Загрузка документа…
ШАМАЛДУУ-САЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шамалдуу-Сай шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 27-февралындагы №1
«Шаардык мэриянын 20.02.2025-жылдагы “2025-2027-жылдардын салыктык мезгили үчүн турак жай жана жайга мүлк салыгынын ставкаларын бекитип берүү тууралуу” №01-17/386 кайрылуу каты жөнүндө»
Шаардык мэриянын 20.02.2025-жылдагы “2025-2027-жылдардын салыктык мезгили үчүн турак жай жана жайга мүлк салыгынын ставкаларын бекитип берүү тууралуу” №01-17/386 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Джумаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин II чакырылышынын кезексиз 4- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 20.02.2025-жылдагы “2025-2027-жылдардын салыктык мезгили үчүн турак жай жана жайга мүлк салыгынын ставкаларын бекитип берүү тууралуу” №01-17/386 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Джумаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинини 379, 380-беренелерине ылайык, Шамалдуу-Сай шаарынын аймагында жайгашкан турак жай имараттары жана жайлары үчүн мүлк салыгынын 2025-2027-жылдарга базалык салыктык наркы 1 квадрат метри 15 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Токтомду аткаруу жана массалык маалымат каражаттары аркылуу маалымдоо, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы райондук/шаардык салык башкармалыгына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык мэриянын аппарат жетекчисине (Ж. Таштанбекова) милдеттендирилсин.
5. Токтом Шамалдуу-Сай шаарынын массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Джумаев) жүктөлсүн.
Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы: |
З.А. Сатаров |