Редакцияот 10.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айылдык Кеңешинин кезектеги ХI-сессиясынын отуруму

 

2025-жылдын 10-октябры № 86

 

 “И. Раззаков айылынын тургуну А. Пазыловдун арызын кароо жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 21-беренесинин жана Кулунду айыл өкмөтүнүн жер адиси  А. Маликовдун маалыматын угуп, Кулунду айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, Кулунду айылдык кеңешинин кезектеги XI сессиясынын отурумунун №11 протоколунун чечиминин 1-бөлүмүнүн 6-пунктунун негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кулунду айыл аймагынын И. Раззаков айылынын Самат Садыков №21 дарегиндеги 8-03-07-1005-0021 кодундагы Пазылов Афтандилдин жеке менчик жер участогунун ичинен 126,0 чарчы метр жерине соода түйүн курууга макулдук берилсин.  
  2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
  3. Көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. 

 

 

 

  

Төрага

А.А.Досов