КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айылдык Кеңешинин кезектеги ХI-сессиясынын отуруму
2025-жылдын 10-октябры № 88
“Кулунду айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен компенсация төлөө жөнүндө”
Кулунду айылдык кеңешинин Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г. Исакованын жана Кулунду айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси А. Гайназаровдун баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексине” ылайык айылдык кеңештин кезектеги XI-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап, талкуулап, Кулунду айылдык кеңешинин XI-сессиясынын отурумунун №11-протоколунун чечиминин 2-бөлүмүнүн 4-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кулунду айыл аймагына караштуу №376 контурундагы 11,19 га жердин ичинен 7,5 га жер, №368 контурундагы 2,2 га жер мамлекеттик жана коомдук муктаждык үчүн алынган “№31 Кесиптик лицейи” мекемесинин мөөнөтсүз пайдалануусундагы жер тилкелеринен жыйналуучу беде пресске компенсация катары 1000 даана беде пресс, баасы 380 (үч жүз сексен) сомдон 380000 (үч жүз сексен миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин 2025-жылга карата кошумча түшкөн акча каражаттар эсебинен же 2026-жылдын бюджетинин эсебинен төлөнүп берилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
- Көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Досов |