Редакцияот 16.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

28-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин кезектеги 6-сессиясынын

 

2021-жылдын 16-ноябры № 6-5

Ак-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн админстративдик имаратын капиталдык ондоо чаралары жөнүндө

 

Ак-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн админстративдик имаратын капиталдык оңдоо максатында Ак-Коргон айыл Кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ак-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн административдик имаратын капиталдык оңдоо үчүн Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинын стимул грантына жактырылган долбору үчүн 2022-жылдын бюджетинин эсебинен талап кылынган акча каражаты бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Тиешелүү документтерди тактап берүүнү айыл өкмөтүнүн финансы маселелери боюнча башкы адиси Г.Хамрабаевге тапшырылсын.

3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.

4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн.

5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл Кеңешинин финансы экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Айылдык Кеңештин төрагасы:

 

Т.Туманбаев.