КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айылдык Кеңешинин кезектеги ХI-сессиясынын отуруму
2025-жылдын 10-октябры № 82
“Кулунду айыл аймагындагы жерлерди бир багыттан экинчи бир багытка которуу (трансформациялоо), ижарага берүү жана программасын бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-беренесинин жана Кулунду айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Маликовдун маалыматын угуп, Кулунду айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, Кулунду айылдык кеңешинин кезектеги XI сессиясынын отурумунун №11 протоколунун чечиминин 1-бөлүмүнүн 1-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кулунду айыл аймагынын Максат айылынан №6 контурунан 100 га жерди бак өстүрүү үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Бак түрүндөгү айыл чарба багытындагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин, программасы бекитилсин жана Лейлек районунун суу чарба башкармалыгы тарабынан бак өстүрүү үчүн ижарага берүүгө макулдук берилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
- Көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Досов |