Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 26-январы № 26
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 7-февралындагы № 64 «Илимий жана
илимий-техникалык уюмдардын кызматкерлерине эмгек
акы төлөө шарттары жана штаттык саны жөнүндө»
токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын «Э. Гареев атындагы ботаникалык багы» илимий-изилдөө институту» мекемесинин ишин камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-февралындагы № 64 «Илимий жана илимий-техникалык уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жана штаттык саны жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 1-тиркеме ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
– 2026-жылга республикалык бюджетте илим системасынын кызматкерлеринин штаттык санын көбөйтүүгө кошумча ассигнованиелерди карасын;
– «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 27-январындагы № 5 (3765) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |
| Тиркеме |
| «1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын илимий жана илимий-
техникалык уюмдарынын кызматкерлеринин
штаттык санынын чеги
№ | Мекеменин аталышы | Штаттык бирдиктин саны | |||
Административдик башкаруучу персонал | Негизги персонал | Кенже жана техникалык тейлөөчү персонал | Бардыгы | ||
1 | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун аппараты |
9,25 |
29 |
16,25 |
54,5 |
2 | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий мекемелери |
140,25 |
1069 |
258,25 |
1467,5 |
3 | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин Илим фонду аркылуу каржылануучу илимий жана илимий- техникалык уюмдар |
115,5 |
865,5 |
173,2 |
1154,2 |
| Эскертүү. 1. Төмөнкү катыштар белгиленсин: – илимий жана илимий-техникалык уюмдардын штаттык санын кызматкерлердин жалпы санына жараша бөлүштүрүүдө: административдик-башкаруучу персонал – 10 %дан көп эмес, негизги персонал – 75 %дан кем эмес, кенже жана техникалык тейлөөчү персонал – 15 %дан көп эмес; – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун аппаратынын штаттык санын кызматкерлердин жалпы санына жараша бөлүштүрүүдө: административдик-башкаруучу персонал – 17 %дан көп эмес, негизги персонал – 53 %дан кем эмес, кенже жана техникалык тейлөөчү персонал – 30 %дан көп эмес; – «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын «Э. Гареев атындагы ботаникалык багы» илимий-изилдөө институту» мекемесинин штаттык санын кызматкерлердин жалпы санына жараша бөлүштүрүүдө: сезондук кызматкерлерди кошпогондо, административдик-башкаруучу персонал – 5 %дан көп эмес, негизги персонал – 40 %дан кем эмес, кенже жана техникалык тейлөөчү персонал – 55 %дан көп эмес. 2. «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын «Э. Гареев атындагы ботаникалык багы» илимий-изилдөө институту» мекемеси өндүрүштүк зарылчылык болгон учурда 24 бирдикке чейин сезондук кыматкерлерди тарта алат.» | ||||