АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
28-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин кезектеги 6-сессиясынын
2021-жылдын 16-ноябры № 6-2
Ак-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин бекитилген киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.
Ак-Коргон айылдык Кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги 6- ссессиясы айыл өкмөттүн 2021-жылдын 9 айында жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча келип түшкөн кирешелердин эсебинен өзгөртүүлөр киргизүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ак-Коргон айылдык Кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы айыл өмөттүн 2021-жылдын 9 айында жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө киреше салыгынан 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом, ыктыярдуу патенттүүлүккө 100 000 (жүз миң) сом, айыл чарба багытында эмес жер салыгынан 290 000 (эки жүз токсон миң) сом, лицензия кармоо үчүн төлөөдөн 50 000 (элуу миң) сом, айыл чарба багытында эмес жерлерди сатүүдөн 90 000 (токсон миң) сом бардыгы болуп 2 030 000 (эки миллион отуз миң) сом кошумча келип түшкөн кирешелердин эсебинен справка уводемления негизинде өзгөртүүлөр киргизүүгө макулдук берилсин. (справка уводемления тиркелет).
2.Токтом аkkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
3.Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл Кеңешинин катчысына жүктөлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Коргон айыл Кеңешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык Кеңештин төрагасы: |
| Т. Туманбаев |