Редакцияот 12.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айылдык Кеңешинин кезектеги ХII-сессиясынын отуруму

 

2025-жылдын 12-декабры № 95

 

 “Кулунду айылынын К. Ниязматов көчөсүнүн №33 дарегиндеги 8-03-07-1001-0488 идентификация кодундагы Г. Ниязматованын жеке менчик жеринин багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө”

Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б. Абдуллатип уулунун баяндамасын жана Кулунду айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Маликовдун маалыматын угуп, айылдык кеңештин кезектеги ХII-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктуна ылайык, Кулунду айылдык кенеши ХII-сессиясынын отурумунун №12-протоколунун чечиминин 1-бөлүмүнүн 2-пунктунун негизинде

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кулунду айылынын К. Ниязматов көчөсүнүн №33 дарегиндеги 8-03-07-1001-0488 идентификация кодундагы Г. Ниязматованын жеке менчик 1500,0 чарчы метр турак жай багытындагы жер участогун элге кызмат көрсөтүүчү соода борборун курууга жана жер участок багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
  2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

  

Төрага

А.А.Досов