Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-декабрындагы № 774 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын салттуу билимдеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү ТАРТИБИ
1-глава. СБ мамреестрине салттуу билимдерди каттоо тартиби
1. Кыргыз Республикасынын салттуу билимдеринин мамлекеттик реестри (мындан ары - СБ мамреестри) салттуу билимдерди жана салттуу билимдерди пайдалануу укугун берүүнү же катталган салттуу билимдерди пайдалануу укугун берүүнү, ошондой эле алардын укуктук статусун өзгөртүү жөнүндө маалыматтарды каттоо үчүн арналган расмий документ болуп саналат.
2. СБ мамреестри ар бир бети номерленген, көктөлгөн жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинде (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) туруктуу сакталууга тийиш болгон китепти билдирет.
3. СБ электрондук мамлекеттик реестри - бул Кыргыз Республикасында укуктук коргоо бериле турган корголуучу салттуу билимдерди, ошондой эле алардын укуктук статусунун бардык өзгөрүүлөрүн каттоо үчүн арналган жалпыга жеткиликтүү маалыматтар базасы.
4. Өтүнмө ээсинин арызы боюнча электрондук коргоо документи (салттуу билимге күбөлүк) берилет.
5. СБ мамреестрине салттуу билим жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп салттуу билимди жана аны пайдалануу укугун берүүнү каттоо жөнүндө чечим же СБ мамреестринде салттуу билим катталган учурда, катталган салттуу билимди пайдалануу укугун берүү жөнүндө чечим жана каттоо, жарыялоо жана күбөлүк берүү үчүн белгиленген алымды төлөө эсептелет.
6. Салттуу билимди каттоодо жана аны пайдалануу укугун берүүдө же катталган салттуу билимди пайдалануу укугун берүүдө СБ мамреестрине төмөнкү маалыматтар киргизилет:
1) салттуу билимди каттоо номери/аны пайдалануу күбөлүгүнүн жана укугунун же катталган салттуу билимди пайдалануу укугунун номери;
2) салттуу билимди жана аны пайдалануу укугун же катталган салттуу билимди пайдалануу укугун каттоо датасы;
3) салттуу билимди пайдалануу укугуна же катталган салттуу билимди пайдалануу укугуна күбөлүктү колдонуу мөөнөтү бүткөн дата;
4) салттуу билимди каттоого жана аны пайдалануу укугун берүүгө өтүнмөнүн же катталган салттуу билимди пайдалануу укугун берүүгө өтүнмөнүн номери;
5) салттуу билимди каттоого жана аны пайдалануу укугун берүүгө өтүнмө же катталган салттуу билимди пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө берилген дата;
6) салттуу билимдин аталышы;
7) билдирилген салттуу билимдин сыпаттамасы;
8) күбөлүктүн ээси жөнүндө маалыматтар: юридикалык жактын толук аталышы, анын турган жери же жеке жактын аты-жөнү, анын жашаган жери (турган жери);
9) өтүнмө ээсинин өкүлүнүн аты-жөнү;
10) кат алышуу үчүн дарек;
11) салттуу билимди каттоо жана аны пайдалануу укугун берүү же катталган салттуу билимди пайдалануу укугун берүү жөнүндө маалыматтар жана күбөлүктү берүү жөнүндө маалыматтар жарыяланган дата.
7. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чечим чыгарылгандан кийин бир айдын ичинде:
1) СБ мамреестрине салттуу билим жана аны пайдалануу укугун берүү же катталган салттуу билимди пайдалануу укугун берүү жөнүндө маалыматтарды киргизет;
2) катталган салттуу билим жөнүндө жана аны пайдалануу укугун берүү же катталган салттуу билимди пайдалануу укугун берүү жөнүндө маалыматтарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган көлөмдө жарыялоого жөнөтөт;
3) күбөлүк ээсине же өкүлүнө салттуу билимге жана аны пайдалануу укугун берүүгө же катталган салттуу билимди пайдалуу укугун берүүгө күбөлүктү тапшырат же алардын почта дарегине жөнөтөт.
2-глава. СБ мамреестрине өзгөртүүлөрдү жана кошумча маалыматтарды киргизүү тартиби
8. СБ мамреестрин жүргүзүү процессинде ага төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана кошумча маалыматтар киргизилет:
1) күбөлүктүн ээсинин аталышын же аты-жөнүн өзгөртүү жана/же анын жашаган жеринин/турган ордунун дарегин өзгөртүү жөнүндө;
2) күбөлүктү колдонууну токтотуу жөнүндө;
3) күбөлүктү колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө;
4) анык жана техникалык каталарды оңдоо жөнүндө;
5) күбөлүктүн дубликатын берүү жөнүндө.
9. СБ мамреестрине күбөлүктүн ээсинин аталышын же аты-жөнүн жана/же анын жашаган жеринин/турган жеринин дарегин өзгөртүү жөнүндө маалыматтар киргизилет.
10. Күбөлүктүн ээсинин аталышын же аты-жөнүн жана/же анын жашаган жеринин (турган жеринин) дарегин өзгөртүү жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп күбөлүктүн ээсинин же өкүлүнүн арызы эсептелет.
11. Арыз мамлекеттик же расмий тилде берилет, ага күбөлүктүн ээси же дайындалган болсо, өкүлү кол коет. Юридикалык жактын атынан арызга уюмдун жетекчиси же белгиленген тартипте ыйгарым укук берилген башка жак, аты-жөнүн, кызмат ордун көрсөтүү менен кол коет жана мөөр басат.
12. Арыз ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга түздөн-түз, почта дарегине же электрондук почтасынын дарегине берилет.
13. Арыз төмөнкүдөй маалыматтарды камтышы керек:
1) күбөлүктүн номери;
2) катталган датасы;
3) салттуу билимдин аталышы;
4) күбөлүктүн ээсинин мурдагы жана жаңы аты-жөнү же аталышы жана дареги.
14. Арызга төмөнкүдөй документтер тиркелет:
1) өзгөртүүлөрдүн укуктуулугун ырастаган документтин көчүрмөсү;
2) белгиленген алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ;
3) арыз өкүл аркылуу берилген учурда күбөлүктүн ээси тарабынан өкүлгө берилген ишеним кат.
15. Күбөлүктүн ээсинин турган жерин же жашаган жерин өзгөртүү жөнүндө арызга компетенттүү органдын(дардын) күбөлүктүн ээси катталган салттуу билимге дал келген географиялык объектте жайгашкандыгын ырастоочу корутундусу тиркелет.
16. Чет өлкөлүк жеке же юридикалык жактар, көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр болуп өткөн өлкөнүн мыйзамдарына ылайык өзгөртүүлөрдүн укуктуулугун ырастоочу документти көрсөтүшөт.
17. Кароо процессинде күбөлүктүн ээсине же өкүлүнө суроо-талап келип түшкөн датадан тартып эки айдын ичинде жетишпеген же тактоочу материалдарды берүү жөнүндө суроо-талап жөнөтүлүшү мүмкүн. Суроо-талап жөнөтүлгөн учурда документтерди кароонун мөөнөтү тиешелүү түрдө узартылат.
18. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган документтер ушул пунктчада белгиленген талаптарга ылайык келсе, арыз келип түшкөн датадан тартып бир айдын ичинде:
1) СБ мамреестрине жана күбөлүктүн кошумча барагына күбөлүктүн ээсинин жаңы аты-жөнүн же аталышын жана (же) дарегин киргизет;
2) киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматты жарыялоого жөнөтөт;
3) күбөлүктүн ээсине же өкүлүнө күбөлүктүн кошумча барагын тапшырат же анын почта дарегине жөнөтөт.
19. Эгер белгиленген мөөнөттө бардык зарыл, туура таризделген документтер берилбесе, өзгөртүүлөр киргизилбейт, бул тууралуу күбөлүктүн ээсине же өкүлүнө кабарланат.
20. СБ мамреестрине күбөлүктү колдонууну токтотуу жөнүндө маалыматтар киргизилет.
21. Күбөлүктү колдонууну токтотуу жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу саналат.
22. СБ мамреестрине күбөлүктү колдонууну токтотуу жөнүндө маалыматтар киргизилет "Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-статьясында белгиленген күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин күбөлүктү колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн алым белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн учурда.
23. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган буйрук чыгарылган датадан тартып бир айдын ичинде:
1) СБ мамреестрине күбөлүктү колдонууну токтотуу жөнүндө маалыматтарды киргизет;
2) СБ мамреестрине киргизилген күбөлүктү колдонууну токтотуу жөнүндө маалыматтарды жарыялоого жөнөтөт;
3) күбөлүктү колдонууну токтотуу жөнүндө кабарламаны тапшырат, анын почта дарегине же электрондук почтасынын дарегине жөнөтөт.
24. СБ мамреестрине күбөлүктүн колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө маалыматтар киргизүү.
25. Күбөлүктүн колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп күбөлүктүн ээсинин же анын ыйгарым укуктары белгиленген тартипте таризделген өкүлүнүн күбөлүктү колдонуунун акыркы жылынын ичинде берилген арызы саналат.
26. Күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү алым төлөнгөн шартта ар жолу он жылга узартылат. Күбөлүктүн колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн ээсинин же өкүлүнүн өтүнүч каты боюнча ага кошумча алым төлөнгөн шартта күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин алты айлык мөөнөт берилиши мүмкүн.
27. Арыз төмөнкүдөй маалыматтарды камтышы керек:
1) күбөлүктүн номери;
2) күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү;
3) күбөлүктүн ээсин көрсөтүү (юридикалык жактын аталышы же жеке жактын аты-жөнү);
4) күбөлүктүн ээсинин дареги.
28. Арызга төмөнкүдөй документтер тиркелүүгө тийиш:
1) белгиленген алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ;
2) күбөлүктүн ээси тарабынан өкүлүнө берилген ишеним кат.
29. Кароо процессинде күбөлүктүн ээсине же өкүлүнө суроо-талапты алган датадан тартып эки айдын ичинде жетишпеген же тактоочу материалдарды берүү тууралуу суроо-талап жөнөтүлүшү мүмкүн. Суроо-талап жөнөтүлгөн учурда документтерди кароонун мөөнөтү тиешелүү түрдө узартылат.
30. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган документтер ушул пунктчада белгиленген талаптарга ылайык келсе, арыз келип түшкөн датадан тартып бир айдын ичинде:
1) СБ мамреестрине күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү узартылган датаны киргизет;
2) күбөлүктүн колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө маалыматтарды жарыялоого жөнөтөт;
3) күбөлүктүн колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө күбөлүктүн кошумча барагын даярдайт;
4) күбөлүктүн колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө күбөлүктүн кошумча барагын тапшырат, күбөлүктүн ээсинин же өкүлдүн почта дарегине же электрондук почтасынын дарегине жөнөтөт.
31. СБ мамреестрине анык жана техникалык каталарды оңдоо жөнүндө маалыматтар киргизилет.
32. Анык жана техникалык каталарды оңдоо жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп күбөлүктүн ээсинин же ыйгарым укуктары белгиленген тартипте таризделген өкүлдүн арызы эсептелет.
33. Арыз оңдолгон анык жана техникалык каталар жөнүндө маалыматтарды камтышы керек.
34. Арыз мамлекеттик же расмий тилде берилет, ага күбөлүктүн ээси же дайындалган болсо, өкүлү кол коет. Юридикалык жактын атынан арызга уюмдун жетекчиси же белгиленген тартипте ыйгарым укук берилген башка жак, аты-жөнүн, кызмат ордун көрсөтүү менен кол коет жана мөөр басат.
35. Арыз ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга түздөн-түз, почта дарегине же электрондук почтасынын дарегине берилет.
36. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз келип түшкөн датадан тартып бир айдын ичинде:
1) СБ мамреестрине тиешелүү оңдоолорду киргизет;
2) СБ мамреестрине киргизилген оңдолгон анык жана техникалык каталар жөнүндө маалыматтарды жарыялоого жөнөтөт.
37. СБ мамреестрине салттуу билимге күбөлүктүн дубликатын берүү жөнүндө маалыматтарды киргизүү жана катталган салттуу билимди пайдалануу укугун жана пайдалануу укугун берүү жөнүндө күбөлүктүн дубликатын берүү.
38. Күбөлүк жоголгон же бузулган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган күбөлүктүн дубликатын берет.
39. Күбөлүктүн дубликатын берүү жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп күбөлүктүн ээсинин же ыйгарым укуктары белгиленген тартипте таризделген өкүлүнүн арызы эсептелет.
40. Арыз төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) күбөлүктүн номери;
2) күбөлүктүн каттоо датасы;
3) күбөлүктүн ээсинин аталышы же аты-жөнү;
4) салттуу билимдин аталышы.
41. Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
1) белгиленген алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ;
2) эгерде арыз өкүл аркылуу берилсе, ишеним кат.
42. Документтер ушул пунктчада белгиленген талаптарга ылайык келсе, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз келип түшкөн датадан тартып бир айдын ичинде:
1) СБ мамреестрине дубликат берилгендиги жөнүндө маалыматтарды киргизет;
2) дубликат берилгендиги жөнүндө кабарлоону жарыялоого жөнөтөт;
3) күбөлүктүн дубликатын тапшырат же почта дарегине жөнөтөт.
43. Күбөлүктүн дубликаты анда көрсөтүлгөн маалыматтардын курамы боюнча күбөлүктүн түп нускасына дал келет жана күбөлүктүн юридикалык күчүнө ээ.
44. Дубликат аны берүү учуруна карата колдонууда болгон үлгүнүн күбөлүгүнүн бланкында берилет, анда (кошумча баракта) оң жактагы жогорку бурчуна "Дубликат" деген мөөр басылат.
45. Дубликатты берүүдө күбөлүк юридикалык күчүн жоготкон деп эсептелет.