Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 27-июну № 2025-П-12/31-1-(НПА)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин:
- 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу";
- 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" жобо тууралуу";
- 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 2019-П-33/55-2-(НФКУ) "Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө";
- 2020-жылдын 23-декабрындагы № 2020-П-33/73-12-(НФКУ) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу";
- 2024-жылдын 28-февралындагы № 2024-П-12/8-3-(НПА) "Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу".
2. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2025-жылдын 2-июлунда https://www.nbkr.kg расмий сайтында жарыяланды
4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде аны менен "Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесин, "Кыргызстандын кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесин, "Кредиттик союздардын каржы компаниясы" ААКты, микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды, кредиттик бюролорду, кепилдик фонддорду, төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын, "KG төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, "Кыргызстан банктарынын союзу" юридикалык жактар бирикмесин, "Альянс" алмашуу бюролорунун ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесин жана алмашуу бюролорду тааныштырсын.
5. Башкарманын катчылыгы бөлүмү ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын милдетин аткаруучу |
| М. Аттокуров |
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 2025-П-12/31-1-(НПА) токтомуна карата тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө" жобонун:
- преамбуласынын үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Улуттук банк Башкармасынын сотко кайрылуу аркылуу чечилүүчү чечимдерин жана "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте каралуучу чечимдерин кошпогондо, Улуттук банктын бардык чечимдерине карата сотко чейин даттанууга жол берилет.".
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" жобо тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" жобонун:
- 72-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"72. Улуттук банктын чечимдерине сотко чейин даттануу милдеттүү болуп саналат. Улуттук банк Башкармасынын сотко кайрылуу аркылуу чечилүүчү чечимдерин жана "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте каралуучу чечимдерин кошпогондо, Улуттук банктын бардык чечимдерине карата сотко чейин даттанууга жол берилет.".
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 2019-П-33/55-2-(НФКУ) "Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин:
- 104-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"104. Улуттук банктын чечимдерине сотко чейин даттануу милдеттүү болуп саналат. Улуттук банк Башкармасынын сотко кайрылуу аркылуу чечилүүчү чечимдерин жана "Маалымат алуу укугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте каралуучу чечимдерин кошпогондо, Улуттук банктын бардык чечимдерине карата сотко чейинки даттанууга жол берилет.".
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 23-декабрындагы № 2020-П-33/73-12-(НФКУ) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" жобонун:
- 110-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"110. Улуттук банктын чечимдерине сотко чейин даттануу милдеттүү болуп саналат. Улуттук банк Башкармасынын сотко кайрылуу аркылуу чечилүүчү чечимдерин жана "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте каралуучу чечимдерин кошпогондо, Улуттук банктын бардык чечимдерине карата сотко чейинки даттанууга жол берилет.".
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 28-февралындагы № 2024-П-12/8-3-(НПА) "Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелеринин:
1) 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"2. Кепилдик фонддор өз ишин каржылоо келишимдери боюнча кардарлардын милдеттенмелери боюнча кепилдик берүү аркылуу, ошондой эле финансы-кредит уюмдары/эл аралык финансылык уюмдары менен макулдашуулардын алкагында жүзөгө ашырат. Мында каржылоо деп финансы-кредит уюму/эл аралык финансы уюму тарабынан кредит берүү, ислам принциптерине ылайык каржылоо же алардын ордуна берилүүчү банктык кепилдик, лизинг, сооданы каржылоо же факторингди каржылоолорду түшүнүү зарыл.";
2) 3-пунктунун:
- 1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"1) Кардар - жеке эмгектенген же ишкердик менен алектенген, финансы-кредит уюмдан/эл аралык финансылык уюмдан коммерциялык каржылоо, бюджеттик кредиттөө алган юридикалык жак же жеке адам, же болбосо анын бир бөлүгү кепилдик менен камсыз кылынган ипотекалык каржылоо же мамлекеттик программанын/долбоордун алкагында каржылоо алган жеке адам - Кыргыз Республикасынын жараны.";
- 2-пунктчада "финансы-кредит уюму" деген сөздөрдөн кийин "/эл аралык финансылык уюмдун" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"3) Кепилдик иш - кардарлардын каржылоодон пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзүүчү жана кепилдик берүү аркылуу финансы-кредит уюмдардын/эл аралык финансылык уюмдардын кредиттик тобокелдиктеринин бөлүгүн төмөндөтүүгө багытталган иш.";
- 6-пунктчадагы "финансы-кредит уюму" деген сөздөрдөн кийин "/эл аралык финансылык уюму" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкү мазмундагы 7 жана 8-пунктчалар менен толукталсын:
"7) Финансы-кредит уюмдар - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын (күбөлүгүнүн) негизинде банктык операцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу банктар, банк эмес финансы-кредит уюмдар, ошондой эле кепилдик фонд менен кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзгөн "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААК жана бюджеттик кредиттөө жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган.
8) Эл аралык финансылык уюмдар - мамлекеттер аралык (эл аралык) макулдашуулардын негизинде түзүлүүчү, Кыргыз Республикасында каржылоону жүзөгө ашыруучу жана кепилдик фонд менен кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзгөн уюмдар.";
3) 5-пунктунун:
- биринчи абзацындагы "финансы-кредит уюму" деген сөздөрдөн кийин "/эл аралык финансылык уюму" сөздөр менен толукталсын;
- экинчи абзацындагы "финансы-кредит уюмдары" деген сөздөрдөн кийин "/эл аралык финансылык уюму" сөздөр менен толукталсын;
4) 7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"7. Кепилдик инструменттер кардардын финансы-кредит уюму/эл аралык финансылык уюм алдында милдеттенмелеринин бир бөлүгүнө кепилдик берүү саясатына ылайык берилет.";
5) 15-пункттун:
- тогузунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- бир карыз алуучунун финансылык оор абалы башка жактарда да кепилдик менен камсыздалган каржылоо келишимдери боюнча төлөөдө проблемалардын келип чыгышын шартташы ыктымал;";
- он биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- каржылоо юридикалык жакка да жана ошол юридикалык жактын катышуучусуна/уюштуруучусуна берилген болсо;";
- он төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- карыз алуучулар каржылоону жалпы ишканада же жалпы иште катышуу үчүн же экөө тең ошол эле бир экинчилик төлөө (камсыздоо) булагын пайдаланган жагдайды кошо алганда, ошол эле бир булак каржылоону төлөө пайдаланылса;";
6) 19-пунктундагы "финансы-кредиттик уюмунун" деген сөздөрдөн кийин "/эл аралык финансылык уюмунун" деген сөздөр менен толукталсын;
7) 26-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"26. Кепилдик фонддор кайра каржылоого кепилдиктер боюнча лимитти так сактоого тийиш. Кайра каржылоо кредиттери/ислам принциптерине ылайык каржылоо боюнча берилген кепилдиктердин жалпы суммасы кепилдик фондунун өздүк капиталынын 10 пайызынан ашпоого тийиш. Кайра каржылоо кредити/ислам принциптерине ылайык каржылоо боюнча кепилдиктер берилгенден кийин 180 күндүн ичинде алар боюнча мөөнөтү өткөн төлөмдөр жок болсо кепилдиктер бул ченемден алынып салынышы мүмкүн.";
8) 27-пунктундагы "Финансы-кредит уюму" деген сөздөн кийин "/эл аралык финансылык уюму" деген сөздөр менен толукталсын, "финансы-кредит уюмуна" деген сөздөрдөн кийин "/эл аралык финансылык уюмуна" деген сөздөр менен толукталсын;
9) 31-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"31. Кардар кепилдик менен камсыздалган милдеттенмени аткарбаган же талапка ылайык аткарбаган учурда кепилдик фонддун жоопкерчилиги кепилдик берүү саясатында, финансы-кредит уюмдар/эл аралык финансылык уюмдар менен кызматташуу жөнүндө макулдашууда жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат.";
10) 32-пункттун экинчи сүйлөмү алып салынсын;
11) 33, 34, 35 жана 36-пункттардагы "ФКУ" аббревиатурасынан кийин "/эл аралык финансылык уюму" деген сөздөр менен толукталсын;
12) 72-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"72. Улуттук банктын чечимдерине сотко чейин даттануу милдеттүү болуп саналат. Улуттук банк Башкармасынын сотко кайрылуу аркылуу чечилүүчү чечимдерин жана "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте каралуучу чечимдерин кошпогондо, Улуттук банктын бардык чечимдерине карата сотко чейин даттанууга жол берилет.".
13) 1-тиркеменин:
- 9-сабында:
3.А6 жана 3.А6-1-бөлүмдөрүнүн аталышындагы "кредиттер" деген сөздөр "каржылоо" дегенге алмаштырылсын;
3.А.7 жана 3.А.7-1-бөлүмдөрүнүн аталышындагы "кредиттер" деген сөздөр "каржылоо" дегенге алмаштырылсын;
- 10-сабында "ФКУ" аббревиатураларынан кийин "/ЭФУ" аббревиатуралары менен толукталсын;
14) 2-тиркеменин:
- 4 жана 18-тилкелердеги "ФКУ" аббревиатураларынан кийин "/ЭФУ" аббревиатуралары менен толукталсын;
- 4 жана 18-тилкелердеги "ФКО" аббревиатураларынан кийин "/МФО" аббревиатуралары менен толукталсын;
- 5 жана 31-тилкелердеги "кредиттик", "кредит" деген сөздөр "каржылоо" дегенге алмаштырылсын;
- 6, 7, 8, 9, 11, 19, 20-тилкелердеги "кредиттин" деген сөз "каржылоонун" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 5-тилкедеги "Кредиттик линия" деген сөздөр "Каржылоо линиясы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6, 7, 8, 9, 11, 18, 19, 20, 21, 31-тилкелердеги "кредиттин" жана "кредитке" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "каржылоо" дегенге алмаштырылсын;
- 11-тилкенин аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Каржылоо боюнча номиналдык пайыздык чен (үстөк баа/киреше, % түрүндө)/Номинальная процентная ставка (наценка/доход, в %) по финансированию";
15) 3-тиркеменин:
- 3.А1, 3.А1-1, 3.А2-бөлүмдөрүндөгү:
"кредиттердин" деген сөз "каржылоонун" дегенге алмаштырылсын;
"алар боюнча кредиттер" деген сөздөр "алар боюнча каржылоо" дегенге алмаштырылсын;
"кредиттер" деген сөз "каржылоо" дегенге алмаштырылсын;
"алар боюнча колдонуудагы кредиттер (отчёттук күнгө карата)," деген сөздөр "алар боюнча колдонуудагы каржылоо (отчёттук күнгө карата)," дегенге алмаштырылсын;
- 3.А6 жана 3.А6-1-бөлүмдөрүндө "кредиттер" деген сөздөр "каржылоо" дегенге алмаштырылсын, "алар боюнча кредиттер" деген сөздөр "алар боюнча каржылоо" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3.А7 жана 3.А7-1-бөлүмдөрүндө "кредиттер" деген сөздөр "каржылоо" дегенге алмаштырылсын, "алар боюнча колдонуудагы кредиттер (отчёттук күнгө карата)," деген сөздөр "алар боюнча колдонуудагы каржылоо (отчёттук күнгө карата)," деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4, 4.A1, 4.А2, 4.Б1, 4.Б2, 4.B1, 4.В2, 4.Г1, 4.Г2, 10, 14 жана 15-бөлүмдөрүндө:
- "ФКУ" аббревиатураларынан кийин "/ЭФУ" аббревиатуралары менен толукталсын;
- "ФКУнун" аббревиатураларынан кийин "/ЭФУнун" аббревиатуралары менен толукталсын;
- "ФКО" аббревиатураларынан кийин "/МФО" аббревиатуралары менен толукталсын;
- "кредиттер", "кредиттери", "кредит" деген сөздөр "каржылоо" дегенге алмаштырылсын;
- "кредиттин" деген сөздөр "каржылоонун" дегенге алмаштырылсын;
- "Кепилдик менен камсыздалган, берилген кредиттер" деген сөздөр "камсыздалган каржылоо" дегенге алмаштырылсын;
- "кредит" деген сөз "каржылоо" дегенге алмаштырылсын;
- "камсыздалган кредит" деген сөздөр "камсыздалган каржылоо" дегенге алмаштырылсын;
- "ФКУ-өнөктөштөрдүн кепилдик менен камсыздалган колдонуудагы кредиттери (отчёттук күнгө карата)" деген сөздөр "ФКУ/МФУ-өнөктөштөрдүн кепилдик менен камсыздалган колдонуудагы каржылоосу (отчёттук күнгө карата)" дегенге алмаштырылсын.