Загрузка документа…
ШАМАЛДУУ-САЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шамалдуу-Сай шаардык кеңешинин II чакырылышынын
I уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 27-ноябрындагы №1
«Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин төрагасын шайлоо жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 40- беренесине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентине ылайык, Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы боюнча эсептөө комиссиясынын төрагасы С. Сырдыбаевдин билдирүүсүн угуп, Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин II чакырылышынын I уюштуруу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Депутат Сатаров Залкарбек Артыкалыевич Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы болуп шайлансын.
2.Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык мэриянын аппарат жетекчисине милдеттендирилсин.
3.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы: |
З.А. Сатаров |