Загрузка документа…
ШАМАЛДУУ-САЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шамалдуу-Сай шаардык кеңешинин II чакырылышынын
I уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 27-ноябрындагы №3
«Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин төрагасынын орун басарын (коомдук башталышта) шайлоо жөнүндө.»
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 41-беренесине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентине ылайык, Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин төрагасынын орун басарын (коомдук башталышта) шайлоонун жыйынтыгы боюнча эсептөө комиссиясынын төрагасы С. Сырдыбаевдин билдирүүсүн угуп, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин II чакырылышынын I уюштуруу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Депутат Кенешов Залкар Кенешович Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин төрагасынын орун басары (коомдук башталышта) болуп шайлансын.
2.Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык мэриянын аппарат жетекчисине милдеттендирилсин.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы: |
З.А. Сатаров |