Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-июну № 71
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Бишкек, Жайыл, Жалал-Абад, Чоң-Алай, Жети-Өгүз жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери келип түштү.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, депутаттар депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө:
- Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 08.06.2024-ж. № 3/1, 12.06.2024-ж. № 4/1 - Бишкек шаардык кеңеши боюнча;
- Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 11.06.2024-ж. № 16 - Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаардык кеңеши боюнча;
- Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын 27.05.2024-ж. № 4 - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңеши боюнча;
- Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 13.06.2024-ж. № 2 - Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айылдык кеңеши боюнча;
- Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 10.06.2024-ж. № 3 - Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңеши боюнча;
- Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 13.06.2024-ж. № 11 - Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек айылдык кеңеши боюнча.
Жеке арызынын негизинде депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерди чыгаруу жөнүндө:
- Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 13.06.2024-ж. № 2 -Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айылдык кеңеши боюнча.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 1-1-бөлүгүнүн негизинде, бош калган мандаттарды саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө:
- Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 08.06.2024-ж. № 3/1, 12.06.2024-ж. № 4/1 - Бишкек шаардык кеңеши боюнча;
- Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 11.06.2024-ж. № 17 - Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаардык кеңеши боюнча;
- Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын 27.05.2024-ж. № 4 - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңеши боюнча.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, бош калган мандаттарды тиешелүү бир мандаттуу шайлоо округ боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө:
- Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 13.06.2024-ж. № 2 - Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айылдык кеңеши боюнча;
- Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 10.06.2024-ж. № 3 - Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңеши боюнча.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек, Жайыл, Жалал-Абад, Чоң-Алай, Жети-Өгүз жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерди чыгаруу боюнча чечими 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бишкек, Жайыл, Жалал-Абад, Чоң-Алай жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Бишкек, Жайыл, Жалал-Абад, Чоң-Алай жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н. Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 19-июнундагы № 71 токтомунун 1-тиркемеси |
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Бишкек шаары | |||
1 | Бишкек шаардык | Абдиев Бактыбек Кемелович (5) "Эмгек" депутаттык фракциясы | Бишкек АШК, № 3/1, 08.06.2024-ж. (03.06.2024-ж. өз арызы) |
2 | Салымбеков Жумабек Мамытбаевич (10) "Эмгек" депутаттык фракциясы | Бишкек АШК, № 4/1, 12.06.2024-ж. (04.06.2024-ж. өз арызы) | |
Чүй облусу | |||
Жайыл району | |||
3 | Кара-Балта шаардык | Байсариев Арсен Русланович (1) "Социал-демократы" депутаттык фракциясы | Жайыл АШК, № 16, 11.06.2024-ж. (06.06.2024-ж. өз арызы) |
4 | Жапакова Нуржан Масалбековна (3) "Күчтүү Коом" депутаттык фракциясы | Жайыл АШК, № 16, 11.06.2024-ж. (03.06.2024-ж. өз арызы) | |
5 | Асаналиев Аскат Уланбекович (4) "Күчтүү Коом" депутаттык фракциясы | Жайыл АШК, № 16, 11.06.2024-ж. (03.06.2024-ж. өз арызы) | |
6 | Бекболотова Зарыл Кенжеевна (6) "Күчтүү Коом" депутаттык фракциясы | Жайыл АШК, № 16, 11.06.2024-ж. (03.06.2024-ж. өз арызы) | |
Жалал-Абад облусу | |||
Жалал-Абад шаары | |||
7 | Жалал-Абад шаардык | Мирзабаев Улукбек Тилешович (4) "Өнүгүү-Прогресс" депутаттык фракциясы | Жалал-Абад АШК, № 4, 27.05.2024-ж. (15.05.2024-ж. өз арызы) |
8 | Ахмедов Эрланбек Шавкатбекович (5) "Өнүгүү-Прогресс" депутаттык фракциясы | Жалал-Абад АШК, № 4, 27.05.2024-ж. (14.05.2024-ж. өз арызы) | |
9 | Калбаев Советбек Абийбиллаевич (8) "Өнүгүү-Прогресс" депутаттык фракциясы | Жалал-Абад АШК, № 4, 27.05.2024-ж. (13.05.2024-ж. өз арызы) | |
Ош облусу | |||
Чоң-Алай району | |||
10 | Кашка-Суу айылдык (№ 1 Кабык шайлоо округу) | Саитов Каримбай Абдишүкүрович | Чоң-Алай АШК, № 2, 13.06.2024-ж. (10.06.2024-ж. өз арызы) |
Ысык-Көл облусу | |||
Жети-Өгүз району | |||
11 | Кызыл-Суу айылдык (№ 1 Кызыл-Суу шайлоо округу) | Карымбаева Жумабүбү Асаналиевна | Жети-Өгүз АШК, № 3, 10.06.2024-ж. (Жети-Өгүз райондук ЖААК бөлүмү тарабынан 2024-жылдын 13-майында берилген каза болгондугу тууралуу № KGZ07 0267675 күбөлүгү) |
Баткен облусу | |||
Баткен району | |||
12 | Самаркандек айылдык (№ 1 Самаркандек шайлоо округу) | Мурзакулов Алтынбек Курбанбекович | Баткен АШК, № 11, 13.06.2024-ж. (07.06.2024-ж. өз арызы) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 19-июнундагы № 71 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Ош облусу | |||
Чоң-Алай району | |||
1 | Кашка-Суу айылдык (№ 1 Кабык шайлоо округу) | Кожобекова Буниса Акимовна | Чоң-Алай АШК, № 2, 13.06.2024-ж. (11.06.2024-ж. өз арызы) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 19-июнундагы № 71 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Бишкек шаары | ||||
1 | Бишкек шаардык | Асанбердиев Назир Медетбекович (12) "Эмгек" саясий партиясы | "Максат Инжиниринг" ЖЧКсы, генералдык директордун орун басары | Бишкек АШК, № 3/1, 08.06.2024-ж. |
2 |
| Чепеев Калыбек Чепеевич (14) "Эмгек" саясий партиясы | Убактылуу иштебейт | Бишкек АШК, № 4/1, 12.06.2024-ж. |
Чүй облусу | ||||
Жайыл району | ||||
3 | Кара-Балта шаардык | Арзыматов Бекжан Авазбекович (7) "Социал-демократы" саясий партиясы | Убактылуу иштебейт | Жайыл АШК, № 17, 11.06.2024-ж. |
4 | Супатай уулу Ринат (9) "Күчтүү Коом" саясий партиясы | Жеке ишкер | ||
5 | Нургазиева Гулзада Нургазиевна (14) "Күчтүү Коом" саясий партиясы | Жеке ишкер | ||
6 | Бадачиева Рахат Медетовна (17) "Күчтүү Коом" саясий партиясы | Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жайыл райондук комитети, төрагасы | ||
Жалал-Абад облусу | ||||
Жалал-Абад шаары | ||||
7 | Жалал-Абад шаардык | Пулатов Саиб Сабирович (10) "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы | Убактылуу иштебейт | Жалал-Абад АШК, № 4, 27.05.2024-ж. |
8 | Камчыбеков Самат Наркулович (14) "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы | Жеке ишкер | ||
9 | Халмурзаев Талантбек Шарабидинович (16) "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы | № 4 Спорт мектеби, мугалим | ||
Ош облусу | ||||
Чоң-Алай району | ||||
10 | Кашка-Суу айылдык (№ 1 Кабык шайлоо округу) | Турдукулов Абдижамил Калмаматович | Жеке ишкер | Чоң-Алай АШК, № 2, 13.06.2024-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Жети-Өгүз району | ||||
11 | Кызыл-Суу айылдык (№ 1 Кызыл-Суу шайлоо округу) | Урдолотова Зарема Кубулбековна | Абдрахманов атындагы орто мектеби, мугалим | Жети-Өгүз АШК, № 3, 10.06.2024-ж. |