Загрузка документа…
ШАМАЛДУУ-САЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шамалдуу-Сай шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезексиз II сессиясы
2024-жылдын 20-декабрындагы №3
«Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин алдындагы туруктуу комиссиялардын курамдарын жана төрагаларын бекитүү жөнүндө»
Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин алдындагы туруктуу комиссиялардын курамдарын жана төрагаларын бекитүү тууралуу шаардык Кенештин төрагасынын орун басары З. Кенешовдун маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин II чакырылышынын кезексиз 2- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин алдындагы туруктуу комиссиялардын курамдарын жана төрагаларын бекитүү тууралуу шаардык Кенештин төрагасынын орун басары З. Кенешовдун маалыматы эске алынсын.
2. Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин алдындагы туруктуу комиссиялардын курамдары жана төрагалары № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
/тиркеме тиркелет/
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн сунуштоо жагы шаардык мэриянын аппарат жетекчисине милдеттендирилсин.
4. Токтом Шамалдуу-Сай шаарынын www.shamalduusaykenesh.el.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин төрагасынын орун басарына (З. Кенешовго) жүктөлсүн.
Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы: |
З.А. Сатаров |