АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
28-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин кезектеги 6-сессиясынын
2021-жылдын 16-ноябры № 6-3
Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 2022-2023-2024-жылдарга карата жергиликтүү бюджеттин жана атайын төлөм каражаттарын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн божомолдуу долборун бекитүү жөнүндө
Ак-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Г.Хамрабаевдин Кыргыз Республикасынын финансы министирлигинын 33-2/2762 катынын негизинде Ак-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-2023-2024-жилдарга жергиликтүү бюджетинин жана атайын төлөм каражаттарынын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн божомолдуу долборун түзүлүшү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Коргон айылдык Кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги 6- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 2022-2023-2024- жылдарга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн божомолдуу долбору 2022-жылга 25 025.8 миң сом, 2023-жылга 25 076.5 миң сом, 2024-жылга 25145.5 миң сом, атайын төлөм каражаттары 2022-жылга 2 200,0 миң сом, 2023-жылга 2 200,0 миң сом, 2024-жылга 2 250,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Хамрабоевге милдеттендирилсин.
3.Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин катчысына жүктөлсүн.
5.Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы эканомикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык Кеңештин төрагасы: |
| Т. Туманбаев |