Редакцияот 10.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айылдык Кеңешинин кезектеги ХI-сессиясынын отуруму

 

2025-жылдын 10-октябры № 93

 

 “1,0 га токой чарба жер тилкесин “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-беренесине ылайык Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысы М. К. Абдухамитовдун билдирүүсүн угуп, Кулунду айылдык кеңешинин кезектеги  XI-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап, талкуулап, Кулунду айылдык кеңешинин XI-сессиясынын отурумунун №11-протоколунун чечиминин 11-пунктунун негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу Булак-Башы айылынын чыгыш тарабындагы “Таза суу” долборуна суу сактагыч (резервуар) куруу үчүн 0,50 га жана Кудук (скважина) үчүн 0,50 га, жалпысынан Лейлек Токой чарбасына караштуу “Булак- Башы” токойчулугунун аймагындагы “Ак-Сай” (сельхоз химия) капчыгайында жайгашкан №5-кварталдын № 23 выделинен 1,0 га токой чарба жер тилкесин “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын,  энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин жана программасы бекитилсин.
  2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына   милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча  туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

  

Төрага

А.А.Досов