Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 16-январы № 2
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө
1-берене.
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун (мындан ары - Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду) 2026-жылга бюджети кирешелер боюнча 137691504,7 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 137303365,2 миң сом суммасында бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2026-жылга бюджетинин профицити 388139,5 миң сом суммасында белгиленсин.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2027-2028-жылдарга бюджетинин пландык мезгили 1-тиркемеге ылайык жактырылсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2026-жылга бюджетинин киреше бөлүгү булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен 2-тиркемеге ылайык түзүлсүн.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2026-жылга бюджетинин чыгашаларын каржылоого каражаттар 3-тиркемеге ылайык белгиленсин.
5-берене.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун республикалык бюджеттен каржылоо 2026-жылга пенсиялык каражаттарды төлөө боюнча чыгашаларды эске алуу менен 46670347,3 миң сом суммасында белгиленсин.
6-берене.
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун 2026-жылга каржылоо 6503418,2 миң сом суммасында белгиленсин.
2. Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондун 2026-жылга каржылоо 1009099,2 миң сом суммасында белгиленсин.
7-берене.
Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фондунун 2026-жылга бюджети 4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
8-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 25-декабрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |