Загрузка документа…
ШАМАЛДУУ-САЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шамалдуу-Сай шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезексиз III сессиясы
2025-жылдын 23-январындагы №2
«Шаардык бюджетти бекитүү жөнүндө»
Шамалдуу-Сай шаарынын жергиликтүү бюджетин бекитүү максатында ошондой эле 2024-жылдан калган калдыкты бөлүштүрүү боюнча шаардык кеңештин “Экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын” төрагасы шаардык кеңештин депутаты А.С.Джумаевдин берген корутундусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик адмиинстрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексин” жетекчиликке алып Шамалдуу-Сай шаардык Кенешинин II-чакырылышындагы кезексиз III-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Шамалдуу-Сай шаардык Кенешинин “Экономика жана бюджет боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусу эске алынсын Шамалдуу-Сай шаарынын бюджети 35 066 500 (отуз беш миллион алтымыш алты миң беш жүз) сом менен бекитилсин жана тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн. /тиркеме тиркелет/
2.2025-жылдын 1-январына кассалык накталай жүргүзүүнүн суммасы 300 000 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3.2025-жылдын жыл башында калган 12 234 100 (он эки миллион эки жүз отуз төрт мин бир жүз) сом калдык акча каражаты 2025-жылга төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:
Шамалдуу-Сай шаардык мэриясындагы балдар бакчаларынын дары дармектери үчүн - 30,0
Шамалдуу-Сай шаардык мэриясындагы балдар бакчаларынын чарба буюмдары үчүн - 147,0
Технадзор кызматы үчүн 500,0
Ноокен архитектура баштапкы планды жасатуу иштерине – 450,0
Мэриянын чарба буюмдары үчүн – 20,0
Союз МСУга - 55,0
Долбоорлор учун (ПСД) - 1134,6
ДМСке күйүүчү майга - 74,0
Ноокен СЭС дезинфекция кызматы үчүн (мектеп,садиктер) – 45,0
Шамалдуу-Сай шаардык мэриясына караган 3мектеп, 4 балдар бакчасына видео көзөмөл орнотууга – 1300,0
Шаардын борбордук көчөлөрүнө көзөмөл орнотууга – 500,0
Южная көчөсүнүн саркынды түтүкчөлөрүн алмаштырууга – 450,0
Жөө өтүүчү өтмөктөрдү жанылоого 107,0
Ылдамдыкты азайтуучу жатак өтмөгүн орнотууга асфальт үчүн – 30,0
Мектептерден окууга сапар чыгымдары үчүн-20,0
Шаардын көчөлөрүндөгү ажатканаларды курууда өздүк салымы үчүн – 2050,0
Шаардын тазалыгын сактоо максатында ММДны техника менен камсыз кылуу үчүн өздүк салымына – 3128,5
Теремок балдар бакчасынын чатырын алмаштыруу үчүн – 492,3
Картридж заправкалоого – 105,0
Түрдүү чыгымдарга - 1295,7
5. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн сунуштоо жагы шаардык мэриянын аппарат жетекчисине милдеттендирилсин.
6. Токтом Шамалдуу-Сай шаарынын www.shamalduusaykenesh.el.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин «Экономика жана бюджет» боюнча туруктуу комиссиясына (А.Джумаев) жүктөлсүн
Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы: |
З.А. Сатаров |