Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-декабры № 825
2025-жылдын 7-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган,
2014-жылдын 24-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн
ортосундагы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду
жөнүндө макулдашуунун 6-беренесин колдонуу
тууралуу Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинети менен Россия
Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы
протоколду бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2025-жылдын 7-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 24-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашуунун 6-беренесин колдонуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы тиркелген протокол бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө россия тарапка кабарласын.
3. 2014-жылдан тартып 2017-жылды кошуп алган мезгилге чейин жумуш берүүчү катары Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан төлөнгөн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү ыктыярдуу болуп саналат жана кайтарылбайт.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы № 102 (3759) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |