Редакцияот 14.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын II-кезекcиз сессиясы

2025-жылдын 14-майы  №5/4

 

Жаӊы-Арык айылынын тургуну Р.Качкыналиевдин 4-03-03-1001-1219 идентификациялык коду менен катталган жер аянтын 4-03-03-1001-1215 иденттификациялык коду менен катталган муниципалдык жер аянтына алмашуу жөнүндө

 

       Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Жаӊы-Арык айылынын тургуну Р.Качкыналиевдин 4-03-03-1001-1219 идентификациялык коду менен катталган жер аянтын 4-03-03-1001-1215 идентификациялык коду менен катталган муниципалдык жер аянтына алмашуу жөнүндө айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу, агрардык жана айыл чарбасы боюнча башкы адиси Д.Дүйшөналиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеӊеши, токтом кылат:

 

1.     Кызарт айылынын тургуну Р.Качкыналиев 4-03-03-1001-1215 идентификациялык коду менен катталган 2524,5 кв. муниципалдык жер аянтына турак-жай, короо сарай салып алгандыгына байланыштуу, бул жер аянтынын 1382,4 кв.м жер аянты, Р.Качкыналиевдин жеке менчигиндеги 4-03-03-1001-1219 идентификациялык коду менен катталган 1382,4 кв.м жер аянтына алмашылсын;

 

2.     4-03-03-1001-1215 идентификациялык кодундагы муниципалдык жер аянтындагы ашык 1142,1 кв.м жер аянты айыл өкмөтүнүн муниципалдык жери катары калтырылсын;

3.     Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу, агрардык жана айыл чарбасы боюнча башкы адиси Д.Дүйшөналиевге тапшырылсын;

 

4.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  башчысы К.Э.Жусуповго милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

Төрага

Уланбек уулу Жыргалбек