Редакцияот 12.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айылдык Кеңешинин кезектеги ХII-сессиясынын отуруму

 

2025-жылдын 12-декабры № 97

 “Кулунду айыл аймагынын Ак-Арык айылынын 0,10 га токой тилкесин бир багыттан экинчи бир багытка которуу (трансформациялоо) жана программасын бекитүү жөнүндө”

Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б. Абдуллатип уулунун баяндамасын жана Кулунду айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Маликовдун маалыматын угуп, айылдык кеңештин кезектеги ХII-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесине ылайык Кулунду айылдык кеңеши Кулунду айылдык кеңешинин кезектеги XII сессиясынын отурумунун №12 протоколунун чечиминин 1-бөлүмүнүн 3-пунктунун негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кулунду айыл аймагынын Ак-Арык айылынын чыгыш тарабындагы 0,10 га токой тилкесин Раззаков жаңы конушуна суу сактоочу жай орнотуу үчүн “Айыл чарба багытындагы” жер категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттар” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин жана программасы бекитилсин.
  2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
  3. Көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. 

 

  

Төрага

А.А.Досов