КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айылдык Кеңешинин кезектеги ХI-сессиясынын отуруму
2025-жылдын 10-октябры № 84
“Кулунду айыл аймагындагы №23 контурундагы 1,60 га жайыт жерин жана №23 контурундагы 1, 0 га жерин бир багыттан экинчи бир багытка которуу (трансформациялоо), ижарага берүү жана программасын бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-беренесинин жана Кулунду айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Маликовдун маалыматын угуп, Кулунду айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, Кулунду айылдык кеңешинин кезектеги XI сессиясынын отурумунун №11 протоколунун чечиминин 1-бөлүмүнүн 2-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кулунду айыл аймагындагы №23 контурундагы 1,60 га жайыт жерин жана №23 контурундагы 1,0 га жайыт жерине бак өстүрүп, өздөштүрүп колдонуу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы жайыт жер тилкесин, бак түрундөгү “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) ижарага берүүгө макулдук берилсин жана программасын бекитилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
- Көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Досов |