Редакцияот 12.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айылдык Кеңешинин кезектеги ХII-сессиясынын отуруму

 

2025-жылдын 12-декабры № 96

 “Интернационал айылынын чыгыш тарабындагы 8-03-07-1003-0035 идентификация кодундагы жеке менчик жердин багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө”

Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б. Абдуллатип уулунун баяндамасын жана Кулунду айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Маликовдун маалыматын угуп, айылдык кеңештин кезектеги ХII-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктуна ылайык, Кулунду айылдык кенеши ХII-сессиясынын отурумунун №12-протоколунун чечиминин 1-бөлүмүнүн 4-пунктунун негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Интернационал айылынын чыгыш тарабындагы 8-03-07-1003-0035 идентификациялык кодундагы Маражанов Кодиржондун 2,2 га көп жылдык мөмө жемиш бак жеринин ичинен 0,22 га жерине элге кызмат көрсөтүүчү эс алуучу жай (кафе) куруу үчүн  “Айыл чарба багытындагы” бак түрүндөгү жер категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттар” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин жана программасы бекитилсин.
  2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

  

Төрага

А.А.Досов