ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин кезектеги 10- сессиясы
2025-жылдын 29-декабры №48
Көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө
“Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрдү көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү туралуу” №502 токтомун жетекчилике алып, ошондой эле айылдык кеңештин бюджет, инвестиция, экономика, ишкердик иштери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып Исхак-Полотхан айылдык кеңеш, токтом кылат:
- “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү туралуу” №502 токтомдун жобосуна негиз Исхак-Полотхан айыл аймакта көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо тартиби аткарууга алынсын.
- Токтомду мыйзамда белгиленген тартипте аткарууга алуу, Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Искендеровго милдеттендирилсин.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарына жарыялансын.
- Ушул токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, инвестиция, экономика, ишкердик иштери жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Г.Матажиев |