эмгек сиңирген кызматкер деген наам алгандарга;
- Илимий жогорку даражага ээ болгон атуулдарга;
- Ишкана ачып, элди туруктуу жумуш орду менен камсыз кылган ишкерлерге,
- Инвестициялык долбоорлорду тартып, Каракол айыл аймагынын инфруструктурасын жакшыртууга өзгөчө салым кошкон инсандарга
- Ушул аймакта туруктуу 10 жыл жашаган жарандарга жана ж.б берилет.
III. Аймактын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби
3.1 Каракол айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын алган атуулга «Ардактуу атуулу» жазуу лентасы, күбөлүгү жана төш белгиси ыйгарылат.
3.2 Каракол айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” төш белгиси жана лентасын
Даярдоо үчүн кеткен чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
3.3 “Ардактуу атуулу” наамы жалпы жыйналыштарда, даталуу күндөрдө жылына бир жолу Каракол айылдык кеңешинин чечими чыккандан кийин тапшырылат.
3.4 Каракол Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунуш өз талапкерлигин өзү көрсөткөн тараптардан түшсө каралбайт.
3.5 ”Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу маселесин кароодо төмөндөгү иш кагаздар талап кылынат:
Эгерде “Ардактуу атуул” наамына талапкер жеке жарандар, коомдук уюмдар
тарабынан сунушталган болсо:
•Талапкер боюнча ошол көчөдө жашоочулар менен өткөрүлгөн чогулуштун жыйынтыкпротоколу же токтому;
• чогулушка 18 жаштан жогорку жашаган адамдардын жалпысы катышып, катышуучулардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдук берүүсү;
• коомдук (саясий) уюмдардын сунушу, аткарган иштеринин натыйжалары тууралуу кеңири маалыматты камтуу менен;
• паспортунун көчүрмөсү;
•өздүк баракчасы сүрөтү менен, өмүр баяны, эмгек китепчесинин, паспортунун көчүрмөсү;
• мамлекеттик жогорку сыйлыктардын көчүрмөлөрү (грамота, орден, медаль, ардактуу наам ж.б).
Эгерде “Ардактуу атуул” наамына талапкер мекеме, ишканалар тарабынан сунушталган болсо:
• эмгек жамаатынын жалпы чогулушунун протоколу же токтому;
• өмүр баяны, мүнөздөмө, сунуш;
•“Ардактуу атуул” наамы берилүүчү адамдын айылга, анын эл чарбасына сиңирген эмгектери, алган сыйлыктарынын көчүрмөлөрү;
•өздүк баракчасы сүрөтү менен;
• эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
• паспортунун көчүрмөсү.
VI. Каракол айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын жокко чыгаруу
4.1 Каракол айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы төмөндөгүдөй учурларда айылдык кенештин токтому менен жокко чыгарылат:
Соттун чечими менен кылмыш жоопкерчилигине тартылганда;
Тиешелүү документтердин туура эместиги ачыкталганда;
Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратылганда.
Жобо 4-пункттан турат жана зарыл учурларда Каракол айыл аймагынын, кеңештин депутаттарынын сунушу менен өзгөртүү жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
Каракол айылдык кеңешинин жооптуу катчысы: |
|
К.И. Ибраимова |